Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 30-ноябры ПЖ № 252
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы "2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин андан ары инвентаризациялоонун алкагында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 396 "2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |