Редакцияот 13.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 13-ноябры ПЖ № 249

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы № 239 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 14-июнундагы № 203 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагы № 263 Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев