Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 18-октябрындагы № 227 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 22-июну ПЖ № 282
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлор бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жобо № 2 тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| N 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы № 282 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Коргоо министрлиги) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөргө (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) түздөн түз жетекчилик жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоо боюнча милдеттерди аткарууда Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын жана аскерлеринин күжүрмөн жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Коргоо министрлиги өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жак болуп эсептелет.
4. Коргоо министрлигине төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасын коргоого даярдоо жаатында мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
- коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актыларын өркүндөтүүгө катышуу жана алардын Куралдуу Күчтөрдө ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- мамлекетти куралдуу коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги алдында биргелешип аракеттенүү үчүн штабдарды, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын даярдоо;
- коргонууга тартылып жаткан Куралдуу Күчтөр, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары үчүн күжүрмөн жана мобилизациялык бирдиктүү системаны уюштуруу;
- Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын жана аскерлеринин күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн камсыздоо;
- аскердик кызматты өтөөнү, аскер кадрларын даярдоону жана аскердик илимди өнүктүрүүнү уюштуруу;
- Куралдуу Күчтөрдү курууну (өнүктүрүүнү), даярдоону жана колдонууну стратегиялык пландоого жетекчилик кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоону жана маанилүү мамлекеттик, аскердик жана чарбачылык объекттерди асмандан кол салуудан коргоону уюштуруу;
- Коргоо министрлигин ар тараптуу камсыздоону уюштуруу жана жетекчилик кылуу;
- Коргоо министрлигинин өздүк курамынын күжүрмөн даярдоону жана моралдык-психологиялык тарбия берүүнү жетектөө;
- курал-жарактарды жана аскердик техниканы өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик-техникалык саясатын жүргүзүү;
- Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктарын аныктоо, тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү финансылык жана ар тараптуу камсыздоонун бирдиктүү табыштамаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү, курал-жарактарды, аскердик техниканы жана мамлекетте жана аскерлерде материалдык каражаттардын запасын түзүүгө жана чогултууга катышуу;
- жамааттык коргонуу маселелери боюнча чет элдик мамлекеттердин аскердик ведомстволору, эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип терроризмге каршы турууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
- аскер кызматчылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматтан бошотулган адамдарды социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылуу.
5. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Коргоо министрлиги төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясынын, Аскердик доктринасынын, экономиканын мобилизациялык пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- Куралдуу Күчтөрдү даярдоо, колдонуу жана куруу (өнүктүрүү) пландарын; мобилизациялык пландарды; коргонуу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу пландарын, аскерлердин жана аскердик объекттердин жайгашуусун, Аймактык коргонуу планын жана Жобосун, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо планын иштеп чыгууга, камсыздоого жана ишке ашырууга жетекчилик кылуу;
- Коргоо министрлигинин ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоосун жетектөө;
- аскердик мезгилдеги аткаруу бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенип аскердик абалдын режимин кармап турууга катышуу;
- мобилизацияны уюштуруу жана жетектөө;
- аскердик кадрларды даярдоону уюштуруу жана камсыздоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн чет өлкөлөрдөгү аскер атташелеринин жана башка өкүлдөрүнүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- мамлекетти коргоого кеткен чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу;
- коргонууну камсыздоо боюнча мамлекеттик программалардын жана иш пландардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык коргонууну уюштуруу, мамлекеттик чек араны тосуу жана жарандык коргонуу системасында айрым тапшырмаларды аткаруу;
- террорго каршы операцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
- радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо чараларын иштеп чыгуу жана камсыздоо;
- Коргоо министрлигинин бирикмелериндеги, бөлүктөрүндөгү, мекемелериндеги жана окуу борборлорундагы күжүрмөн даярдыкты уюштуруу жана абалын текшерүү;
- окуу-материалдык базаны курууну жана өркүндөтүүнү жетектөө, аскерлерди күжүрмөн даярдыктын материалдык каражаттары, окуу жана көрсөтмө куралдары менен камсыз кылууну уюштуруу;
- Коргоо министрлигинин бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде спорттук-массалык иштерди уюштуруу;
- Коргоо министрлигинде мамлекеттик жана аскердик сырды сактоо боюнча иштерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана бул максаттар үчүн бөлүнгөн каражаттардын чегинде Коргоо министрлигинин муктаждыктары үчүн коргонуу жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерге, куралды жана аскердик техниканы, азык-түлүктү, буюм жана башка мүлктү, материалдык жана башка ресурстарды өндүрүүгө жана сатып алууга, ошондой эле келишим менен иштелүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө заказ түзүү, уюштуруу жана аларды келишимдин негизде каржылоо;
- аскер кийим формасын кийүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын пландарын (программаларын) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик багыттагы продукция менен, анын ичинде курал, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык жана ооруктук мүлк менен, экспорттук (сатуу), импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүргүзүү;
- мобилизациялык резервге жана мамлекеттик ылдыйлагыс запаска материалдык каражаттарды жыйноого жана түзүүгө катышуу;
- курал-жарактарга, аскердик техникага жана башка продукцияга жана аскердик арналыштагы кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле экологиялык коркунучтуу материалдарга экспорттук контролду жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аскердик арналыштагы продукция чыгарган ишканаларындагы аскердик өкүлчүлүктөрдүн ишин уюштуруу жана контролдоо;
- Коргоо министрлигинин бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде тарбия иштерин, моралдык-психологиялык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;
- Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын, жарандык персоналды, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүн социалдык-укуктук жактан коргоону камсыз кылуу боюнча иштерге жетекчилик кылуу;
- Коргоо министрлигинин бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин турак-жай-пайдалануу жактан камсыз кылууну, аскерлерди жайгаштырууну, капиталдык курууну, Коргоо министрлигинин казармалык-турак-жай объекттерин капиталдык жана күнүмдүк оңдоону уюштуруу жана пландаштыруу;
- баш ийүүдөгү бирикмелерди, бөлүктөрдү жана мекемелерди финансылык, техникалык жана ооруктук камсыз кылууну жүргүзүү, материалдык каражаттардын белгиленген аскердик запасын түзүү;
- аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-сатык-турмуштук, санаториялык-курорттук жана медициналык жактан камсыз кылууну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына аскердик-патриоттук тарбия берүүгө катышуу;
- коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө катышуу;
- Коргоо министрлигинин жана ага баш ийүүдөгү бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чарбалык жана башка ишмердүүлүктү уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында Коргоо министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Коргоо министрлигинин карамагындагы курал-жарактардын, аскердик техниканын жана башка мамлекеттик менчиктин сакталышын камсыз кылуу;
- аскердик илимди өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөөнү уюштуруу жана контролдоо;
- күжүрмөн уставдарды, Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлеринин түрлөрүн колдонуу боюнча колдонмолорду жана башка окуу-методикалык адабияттарды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик-эсепке алуу адистиги боюнча жарандарды даярдаган билим берүү уюмдарын келишимдик негизде окуу-материалдык база менен камсыз кылуу;
- аскердик адабияттарды жана колдонмолорду басып чыгаруу;
- Коргоо министрлигинин ишмердүүлүгүн маалыматтык-аналитикалык жактан камсыз кылуу;
- жеке жана юридикалык жактардын суроо талабы боюнча маалыматтарды (мамлекеттик жашыруун сырларды жана жашыруун маалыматтарды кошпогондо) берүү;
- аскердик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткаруу.
6. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Коргоо министрлигинин алкагында жана Куралдуу Күчтөрдүн масштабында аскердик башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.
Тынчтык убакта Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, коргоо министринин чечимдеринин негизинде Куралдуу Күчтөрдүн жана коргонууга тартылып жаткан мамлекеттик органдардын курулушун, даярдыгын, колдонуусунун стратегиялык пландаштырууну уюштурат жана өткөрөт, Кыргыз Республикасын коргонууга даярдоого жана пландаштырууга катышат.
Кыргыз Республикасынын башка башкы штабдарына жана мамлекеттик органдарынын штабдарына карата жогору турган штабдын функциясын аткарат.
Коркунуч мезгилинде жана аскердик убакта Башкы штаб Президентке Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысына мобилизациялоодо, ыкчам жайылтууда жана согуш аракеттеринин жүрүшүндө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө жетекчилик кылууну камсыз кылат.
Аскердик абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу органы болот.
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө башка функциялар жана жоболор Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө Жободо аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин Кыргыз Республикасынын коргоо министри жетектейт (мындан ары - коргоо министри), аны кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
8. Кыргыз Республикасынын коргоо министри Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аркылуу Куралдуу Күчтөрүн жалпы башкарууну жүргүзөт.
Коргоо министри Коргоо министрлигинин жана ага баш ийген бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин бардык өздүк курамынын түздөн-түз зардалы болуп эсептелет, Коргоо министрлигине жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына жеке өзү жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жеке башкаруучулук негизде өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзөт.
9. Коргоо министри кароого жана бекитүүгө төмөнкүлөрдү берет:
а) Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруунун (өнүктүрүүнүн), колдонуунун, мобилизациялык жайылтуунун планын; коргонуу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу планын, аскерлердин жана аскердик объекттердин жайгашуусун, Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуусунун, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун пландарын, Коргоо министрлигинин башкаруу органдарын, бирикмелерин, аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин мобилизациялоого жана күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө коргоо министринин чечимдерин жана аймактык коргонуу жөнүндө Жобону;
- Куралдуу Күчтөрдүн аймактык түзүлүштөрүн, Борбордук аппаратта жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабында Башкы башкармалыктарды түзүү, иштеши жана жоюу боюнча, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жалпы саны боюнча, жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскердик кызмат орундардын санын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерине ылайык аскердик контингенттерди аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн курамына бөлүп берүү боюнча сунуштарды;
- коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын коргонуу муктаждыктары үчүн ассигнациялоо жана аскердик программаларды каржылоо жөнүндө сунуштарды;
- жаңы, модернизацияланган курал-жарактардын, аскердик техниканын үлгүлөрүн куралданууга алуу (жабдуу, эксплуатациялоо) жөнүндө, ошондой эле эски үлгүдөгүлөрдү куралдануудан (жабдуудан, эксплуатациялоодон) чыгаруу жөнүндө сунуштарды;
- коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун;
- аскердик-окуу жайларды, жогорку окуу жайларынын алдындагы аскер кафедраларын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө, аскердик-каттоо адистиктери боюнча жарандарды жана офицердик кадрларды даярдоонун тартиби боюнча сунуштарды;
- Кыргыз Республикасынын мобилизациялык резервинде жана мамлекеттик ылдыйлагыс запасында болгон курал-жарактардын, аскердик техниканын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын запасын түзүү, жыйноо жана чыгымдоо ченемдери боюнча сунуштарды.
10. Коргоо министринин ыйгарым укуктары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасына куралдуу күтүүсүз кол салуу болгон учурда Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине тез арада билдирип) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын ар кандай деңгээлдерине келтирет, Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялык жайылтуунун планын жана колдонуунун планын колдонууга киргизет, Куралдуу Күчтөрдүн өзүнчө бирикмелерин, бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн пайдаланууга буйрук берет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Куралдуу Күчтөрдүн катарынан кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн альтернативдик кызматтын жана чакыруу боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын бошотуу жөнүндө, жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө буйрук чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына коргонуу маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт жана берет;
- коргонуу маселелери боюнча аскердик башкаруу органдары менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн, бирикмелердин, бөлүктөрдүн, мекемелердин, аскер комиссариаттарынын уюштуруу-штаттык түзүмүн бекитет;
- Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын башкармалыктары жана өзүнчө бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, коргоо министринин орун басарларынын жана Коргоо министрлигинин башка кызматтык адамдарынын милдеттерин бөлүштүрөт;
- Коргоо министрлигинин кызыкчылыгында министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан аткарылып жаткан курал-жарактардын жана аскердик техниканын үлгүлөрүн чыгаруу жана өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программасын бекитет;
- курал-жарактардын жана аскердик техниканын негизги түрлөрүнө, капиталдык салымдарга жана башка материалдык-техникалык каражаттарга болгон заказдардын көлөмүн бөлүштүрүүнү бекитет;
- Коргоо министрлигинде жана ага баш ийген бирикмелерде, бөлүктөрдө жана мекемелерде курал-жарактарды, аскердик техниканы, башка материалдык каражаттарды эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт;
- курал-жарактардын, аскердик техниканын, ок-дарылардын жана материалдык техникалык каражаттардын белгиленген запасын түзүүнүн, жыйноонун жана чыгымдоонун ченемдерин, атайын тапшырмаларды аткарган же өзгөчө климаттык шарттарда болгон өзүнчө категориядагы аскер кызматчылары үчүн буюм мүлкүн пайдалануунун жана аны менен жабдуунун убактылуу ченемдерин жана азык-түлүк чен азыктарынын убактылуу ченемдерин бекитет;
- медициналык, ооруктук жана техникалык камсыздоонун пландарын, Коргоо министрлигинин казармалык-турак жай фондусунун объекттерин капиталдык куруунун, капиталдык жана күнүмдүк оңдоонун жылдык титулдук тизмелерин бекитет;
- Коргоо министрлигинде жана ага баш ийген бирикмелерде, бөлүктөрдө жана мекемелерде кадрдык иштерди жетектейт, кызматка дайындайт, кызматтык которулуулар боюнча маселелерди чечет, полковникке чейинки наамдарды кошкондо аскердик наамды ыйгарат жана офицердик курамдагы адамдарды жана прапорщиктерди аскер кызматынан бошотот;
- баш ийген аскер кызматчыларына карата Куралдуу Күчтөрдүн Тартип уставында көрсөтүлгөн укуктарды толук көлөмдө колдонот;
- Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын сыйлык курал менен сыйлайт;
- Коргоо министрлигинин жарандык персоналынын тынчтык жана согуш убагында иштөө тартибин аныктайт;
- Коргоо министрлигине бөлүнгөн акча каражаттардын колдонуусу үчүн контролдук жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөөнү жетектейт жана Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн жана жарандык персоналды социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылууну контролдойт;
- Коргоо министрлигин комплекттөө үчүн аскер кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруу иегиздерин аныктайт;
- эл аралык аскердик жана аскердик техникалык кызматташтык жаатында Коргоо министрлигинин ишин жетектейт;
- күжүрмөн даярдыктагы эң жакшы жетишкендиктери жана үлгүлүү аскердик тартиби үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө кошкон зор салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерин жана аскердик белгилерди уюштурат, ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана сыйлоо белгилерин, алардын баяндалышы жөнүндө жоболорду бекитет;
- белгиленген тартипте аскердик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүргүзөт жана кол коет.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо министри Коргоо министрлигинин жана баш ийген аскерлердин кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
12. Коргоо министринин төрт орун басары, анын ичинде экөө биринчи орун басары болот, алардын бирөөсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп эсептелет.
Коргоо министри жок болгон учурда анын милдеттерин коргоо министринин орун басарларынын бири аткарат.
13. Коргоо министринин орун басарлары коргоо министрине баш ийет. Алар берилген иш тармагындагы маселелерди чечүүгө, аларга түздөн-түз баш ийген бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгына жана ишмердүүлүгүн уюштурууга жоопкерчиликти тартышат.
Коргоо министринин орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү беришет.
14. Коргоо министрлигинде курамы 11 адамдан: коргоо министринен (коллегиянын төрагасы), анын орун басарларынан, Коргоо министрлигинин кызматтык башка адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүнөн турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын жеке курамы, кызмат орду боюнча анын курамына кирген коргоо министрин жана анын орун басарларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Коргоо министрлигинин коллегиясы өткөрүүчү отурумдарда аскердик башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүнүн, контролдоонун жана аткаруунун маселелери каралат, кызмат адамдарынын отчету угулат.
Коллегиянын иштөө тартиби коргоо министри бекиткен Коргоо министрлигинин коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
| N 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы № 282 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) масштабында аскердик башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.
Тынчтык убакта Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин (мындан ары - коргоо министри) чечимдеринин негизинде коргонууга тартылып жаткан Куралдуу Күчтөрдү жана мамлекеттик органдарды куруунун, даярдоонун, колдонуунун стратегиялык пландаштырууну уюштурат жана өткөрөт, Кыргыз Республикасын коргоону пландаштырууга жана даярдоого катышат.
Кыргыз Республикасынын башка башкы штабдарына жана мамлекеттик органдарынын штабдарына карата жогору турган штабдын функциясын аткарат. Коркунуч мезгилинде жана согуш убагында Башкы штаб Президенттин - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын мобилизациялоодо, ыкчам жайылтууда жана согуш аракеттеринин жүрүшүндө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө жетекчилик кылуусун камсыз кылат.
Аскердик абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу органы болуп эсептелет.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы башкы башкармалыктардан, башкармалыктардан жана өзүнчө бөлүмдөрдөн турат.
3. Башкы штаб өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, коргоо министринин буйруктарын жана директиваларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, бурчтуу штамптарына жана Куралдуу Күчтөрүнүн символикасы түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы бар бланкына жана өзүнүн ишине зарыл болгон башка реквизиттерге ээ.
5. Башкы штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасын коргоого тартылып жаткан Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык бирдиктүү системасын уюштуруу, алардын мобилизациялык, ыкчам жайылышын жана коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруусун камсыздоо;
- коргонуунун кызыкчылыгында чалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү, аскердик-саясый жана аскердик-стратегиялык абалды талдоо жана баа берүү, Кыргыз Республикасынын коргонуусун уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү курууну, даярдоону жана колдонууну пландаштыруу жана уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуусун уюштуруу;
- Куралдуу Күчтөрдү жана аймактык коргонуунун күчтөрүн тынчтык абалдан аскердик абалга которууну уюштуруу жана камсыздоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мобилизациялык даярдыгын, аскердик-окуп үйрөнгөн резервди даярдоону, материалдык каражаттардын аскердик запасын түзүүнү жана чогултууну жетектөө;
- экономиканы мобилизациялык даярдоону пландоого жана мамлекетте материалдык-техникалык каражаттардын запасын түзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоону жана мамлекеттик чек арасынын коргоону күчөтүүнү уюштуруу жана камсыздоо;
- коргоого тартылып жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдарынын жана аскерлеринин жана мамлекеттик органдарынын даярдыгын ыкчам (күжүрмөн) багытталышын эсепке алуу менен уюштуруу жана жетекчилик кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу жана байланыш системасын уюштуруу, тынчтык жана согуш убагында аскерлерди туруктуу башкарууну камсыздоо, аскердик абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын жана Коргоо кеңешинин ишин камсыздоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабын жана башкаруу пункттарын даярдоо;
- мамлекеттик жана аскердик сырды коргоону, аскерлерди башкаруунун жашырындуулугун жана байланыштын коопсуздугун камсыздоо, жашыруун жана жашыруун эмес иш жүргүзүүнү уюштуруу, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында радио жыштыктарды бөлүштүрүүгө катышуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарында жана аскерлерилде аскерлер кызматын жана аскер кызматынын коопсуздугун, күжүрмөн нөөмөтүн жана күжүрмөн кызматын уюштуруу;
- аскердик ташуулардын бардык түрлөрүн пландаштыруу, башкаруу жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүлөрүн уюштуруу, жамааттык коргонууну бирдиктүү ыкчам пландаштыруу, аскерлерди даярдоо жана камсыздоо маселелеринде эл аралык аскердик кызматташтыкка катышуу;
- кайра уюштуруу жана реформалоо боюнча уюштуруу-штаттык иш-чараларды пландаштыруу жана камсыз кылуу;
- тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү өздүк курам, курал-жарактар жана аскердик техникалар, ок-дарылар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен комплекттөөнү камсыз кылуу жана уюштуруу;
- башкаруу органдарынын жана аскерлердин коюлган тапшырмаларды аткаруусуна контролдук жүргүзүү.
6. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна мүмкүн боло турган аскердик коркунучтардын, түздөн-түз жана потенциалдуу коркунучтарды жоюу боюнча өздүк Куралдуу Күчтөрдүн курамын, түзүмүн, абалын, жайгашуусун жана мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана баа берүү;
- аскердик коркунучтун адекваттуу даражасынын жана Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен Куралдуу Күчтөрдүн курамы, түзүмү, саны, жайгашуусу жана милдеттери боюнча сунуштарды даярдоо;
- мамлекетти куралдуу коргоого Куралдуу Күчтөрдү даярдоонун стратегиялык пландоонун төмөнкү документтерин түзүү жана мезгил-мезгили менен тактоо:
а) Ыкчам документтердин (картадагы ой-пикир, ыкчам жайылтуунун, өз ара аракеттенүүнүн, ар тараптуу камсыздоонун, башкаруунун, байланыштын жана башка пландары) комплектиси менен Куралдуу Күчтөрдү колдонуунун планы;
б) Куралдуу Күчтөрдү куруу (өнүктүрүү) планы;
в) Куралдуу Күчтөрдү даярдоо планы;
г) Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуу жобосун жана планы;
д) Мобилизациялык жайылтуунун жана мобилизациялык пландын схемасы;
е) Аскердик коопсуздукту камсыздоо планы;
- Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын бирдиктүү системасын уюштуруу боюнча директиваларды түзүү, аларды башкаруу органдарына чейин жеткирүү жана иштешин контролдоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын материалдык базасын түзүүнү жана өркүндөтүүнү жетектөө жана контролдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планына ылайык коюлган милдеттерди аткарууда күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоодо Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарына жана аскерлерине көмөк көрсөтүү;
- Коргоо министрлигинин башкаруу органдарын жана аскерлерин мобилизациялоодон кайра чакыртуу жана күжүрмөн даярдыгына келтирүү пландарын түзүү, аларды ишке ашырууну контролдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун, байланыштын, кабарлоонун бирдиктүү системасын түзүүгө жана өркүндөтүүгө жетекчилик кылуу, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында радио жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- тынчтык жана согуш убакта Куралдуу Күчтөрдү туруктуу башкарууну камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдө күжүрмөн нөөмөттү жана нөөмөтчүлөр кызматын уюштуруу;
- Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын жана аскерлеринин ыкчам жана мобилизациялык даярдоосун, алардын ыкчам жана күжүрмөн дайындалышын эсепке алуу менен уюштуруу жана жетектөө;
- тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарга болгон муктаждыктарын мобилизациялык жана ыкчам жайылтууну, Куралдуу Күчтөр менен күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирмелерди берүүнү эсепке алуу менен эсептөөлөрдү жүргүзүү;
- аскердик, ыкчам запастарда жана мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык-техникалык каражаттарды уюштурууга, чогултууга жана топтоого катышуу;
- согуш убагындагы Куралдуу Күчтөр үчүн аскердик-окуп үйрөтүлгөн резервди даярдоону жала топтоону, мобилизациялык жайылтуунун базасын өркүндөтүүнү уюштуруу жана жетектөө;
- Куралдуу Күчтөрдү тынчтык мезгилинен согуш абалына которуу, ыкчам жайылтуу жана согуш аракеттерин жүргүзүү шарттарында алардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн башкаруу органдарын жана башкаруу пункттарын даярдоо;
- аскердик абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине коргонууну жетектөө боюнча ишти камсыздоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын негизги ыкчам курамын жана башкаруу пункттарын даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу планын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
- коргонууну уюштуруу маселелери боюнча Куралдуу Күчтөр менен аткаруу бийлигинин органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- калкты даярдоо, экономиканы мобилизациялык даярдоо жана Куралдуу Күчтөрдү аскердик-экономикалык камсыздоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекетти тынчтык абалдан аскердик абалга которгон шарттарда Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын эпке келтирилген жана макулдашылган аракеттеринин даярдыгын координациялоо;
- Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын жана аскерлеринин ыкчам (күжүрмөн) багытталышына ылайык уюштуруу-штаттык түзүмүн келтирүү, аларды курал-жарактар, аскердик техника менен жабдуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын жана аскерлеринин штаттарын, штаттардын табелдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- Коргоо министрлигинин бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери боюнча өздүк курамды, курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды бөлүштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу органдарында жана аскерлеринде уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо;
- тынчтык жана согуш убагында аскердик кызматты өтөөнү, кадрларды даярдоону, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн комплекттөө тартибин уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү комплекттөөнү уюштуруу жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана сандык курамын каттоону жүргүзүү;
- аскер комиссариаттарынын жалпы кызматтык иш аракеттерин, аскердик каттоону, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну уюштуруу жана камсыздоо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге аракеттенүү менен аскердик-эсепке алуу адистиктери боюнча аскердик окуп үйрөтүлгөн резервди түзүү жана чогултуу;
- аймактык коргонуунун милдеттерин даярдоодо жана аткарууда Куралдуу Күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын бирдиктүү аракеттерин пландоо, уюштуруу жана жетектөө;
- Аймактык коргонуунун күчтөрү менен кайтарууга жана коргоого тийиш болгон маанилүү мамлекеттик, чарбалык жана аскердик объекттердин Тизмеси боюнча сунуштарды даярдоо;
- аскердик абалдын режимин пландоого жана кармап турууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык терроризмге каршы операцияларды пландоодо жана өткөрүүдө катышуу;
- террористтик актыларды жасоо үчүн колдонулуп жаткан, же террористтер тарабынан колго түшүрүлгөн аба кемелеринин учууларына бөгөт коюу боюнча операцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик чек араны кайтарууну (коргоону) пландоого жана уюштурууга катышуу;
- кезектеги финансылык жыл үчүн "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүгө, ошондой эле коргонууга бөлүнүп жаткан каражаттарды бөлүштүрүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттердин коалициялык топторунун аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын түзүүгө катышуу;
- коалициялык куруу, коалициялык күчтөрдү колдонууну ыкчам пландаштыруу, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, ар тараптуу камсыздоо жана башкаруу маселелери боюнча эл аралык аскердик кызматташтыкты уюштурууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде тынчтыкты сактоочу операцияларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн контингентинин катышуусунун сунуштарын даярдоо жана пландаштыруу;
- мамлекеттеги өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча башкаруу органдарынын жана аскерлеринин аракеттерин пландоо жана уюштуруу;
- маалыматтык коопсуздукту, мамлекеттик жана аскердик сырды коргоону камсыз кылуу жана чет өлкөлүк чалгынчылардын техникалык каражаттарына каршы туруу;
- башкаруунун стационардык, көчүп жүрүүчү пункттарын өркүндөтүү жана аларды аскерлерди башкарууну жайылтууга жана камсыздоого даярдыкта күтүү;
- Куралдуу Күчтөрдү топографиялык жактан камсыз кылууну уюштуруу;
- шифрдик байланышты уюштуруу, Коргоо министрлигинин шифрлөөчү кызматын жана маалыматтын коопсуздугунун талаптары боюнча маалыматты коргоо каражаттарынын сертификациялоо системасын жетектөө;
- Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын, бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин анык жана шарттуу аталыштарын колдонуунун жана эсепке алууну жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
- аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин учууларын уюштурууну камсыз кылууну жана аткарууну жөнгө салган мыйзамдык жана башка ченемдик актылардын талаптарын аткаруу;
- башка мамлекеттердин аба кыймылын тейлөө борборлору жана республиканын аба кыймылынын ведомстволук башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- авиациялык кырсыктардын алдын алуу, аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды жана авиациялык кырсыктарды изилдөөгө катышуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, билдирүү жана аткарылышын контролдоо; авиациялык кырсыктарды жана авиациялык окуяларды изилдөө жана аны уюштуруу маселелери боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен ыкчам өз ара аракеттенүү;
- аскерлердин кызматын уюштуруу, анын абалын контролдоо жана Куралдуу Күчтөрдө аскердик тартипти бекемдөө, аскердик кызматтын коопсуздугун камсыз кылуу, уставдык тартипти кармоо менен байланышкаи иш-чараларды өткөрүү;
- аскердик ташуулардын бардык түрлөрүн уюштуруу жана жетектөө;
- аскердик номердик белгилерди, техникалык талондорду берүүнү жана эсепке алууну жүргүзүү, транспорттук каражаттарды каттоо, Куралдуу Күчтөрдүн транспорттук каражаттарын техникалык жактан кароону уюштуруу жана өткөрүү;
- Куралдуу Күчтөрдө жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу боюнча иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- гарнизондордо жана аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин транспорттук каражаттары иштеген башка жерлерде транспорттук каражаттардын техникалык абалын жана аларды пайдалануунун тартибин текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүргүзүү.
7. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалы - коргоо министринин биринчи орун басары (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы) жетектейт.
8. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы коргоо министрине баш ийет, анын биринчи орун басары жана Коргоо министрлигинин бүткүл өздүк курамы үчүн түздөн-түз зардал болуп эсептелет.
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы:
- Коргоо министрлигинин бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы, аларды башкаруу үчүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын буйруктарын жана директиваларын чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
9. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалынын эки орун басары бар, алардан бири биринчи болуп эсептелет.
Биринчи орун басарынын жана орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы жүргүзөт.
10. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы:
- Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жана баш ийген башкаруу органдарынын ишин уюштурат;
- Куралдуу Күчтөрдү даярдоону жана колдонууну куруунун (өнүктүрүүнүн) стратегиялык пландоосун жана аймактык коргонууну жетектейт;
- Куралдуу Күчтөрдү ыкчам башкарууну жетектейт;
- коргоого тартылып жаткан аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдарынын ыкчам даярдоосун уюштурат;
- Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын текшерүүнү уюштурат;
- коргоо министринин көрсөтмөсү боюнча аскерлерди күжүрмөн даярдыктын жогорку деңгээлине келтирүүнү жана Куралдуу Күчтөрдү колдонуу Планын ишке киргизүүнү жетектейт;
- аскердик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Коргоо министрлигиндеги жогорку офицерлер дайындала турган аскердик кызмат орундар боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кароосуна киргизет;
- баш ийген Башкы башкармалыктар, башкармалыктар жана өзүнчө бөлүмдөр жөнүндө жоболорду бекитет, Куралдуу Күчтөрдөгү Башкы башкармалыктардын кызмат адамдарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын финансы-чарбалык ишин контролдоону уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоо министринин чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында, коргоо министрине баш ийген кызмат адамдарына анын атынан тескемелерди (буйруктарды) берүүгө укуктуу.
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын буйруктарына жана директиваларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.