Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-декабры ПЖ № 272
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы ПЖ № 124 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөрдүн кызмат орундарын ээлөө 2012-жылдын 26-декабрынан тартып улантылсын:
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Алиев Авчи Мустафаевичтин;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы - Беккулуева Бактыгүл Бакаевнанын;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы - Гилязетдинова Инара Ильгизовнанын;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы - Зулушев Курманкул Токторалыевичтин;
- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы - Исманов Марс Молдоевичтин;
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы - Маматов Атамбек Омаровичтин;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы - Мулюкбаева Диляра Абдрахмановнанын;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы - Мусуралиева Аида Султангазиевнанын;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы - Намазбеков Талантбек Намазбековичтин;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - Орозова Дамира Токтоналиевнанын;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Рыспекова Аниса Рыспековнанын;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Садыков Калыбек Каратаевичтин;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Садыкова Гулмира Сартовнанын;
- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы - Салиев Лутфулла Джумашевичтин;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы - Сулайманова Эльмира Миталовнанын;
- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы - Султанов Алмаз Кушчубаевичтин;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы - Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Эрмаматова Сюита Эрмаматовнанын.
(КР Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы ПЖ № 124 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |