Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-февралындагы № 32 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы (мындан ары - Чек ара кызматы) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын камсыз кылган, мамлекеттик чек аранын режимин бузууларды, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алууну жана болтурбоону, чек ара контролун жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын (мындан ары - мамлекеттик чек ара) кайтарууну жана коргоону ишке ашыруучу, аткаруу бийлигинин системасындагы бирдиктүү мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Чек ара кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Чек ара кызматы юридикалык жак болуп саналат, анын Күжүрмөн Туусу жана символикасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрлөрү, бланктары, штамптары жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Борбордук казыналыгында эсеби болот.
II. Чек ара кызматынын милдеттери
4. Чек ара кызматынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик чек араны, анын аймактык бүтүндүгүн жана экономикалык кызыкчылыктарын кайтаруу жана коргоо;
- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү чек аралык контролдоону ишке ашыруу;
- мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттик чек ара режиминин маселелери боюнча эл аралык келишимдер менен макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын коргонуу жана коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
- жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүү аракеттерин, ошондой эле тыюу салынган нерселерди жана заттарды, анын ичинде массалык кыргын салуучу куралдарды (мындан ары - МКК), кылмыш жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон алар менен байланышкан материалдарды жана технологияларды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
- террорчулукка каршы күрөшүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар менен бирдикте мамлекеттик чек арадагы, чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында террористтерди же террористтик топторду аныктоо, кармоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо, жаратылышты коргоо органдарына чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана чөйрөнү коргоого өз ара көмөктөшүү.
III. Чек ара кызматынын функциялары
5. Чек ара кызматы коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылат жана чек араны контролдоону ишке ашырат;
- мамлекеттик чек ара саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- республиканын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын пландарын жана мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышат, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат;
- кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди аткаруу боюнча иш-чараларды уюштурат, кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мамлекеттик чек араны эл аралык - келишимдик тариздөө боюнча ишке катышат;
- белгиленген тартипте Чек ара кызматынын чет мамлекеттердин чек араны кайтаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен мамлекеттик чек араларды коргоо жана кайтаруу проблемалары боюнча кызматташтыгын уюштурат, чек ара маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышат, аскердик-техникалык кызматташуу программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ишине жетекчилик кылат;
- мамлекеттик чек ара тилкесин мыйзамсыз өзгөртүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, мамлекеттик чек ара режимин сактоо, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам-изин суутпай издөө ишин ишке ашырат;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо кызыкчылыгында, ошондой эле Чек ара кызматына шефтик жана башка жардам көрсөтүү максатында Чек ара кызматынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташуусун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары менен биргелешип аракеттенүү менен Чек ара кызматын атайын байланыштын, мамлекеттик жана кызматтык сырды камтыган маалыматтарды коргоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Чек ара кызматынын ишин маалыматтык-талдоо жана илимий жактан камсыз кылууну уюштурат, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө изилдөөлөрдү, чалгындоо жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзөт; ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына маалыматтык-талдоо материалдарын берет;
- маалыматтык муктаждыктарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине маалыматтарды берет;
- Чек ара кызматы үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт;
- Чек ара кызматында курал-жарактарды, атайын техникаларды жана каражаттарды колдонууну, ошондой эле аларды мыйзамда белгиленген тартипте сатып алууну пландаштырат жана уюштурат;
- оперативдүү (күжүрмөн), материалдык-техникалык, финансылык, кадрдык, илимий, маалыматтык, моралдык-психологиялык жана башка түрдөгү камсыз кылууну пландаштырат жана уюштурат, чарбалык жана башка ишти, капиталдык курулушту жүргүзөт, Чек ара кызматынын казарма-турак жай фондун күтөт жана пайдаланат, ошондой эле ал максатка бөлүнгөн каражаттардын чегинде Чек ара кызматынын муктаждыктары үчүн подряддык иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен бирдикте чек аралык зонадагы, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүүдөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иш-чараларга катышат;
- чек ара маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыгат;
- коомчулукка Чек ара кызматынын иши жөнүндө маалымдайт, анын ичинде басылма ишин жүргүзүүнү, теле жана радио программаларды даярдоону уюштурат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, кызматчыларын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук жактан коргоону уюштурат жана камсыз кылат;
- Чек ара кызматынын окуу материалдык-техникалык базасын түзүү жана өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын, кызматчыларынын, пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган алдын алуу, дарылоо, санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- маалыматтык терс таасирлерге каршы турууну, Чек ара кызматынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууну уюштурат;
- тамактанууну уюштурат жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын биринчи зарыл болгон товарлар (тамак-аш) менен камсыз кылат;
- жарандарды кабыл алууну ишке ашырат, алардын Чек ара кызматынын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
IV. Чек ара кызматынын укуктары
6. Негизги милдеттерди аткаруу жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында Чек ара кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:
- аскерге чакырылуучулардын Чек ара кызматында кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөөсү үчүн аларды түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер комиссариаттарында артыкчылыктуу тандап алууга;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча ыктыярдуу кошуундардын курамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте штаттан тышкаркы кызматкерлер катары жарандарды мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого тартууга;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык алардын карамагына таандык иштер боюнча баштапкы тергөө жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар тууралу иштер боюнча өндүрүш ишин жүргүзүүгө;
- администрациялык кармоого тартылган адамдарды ал максаттар үчүн атайын жабдылган жайларда кармоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чалгындоо, контрчалгындоо, ыкчам-изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк, ошондой эле жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо жаатында мамлекеттик контролду уюштурууга жана ишке ашырууга;
- белгиленген тартипте аймактык бөлүмдөрдү жана ведомстволук мекемелерди түзүүгө (кайра түзүүгө) жана мамлекеттик чек араны натыйжалуу кайтаруу жана коргоо максатында алардын ишин уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
V. Чек ара кызматынын ишин уюштуруу
7. Чек ара кызматынын ишин уюштуруу өнүктүрүүнүн максаттуу комплекстүү пландарынын (программаларынын) жана кызматтык-күжүрмөн ишинин негизги уюштуруу иш-чараларынын күндөлүк пландарынын негизинде ишке ашырылат.
8. Чек ара кызматын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Чек ара кызматынын төрагасы (мындан ары төрага) жетектейт.
9. Төраганын орун басарлары, анын ичинде Чек ара кызматынын Башкы штабынын зардалы болуп эсептелген бир биринчи орун басары болот, ал төраганын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Төрага жок болгон учурда анын милдеттерин Башкы штабдын зардалы Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары аткарат, анын төраганын милдеттерин аткарууга мүмкүн эмес болгон учурларында милдетин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
10. Төрага Чек ара кызматынын бүтүндөй өздүк курамынын тикелей зардалы болуп саналат, Чек ара кызматына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдында жеке жоопкерчилик тартат.
Төрага:
- Чек ара кызматынын ишин уюштурат жана ал системага жалпы жетекчиликти ишке ашырат, Чек ара кызматынын ички иш тартибин аныктайт;
- Башкы штаб, Чек ара кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле анын ведомстволук мекемелери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттерин аныктайт, зарыл болгондо аларга Чек ара кызматынын алдында турган милдеттерди аткаруу менен шартталган кошумча милдеттерди (айкалыштыруу тартибинде) тапшырат;
- республикалык бюджеттен Чек ара кызматына бөлүнгөн каражаттарды, анын ичинде шефтик жардам, эл аралык гранттар жана программалар боюнча алынуучу каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча башка өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик күч органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик чек арада иш-чараларды өткөрүүдө биргелешкен аракеттерди координациялоо жана жетектөө боюнча оперативдүү штабдарды (топторду) түзөт;
- Чек ара кызматынын карамагына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине оперативдүү, күжүрмөн, кызматтык-күжүрмөн документациялар, Чек ара кызматынын түзүмү жана саны, Чек ара кызматындагы жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскердик кызмат орундарынын саны боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, бул багытта мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча ишти камсыз кылат жана уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча Чек ара кызматынын уюштуруу-штаттык түзүмүн Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Чек ара кызматынын жалпы санынын жана түзүмүнүн, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чектеринде Чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн уюштуруу-штаттык түзүмүн, ошондой эле Чек ара кызматы куралданууга кабыл алган курал-жарактардын, аскердик жана атайын техникалардын, атайын каражаттардын штаттарынын табелин бекитет;
- Чек ара кызматынын органдарында жана аскерлеринде анык жана шарттуу аталыштарды колдонуу тартибин аныктайт, аларды белгиленген тартипте ыйгарат;
- Чек ара кызматынын таламында Кыргыз Республикасынын чектеринде атайын жана аскердик ташууларды уюштурат;
- Чек ара кызматынын ишмердүүлүгү үчүн бөлүнгөн каражаттардын чектеринде, өздүк транспортун кызматтык максаттарда пайдаланган аскер кызматчыларына белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына андан ары кызмат өтөө үчүн жиберүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечет;
- чалгындоо, контрчалгындоо, ыкчам-изин суутпай издөө ишин, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Чек ара кызматынын органдарынын баштапкы тергөө ишинин тартибин аныктайт жана аны жүргүзүүгө контролду ишке ашырат;
- мыйзамдардын негизинде жана аны аткаруу үчүн Чек ара кызматынын компетенциясынын чектеринде буйруктарды, директиваларды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди, зарыл болгон учурларда - башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- Чек ара кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматтык-күжүрмөн, администрациялык жана финансылык-чарбалык ишине инспекциялоону (текшерүүнү) уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Чек ара кызматынын курал-жарактарын, аскердик техникаларын, башка материалдык каражаттарын эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт;
- жараксыз абалга келген же жоголгон мүлктөрдү аскердик (баланстык) эсептен чыгарат жана мыйзамдарда аныкталуучу тартипте аны жок кылууну уюштурат;
- курал-жарактын, аскердик техникалардын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын аскердик жана оперативдүү запастарын түзүүнүн, топтоонун жана сарптоонун ченемдерин, кийим-кече менен жабдуунун жана аларды колдонуу мөөнөттөрүнүн убактылуу ченемдерин жана атайын тапшырмаларды аткарган же климаттык өзгөчө шарттарда жүргөн аскер кызматчыларынын айрым категориялары үчүн азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу ченемдерин бекитет;
- өз компетенцияларынын чектеринде Чек ара кызматынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчи курамынын адамдарын аскердик жана башка кызмат орундарына дайындоону жана ал кызматтардан бошотууну ишке ашырат, полковникти кошо алганда, анын ичинде алгачкы, мөөнөтүнөн мурда жана штатта каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору аскер наамдарын ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине белгиленген тартипте Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамды берүү жөнүндө өтүнүч киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер комиссариаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын запастагы жарандарын аскердик кызматка чакырат жана каттайт, аскердик кызматы боюнча ордун которуштурат жана анын ичинде чек аранын ыйгарым укуктуу адамы катары аскердик кызматтарга дайындайт;
- аскер кызматын (ишин) өтөө жөнүндө контракттарды (келишимдерди) түзүүнүн, мыйзамдарда белгиленген тартипте аскер кызматчысы болбогон адамдарды кызматка дайындоонун тартибин жана шарттарын аныктайт;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн аскерлештирилген кайтаруу бөлүмдөрүн түзөт;
- аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга иштеген жылдарына пайыздык үстөк акы төлөө үчүн алардын мамлекеттик бийликтин башка органдарында кызмат өтөгөн (иштеген) убактысын кызмат (иш) стажына кошот;
- Чек ара кызматынын борбордук аппаратынын, Башкы штабдын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аскер кызматчыларына класстык квалификацияларын ыйгарат жана ал үчүн белгиленген тартипте акчалай сыйлык акы төлөп берет;
- Чек ара кызматынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарат;
- прапорщиктердин, жоокер, сержант жана старшина кызматтарында контракттык негиздеги аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылардын, ошондой эле кыска мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн алардын минимум жана максимум тарифтик разряддарынын чектеринде белгилейт жана өзгөртөт;
- Чек ара кызматын комплекттөө үчүн чек ара кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруу негиздерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуунун тартибин жана шарттарын камсыз кылат жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, жарандык персоналын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого катышкан жарандардын укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу маселелерин чечет;
- Чек ара кызматынын өздүк коопсуздугун, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын коопсуздугун камсыз кылат;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик Уставында каралган укуктардан толук көлөмдө пайдаланат;
- Чек ара кызматынын атынан иш алып барат жана анын мамлекеттик бийликтин органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле эл аралык уюмдарда, чектеш жана башка мамлекеттердин чек ара, укук коргоо жана аскердик органдарына Чек ара кызматынын атынан иш алып барат;
- Чек ара аскерлеринин Колбашчылар кеңешине Чек ара кызматынын өкүлүнүн кызмат ордуна дайындайт;
- Чек ара кызматынын атынан ведомстволор аралык деңгээлде, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча - мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде келишимдерди (макулдашууларды) түзөт;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын, ошондой эле чек ара кызматынын алдында турган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана аларга ардактуу наамдарды берүүгө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- белгиленген тартипте күжүрмөн даярдыктагы мыкты ийгиликтери, үлгүлүү аскердик тартиби, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо ишине кошкон жеке чоң салымы үчүн Чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналын сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды (медалдарды), төш белгилерди жана аскердик наамдарды уюштурат, ведомстволук сыйлыктар жана төш белгилер жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамаларын бекитет;
- мыйзамдарда аныкталган тартипте аты жазылган ок атуучу куралдар жана атылбас жабдыктар менен сыйлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо ишине жеке салым кошкондугу үчүн башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын аты жазылган, ок атуучу куралдар жана атылбас жабдыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын жана жарандык персоналды, чек ара органдарынын чет өлкөлүк өкүлдөрүн, ошондой эле Чек ара кызматынын алдында турган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды белгиленген тартипте баалуу белектер, сыйлыктар, төш жана аскердик белгилер менен сыйлайт;
- Чек ара кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндөгү айырмалоочу жана ажыратуу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды киргизет, ошондой эле Чек ара кызматынын тутумундагы айырмалоочу белгилерин жана алардын сыпаттамаларын белгиленген тартипте бекитет;
- Мамлекеттик каражаттын эсебинен каржыланган, Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн иштерди, тейлөөлөрдү жана товарларды сатып алуу тууралу чечим кабыл алат, Чек ара кызматынын Мамлекеттик сатып алуу планын бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- улуттук коопсуздук жана мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо менен байланышкан иштерди, тейлөөлөрдү жана товарларды мамлекеттик сатып алууну өткөрүүнүн Ички тартибин бекитет, мыйзамдарга ылайык, сатып алууну өткөрүүгө контролдукту уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатынын чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди кароо үчүн Чек ара кызматында курамы 13 адамдан турган коллегия түзүлөт.
12. Төрага Чек ара кызматынын коллегиясынын ишмердүүлүгүн уюштурат жана жетектейт.
Чек ара кызматынын коллегиясынын курамына төрага, төраганын орун басарлары кирет. Коллегиянын калган жеке курамынын мүчөлөрүн төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Чек ара кызматынын коллегиясынын курамына Чек ара кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет.
13. Чек ара кызматынын Коллегиясы жыйналыштарда Чек ара кызматынын ишин өркүндөтүү маселелерин карайт, аткарууну контролдойт, кызмат адамдарынын отчетторун угат.
Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана төраганын буйруктары (директивалары) түрүндө ишке ашырылат.
14. Төрага менен коллегиянын калган мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер чыккан учурда, төрага акыркы чечимди кабыл алат жана пайда болгон пикир келишпестиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирет.
Коллегиянын мүчөлөрү өз пикирин жазуу түрүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүүгө укугу бар.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Чек ара кызматынын коллегиясынын биргелешкен жыйналышында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет жана төраганын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Чек ара кызматынын мүлкү жана аны каржылоо
16. Чек ара кызматына мүлктөр ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет.
Чек ара кызматы өзүнө бекитилип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу эмес.
17. Чек ара кызматын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле мыйзамдарда каралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
18. Чек ара кызматы ага жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда өз ишмердүүлүгүнө финансылык, статистикалык жана башка эсеп жүргүзөт жана отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга берет.
19. Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченеми Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
VII. Корутунду жоболор
20. Чек ара кызматынын иши аны кайра уюштуруу же жоюу учурунда токтотулат. Иши токтотулган учурда Чек ара кызматынын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.