КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 19-марты ПЖ №52
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы №26 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 13-августундагы №209 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги №114 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |