ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №52 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыгы

Редакция19.03.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 19-марты ПЖ №52

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы №26 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 13-августундагы №209 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги №114 "Кыргыз Республикасында өнөр жайын жана инновациялык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 19-январындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев