Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 5-марты ПЖ №41
Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүлөр 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Султаналиев Муслим Ишекеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Шерматов Мырзамат Ташиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |