Редакцияот 31.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 31-майы ПЖ № 124

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 30-майынан тартып алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Батырбеков Жаналы Мамытовичтин;

- Сейдакматова Аида Асанбековнанын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун он жетинчи абзацындагы "Чүй облусунун Москва райондук сотунун" деген сөздөр "Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев