Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 7-марты ПЖ №45

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2013-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

2. 2013-жылдын апрель-июнунда чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугун жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик, альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев