Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 5-марты ПЖ №40
Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмсүздүгүнөн улам Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Аданбаев Максут Аданбаевич мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн бошотулсун.
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |