Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы №23 Жарлыгы менен бекитилген |
(КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ №85 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Антитеррордук борбордун негизги милдеттери
3. Антитеррордук борбордун функциялары жана ыйгарым укуктары
4. Антитеррордук борбордун ишин уюштуруу
5. Ведомстволор аралык координациялык комиссия
6. УКМКнын аймактык органдарына караштуу координациялык топтор
7. Финансылоо
1. Жалпы жоболор
1. Антитеррордук борбор (мындан ары - АТБ) Кыргыз Республикасында терроризмге каршы туруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негиздерин иштеп чыгуучу жана терроризмге каршы турган органдардын ишин координациялоочу, террористтик иштердин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле террористтик актыларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү себептерди жана шарттарды табуу жана жоюу боюнча алардын макулдашкан аракеттерине жетишүү максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары УКМК) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. АТБнын негизги иши "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга багытталган.
3. АТБнын ишмердигинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, УКМКнын төрагасынын директивалары, тескемелери жана буйруктары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
2. Антитеррордук борбордун негизги милдеттери
4. Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) террористтик жана башка экстремисттик иштерди табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу жагында мамлекеттик органдын ишин, терроризмге каршы операцияларды пландаштыруу жана өткөрүү иштерин координациялоо, терроризмге каршы күрөшүү жагында иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык борборлор жана уюмдар менен жумушчу карым-катнашты түзүү жана күтүү, антитеррористтик командалык-штабдык жана оперативдүү-тактикалык машыгууларды даярдоо жана өткөрүү, антитеррористтик иштердин программаларын, террористтик жана башка экстремисттик акциялардын алдын алуу жана бөгөт коюу пландарын иштеп чыгуу, стратегиялык жана өзгөчө маанилүү объекттердин антитеррористтик жактан корголушунун абалын талдоо, объекттердин антитеррористтик жактан корголушун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, бул жагында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
2) терроризмге каршы туруу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
3) терроризмге каршы туруу жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоого катышуу;
4) терроризмге каршы туруу жагында эл аралык келишимдердин чегинде кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
5) антитеррористтик ишти өркүндөтүү боюнча концепциялык жоболорду иштеп чыгуу, чет мамлекеттердин ушундай структураларынын тажрыйбаларын иликтөө жана жайылтуу, илимий-усулдук ишти уюштуруу, терроризмге каршы туруу маселелери боюнча бириккен ведомстволор аралык маалыматтар банкын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка милдеттерди аткаруу.
3. Антитеррордук борбордун функциялары
жана ыйгарым укуктары
5. АТБнын функциялары:
1) террористтик коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөздөрү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик кол салуулар мүмкүн болуучу объекттер жөнүндө маалымат чогултуу жана талдоо;
2) объекттердин антитеррористтик жактан корголушунун абалын талдоо жана объекттерди антитеррористтик жактан коргоонун талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин жана аларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн финансылык-экономикалык механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) объекттердин антитеррористтик жактан корголушунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана бул жагында аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо;
4) уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын антитеррористтик жактан корголушунун абалына контролдук кылуу, жана алардын жетекчилеринен объекттердин антитеррористтик жактан корголушу жагында белгиленген ченемдердин жана эрежелердин аткарылышын талап кылуу;
5) террористтерди же террористтик уюмдарды (топторду) табуу, басуу жана жок кылуу боюнча антитеррористтик бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу;
6) ООНдун, КМШнын, ШКУнун, ЖККУнун, ОБСЕнин жана башка эл аралык уюмдардын региондук антитеррористтик структуралары менен антитеррористтик ишмердик маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
7) терроризмге каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрдүн өздүк курамын ведомстволор аралык кесиптик даярдоону уюштуруу жана координациялоо;
8) командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык машыгууларды жана башка антитеррористтик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
9) терроризмге каршы туруу маселелери боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу;
10) антитеррористтик ишти түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган илимий-усулдук ишти уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
6. АТБ төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) өз компетенциясынын чегинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл чечимдерди кабыл алат;
2) мамлекеттик жана башка уюмдардан жана кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды жана маалыматтарды суратат;
3) АТБнын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн жумушчу топторду түзөт жана ал топтордун иштөө тартибин аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча АТБнын ишине катышуу үчүн тартат;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган АТБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан коопсуздук системасын жана террористтик коркунучтарды жок кылууга даярдыкты күчөтүү боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырылышына контролдук кылат.
4. Антитеррордук борбордун ишин уюштуруу
7. АБТнын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту УКМКнын төрагасы жүргүзөт, ал АТБнын штаттык санын бекитет, УКМКнын кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте АТБнын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.
8. АТБнын ишине түздөн-түз жетекчиликти жана башкарууну УКМКнын төрагасынын орун басары болуп саналган АТБнын директору жүргүзөт.
(КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ №85 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Директор:
1) АТБнын ишин уюштурат, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттерин жана ички иштөө тартибин аныктайт;
2) АТБга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) АТБнын Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен штаттык санынын жана бөлүнгөн акча каражатынын чегинде АТБнын уюштуруу-штаттык структурасын УКМКнын төрагасынын бекитүүсүнө сунуш кылат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды да аткарат.
Директор жок болгон учурда анын милдетин директордун орун басары аткарат.
10. АТБда тийиштүү жай жана техникалык каражаттар менен жабдылган республикалык "кырдаалдык борбор" түзүлөт, ал жерде республикалык оперативдүү штаб антитеррористтик операцияларды башкарат жана жетекчилик кылат.
11. АТБнын алдында төмөнкүлөр түзүлөт:
1) Ведомстволор аралык координациялык комиссия (мындан ары - ВКК);
2) УКМКнын аймактык органдарына караштуу координациялык борборлор.
12. ВКК курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, УКМКнын Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары, АТБнын директорунун орун басары кирген АТБнын директорунун төрагалыгы астында АТБнын коллегиялуу кеңешүү орган болуп саналат.
Зарыл болгон учурда ВККнын ишине терроризмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартылган башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тартылышы мүмкүн.
13. Антитеррористтик ишмердиктин субъекттери АТБ менен өз ара аракеттенүү үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындашат.
14. УКМКнын аймактык органдарына караштуу АТБнын координациялык топторуна облустар боюнча УКМКнын башкармаларынын начальниктери башчылык кылат. Координациялык топтун курамына: облустардын прокурорлору, облустук ички иштер, юстиция башкармаларынын начальниктери, Коргоо министрлигинин аскерлеринин региондук топторунун командирлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин региондук башкармалыктарынын начальниктери, УКМКнын Чек ара аскерлеринин бөлүмдөрүнүн командирлери, облустук губернаторлордун биринчи орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери кирет.
15. ВККнын ишинин жылдык планын иштеп чыгууну, күн тартибине киргизилген маселелер боюнча жыйналыштарды өткөрүүнү уюштурууну жана материалдарды даярдоону, террористтик акциялардын алдын алуу жана бөгөт коюунун ведомстволор аралык пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууну жана ВККга макулдашууга сунуш кылууну АТБ жүзөгө ашырат.
5. Ведомстволор аралык координациялык комиссия
16. ВККнын ишинин негизги формасы болуп жыйналыш саналат, ал жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Террористтик көрүнүштөр же аны жасоого коркунучтар болгондо кезексиз жыйналыштар өткөрүлөт. ВКК координациялоонун жана өз ара аракеттенүүнүн стратегиялык маселелерин чечет, антитеррористтик иштин иштелип чыккан концепциялык сунуштарынын жана программаларынын долбоорлорун карайт, Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууга демилге кылуунун зарылдыгы, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, командалык-штабдык жана тактикалык-оперативдүү машыгууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат, облустарда УКМКнын аймактык органдарына караштуу координациялык топтордун ишин жөнгө салат, тийиштүү тапшырмаларды берет.
17. ВККнын жыйналышы ВККнын мүчөлөрү менен макулдашылган жана АТБнын директору жактырган анын ар жылдык иш планына ылайык өткөрүлөт. ВККнын жыйналышына материалдарды даярдоону түздөн-түз АТБ аткарат. Талдоонун негизинде жалпыланган, аныктама берүүчү жана башка зарыл материалдар, ошондой эле ВККнын каралып жаткан маселе боюнча чечиминин долбоору ВККнын жыйналышынын болжолдуу датасына чейин 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен даярдалат жана сунуш кылынат. Бардык даярдалган материалдар жыйналыштын болжолдуу датасына 7 жумушчу күндөн кечиктирбестен ВККнын мүчөлөрүнө жиберилет. ВККнын жыйналышы аяктагандан кийин чечимдин долбоору АТБда жеткире иштелип чыгат жана протоколго кошулат, ага АТБнын директору же аны алмаштырган адам кол коет.
6. УКМКнын аймактык органдарына
караштуу координациялык топтор
18. УКМКнын аймактык органдарына караштуу координациялык топтор терроризмге жана региондордогу экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы күрөш жүргүзгөн антитеррористтик субъекттердин ишинде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ВКК кабыл алган чечимдерди аткарат жана төмөнкүдөй маселелерди чечет:
1) оперативдүү кырдаалды, мүмкүн болуучу террористтик коркунучту жана региондордо анын көрүнүштөрүн жалпылоо, талдоо жана божомолдоо;
2) террористтик умтулуулардын кыйла ыктымалдуу объекттерине карата алдын алуучу антитеррористтик иш-чаралардын жана чаралардын пландарын иштеп чыгуу;
3) ВККнын көрсөтмөсү боюнча окууларды жана машыгууларды өткөрүү;
4) жер-жерлерде антитеррористтик ишти оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
7. Финансылоо
19. АТБнын ишин финансылоо, аны уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган финансылоонун башка булактарынын каражаттарын эсебинен жүргүзүлөт.