ЖарлыкКүчүндө

К Р Президентинин 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» жарлыгы

Редакция13.11.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 13-ноябры ПЖ № 249

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы № 239 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 14-июнундагы № 203 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагы № 263 Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев