Редакцияот 07.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 7-марты ПЖ №49

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облустук сотуна жиберилгендигине байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 7-мартына баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

- Алаев Мухамед Абдивалиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Райондор аралык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Джапакбаев Кадырали Джоробекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Токтогулова Гульзада Токторбаевна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы №40 "Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктта "төрагасынын" деген сөз "төрагасынын орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 5-мартындагы №41 "Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацында "судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн" деген сөздөр "төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев