Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансылык чалгындоо) терроризмди (экстремизмди) финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) (мындан ары - ТЭФ/КМАК) каршы туруу боюнча ыйгарым укуктуу жана ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча маалыматтарды берген жактар ишине көзөмөлдүк (контролдук) функцияларын аткарган мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Финансылык чалгындоо өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды (мындан ары - эл аралык келишимдер), Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Финансылык чалгындоо өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине гана отчет берет жана баш ийет.
Финансылык чалгындоонун башкаруу схемасы жана кызматкерлеринин санынын чеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Финансылык чалгындоо юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн толук жана кыскартылган аталыштары мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана аталышы бар мөөрүнө, башка мөөрлөрүнө, белгиленген үлгүдөгү штамп жана бланктарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачылган эсебине ээ.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын укук мурастоочусу болуп саналат.
5. Финансылык чалгындоонун айырмалоочу белгилери - туусу жана эмблемасы болот, анын сыпатталышы Финансылык чалгындоонун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
6. Финансылык чалгындоонун турган орду Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21а.
II. Финансылык чалгындоонун максаттары жана милдеттери
7. Финансылык чалгындоонун негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн жана туруктуулугун кылмыштуу кол салуудан коргоону камсыз кылуу үчүн ТЭФ/КМАК боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- терроризмди (экстремизмди) финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) байланышкан иштерди болтурбоо жана табуу;
- милдеттүү түрдө контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө жана шектүү операциялар (бүтүмдөр жөнүндө) маалыматтарды, документтерди, билдирүүлөрдү жана башка материалдарды (мындан ары - маалымат) ТЭФ/КМАК жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чогултуу, сактоо жана белгиленген тартипте талдоо;
- ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө бирдиктүү маалымат системасын түзүү жана маалыматтар базасын жүргүзүү.
III. Финансылык чалгындоонун функциялары
8. Финансылык чалгындоо ага жүктөлгөн негизги максаттарга жана милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- милдеттүү түрдө контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө жана шектүү операциялар (бүтүмдөр жөнүндө) маалыматтарды, документтерди, кабарларды жана башка материалдарды (мындан ары - маалымат) ТЭФ/КМАК жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чогултууну, сактоону жана талдоону камсыз кылат;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча алынган маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана башка кабарларды кабыл алат жана каттайт;
- маалыматтарды иликтейт, талдайт, баа берет, топтойт жана анын негизинде ТЭФ/КМАК боюнча иш-чараларды божомолдойт жана пландаштырат;
- акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө ТЭФ/КМАК боюнча алынган маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте текшерет, анын ичинде сунуш кылынган маалымат боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү алат;
- терроризмди (экстремизмди) финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) байланышкан акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө далилдеген белгилерди табат;
- терроризмди (экстремизмди) финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) байланышкан акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) жөнүндө далилдеген жетиштүү негиздер болгон кезде, өз компетенциясына ылайык жалпыланган материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтөт;
- маалыматтар базасын түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштурат, ошондой эле ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө маалыматтык системалардын усулдук биримдигин жана макулдашып иштешин камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык козголгон жана каралып жаткан жазык иши боюнча маалыматтарды укук коргоо органдарына берет;
- тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын жана түзүлгөн эки тараптуу макулдашуулардын негизинде ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө эриш-аркак аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана өз ара колдоо принциптеринде ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эриш-аркак аракеттенет жана маалыматтарды алмашат, ошондой эле ТЭФ/КМАК маселеси боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган тартипте жапа учурларда ТЭФ/КМАК жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын юридикалык жана жеке жактардын аткарышына контролдук кылат;
- мамлекеттик органдардан, Улуттук банктан жана башка уюмдардан алынган маалыматтардын негизинде ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуу тажрыйбасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунушту иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) финансылоонун жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруунун (адалдоонун) ыкмаларын жана финансылык схемаларын (типтерин) изилдейт;
- өзүнүн иш процессинде кызматтык, банктык, коммерциялык сырды, байланышуу сырын же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка сырларды түзгөн кабарлардын жана маалыматтардын тийиштүү жашырындуулук, сактоо жана коргоо режимин камсыз кылат;
- ТЭФ/КМАК чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны жана практиканы иликтейт;
- ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө маалыматтарды берген кызматкерлерди жана адамдарды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- ТЭФ/КМАК маселелеринде коомчулуктун маалымдарлык деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
- ТЭФ/КМАК жагында эл аралык уюмдардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле ТЭФ/КМАК маселелери боюнча эл аралык кызматташуу программаларын иштеп чыгууга белгиленген тартипте катышат жана иштеп чыгат;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча талдоо баяндамаларын, усулдук сунуштарды жана башка документтерди даярдайт;
- ТЭФ/КМАК боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча комплекстүү программаларды (пландарды) иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын ТЭФ/КМАК системасынын натыйжалуулугуна жана ишинин таасирдүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча статистиканы жүргүзөт жана жарыялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, башка ченемдик-укуктук актыларында жана эл аралык келишимдеринде каралган ТЭФ/КМАК чөйрөсүндөгү башка функцияларды аткарат.
IV. Финансылык чалгындоонун укуктары
9. Өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Финансылык чалгындоого төмөнкүдөй укуктар берилет:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар түзгөн жана (же) жүргүзгөн маалыматтар базасына (реестрлерге) толук ээ болуу (пайдалануу);
- акча каражаттары же мүлктөр менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды маалымат берген адамдардан, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан жана менчигинин түрүнө карабастан андай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн башка уюмдардан суратуу жана алуу;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине координациялоо;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин тартуу жана алардан атайын билимдерди талап кылуучу маселелер боюнча консультацияларды жана корутундуларды алуу;
- ТЭФ/КМАК жөнүндө мыйзамды бузган адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу;
- белгиленген тартипте мамлекеттик башка органдар менен бирдикте ТЭФ/КМАК маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү;
- белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, уюмдар, алардын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин да жарандары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана эки тараптуулуктун принцибинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн зарыл маалыматтарды суратып алуу;
- чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча же жеке демилгеси боюнча аларга эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана негиздерде, ошондой эле эки тараптуулук принцибинде тиешелүү маалыматтарды берүү, эгерде бул берилүүчү маалымат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирбесе;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоого жана түзүүгө катышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө кызматташуу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүү;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө өткөрүлүүчү иш-чараларга белгиленген тартипте катышуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Финансылык чалгындоого берилүүчү билдирүүлөрдүн формаларын жана мазмунун аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТЭФ/КМАК чөйрөсүндөгү маалыматтардын жашырындуулук жана жалпыга жеткиликтүүлүк деңгээлин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгында эсептешүү жана башка эсептерди ачуу;
- эгерде акча каражаттары же мүлк менен болгон операцияларга (бүтүмдөргө) катышуучу жок дегенде бир тарап жеке же юридикалык жак болуп саналып, ага карата террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон учурда жана алдын ала текшерүүнү жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берген адамдардан алынган маалыматтар алар тарабынан негизсиз деп табылган учурда бул операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруунун мөөнөтүн беш жумушчу күнгө чейин токтото туруу:
- өз компетенциясынын чегинде маалыматтык-басма жана усулдук материалдарды, программаларды жана сунуштарды чыгаруу, ошондой эле Финансылык чалгындоонун ишин жөнгө салуучу өздүк ички укуктук актыларды кабыл алуу;
- келишимдик негизди кошо алганда, экспертизаларды жүргүзүү, окутуу программаларын, усулдук материалдарды, программалык жана маалыматтык камсыз кылууну иштеп чыгуу, мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоо шартында ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө маалыматтык системаларды түзүү үчүн илим-изилдөө жана башка уюмдарды, ошондой эле башка адистерди ишке тартуу;
- Финансылык чалгындоого жиберилүүчү билдирүүлөр боюнча статистикалык маалыматты кошуп алганда ТЭФ/КМАК боюнча иштерди жүргүзгөн адамдардан ошол иш жөнүндө маалыматтарды алуу;
- администрациялык протоколдорду түзүү жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык ТЭФ/КМАК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабагандыгы үчүн санкцияларды салуу;
- маалыматтарды берген адамдарга жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды жиберүү жана милдеттүү контролдонууга тийиш операцияларга (бүтүмдөргө) жана шектүү операцияларга (бүтүмдөргө) карата да, ошондой эле кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда алуучулар) менен байланышкан маалыматтарга карата да жоопторду алуу;
- белгиленген тартипте консультациялык-кеңешүүчү органдарды түзүү:
- террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы (терроризмди же экстремизмди финансылагандыгы) жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын Тизмесин, шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин Тизмесин жана шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасын, терроризмди финансылоого жана кылмыш жолу аркылуу алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкка катышпаган жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө маалыматтарды ачуу же берүү каралбаган мамлекеттердин (аймактардын) Тизмесин түзүү (оңдоолорду киргизүү) жана аларды жарыялоо;
- кызматкерлерди жана маалыматтарды берген адамдарды окутуу жана ТЭФ/КМАК чөйрөсүндө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү сертификаттарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын каражаттарды түзүү жана пайдалануу;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштуруу жана ушул сыйлыктар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамасын бекитүү;
- Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк делегациялардын кабыл алуусуна, Кыргыз Республикасынын чет мамлекетке кетүүчү делегациясынын ишине белгиленген тартипте катышуу жана чет мамлекеттерге ТЭФ/КМАК маселелери боюнча делегацияларды жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө алынган маалыматтарды текшерүү, анын ичинде берилген маалыматтар боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашыруу.
10. Финансылык чалгындоо өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктарды жана башка актыларды (ченемдик укуктук акты болуп саналбаган) чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
11. Финансылык чалгындоо менен чет мамлекеттердин финансылык чалгындоосунун тиешелүү компетенттүү органдарынын ортосундагы эл аралык келишимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашылат.
V. Финансылык чалгындоонун ишин уюштуруу
12. Финансылык чалгындоону Финансылык чалгындоонун төрагасы башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
13. Финансылык чалгындоонун төрагасы Финансылык чалгындоого жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
14. Финансылык чалгындоонун төрагасы:
- Финансылык чалгындоого түздөн-түз жетекчилик кылат жана коюлган милдеттер менен функциялардын аткарылышын контролдойт, анын ишин пландаштырат, Финансылык чалгындоонун ишинин негизги багыттарын аныктайт;
- Финансылык чалгындоону республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган финансылоонун башка булактарынын эсебинен күтүүгө чыгымдарды финансылоо боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген эмгек акы төлөөнүн шарттарынын (фондунун) жана кызматкерлердин санынын чегинде Финансылык чалгындоонун түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Финансылык чалгындоонун компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
- белгиленген иш чөйрөсүндөгү маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу;
- белгиленген тартипте контракттык негизде кызматкерлерди (кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлерин) ишке алууну жана аларды иштен бошотууну уюштурат, ишке тартылган адамдар менен эмгек келишимин түзөт, өзгөртөт жана бузат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Финансылык чалгындоонун мамлекеттик кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын жана функциялык милдеттерин белгилейт;
- Финансылык чалгындоонун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Финансылык чалгындоонун ишине тийиштүү маселелер боюнча башка ички укуктук актыларды бекитет;
- Финансылык чалгындоонун ишин келечектүү жана учурдагы пландаштырууну ишке ашырат, пландардын өз убагында жана толук аткарылышына контролдук кылат;
- зарыл болсо Финансылык чалгындоо жөнүндө Жобону, анын штаттык санын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өзгөртүү маселелерин кошо алганда, Финансылык чалгындоонун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;
- ТЭФ/КМАК маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Финансылык чалгындоонун иши тууралу докладдарды жана отчетторду киргизет;
- Финансылык чалгындоонун кызматкерлерине тартип жазасын колдонот же сыйлайт;
- белгиленген тартипте Финансылык чалгындоонун мыкты кызматкерлерин ардактуу наамдарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдери менен каралган ТЭФ/КМАК маселелери боюнча чараларды өз убагында кабыл алууну уюштурат;
- Финансылык чалгындоонун коллегиясын жана эксперттик кеңешин башкарат;
- республикалык бюджеттен Финансылык чалгындоону күтүүгө бөлүнүүчү финансылык каражаттарды жана финансылоонун башка булактарын белгиленген тартипте тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Финансылык чалгындоодо Финансылык чалгындоонун статс-катчысынын жана төраганын орун басарынын кызмат орду каралат.
Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Төраганын орун басары Финансылык чалгындоонун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Статс-катчы жана төраганын орун басары төрагага түздөн-түз баш ийет жана Финансылык чалгындоонун ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чектеринде уюштурат.
Финансылык чалгындоонун төрагасы жок болгон учурда функциялык милдеттерин бөлүштүрүүнүн чегинде анын функцияларын аткаруу статс-катчыга же орун басарга жүктөлөт.
VI. Консультациялык-кеңешүүчү органдар
16. Коллегия жана эксперттик кеңеш Финансылык чалгындоонун консультациялык-кеңешүүчү органдары болуп саналат.
17. Финансылык чалгындоодо Финансылык чалгындоонун төрагасынан (коллегиянын төрагасы), статс-катчыдан, Финансылык чалгындоонун төрагасынын орун басарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Финансылык чалгындоонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн курамы (кызмат орду боюнча) Финансылык чалгындоонун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Коллегия өз жыйналыштарында Финансылык чалгындоонун буйругу менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коллегиясы жөнүндө жобого ылайык анын компетенциясына кирген маселелерди карайт.
18. Финансылык чалгындоодо Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринен турган эксперттик кеңеш түзүлөт. Финансылык чалгындоонун төрагасы эксперттик кеңештин төрагасы болуп саналат.
Эксперттик кеңештин курамы Финансылык чалгындоонун төрагасы тарабынан бекитилет. Эксперттик кеңештин курамына зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Эксперттик кеңеш өз жыйналыштарында Финансылык чалгындоонун буйругу менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын эксперттик кеңеши жөнүндө жобого ылайык анын компетенциясына кирген маселелерди карайт.
Эксперттик кеңештин чечими протокол менен таризделет. Эксперттик кеңештин жыйналышы зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
VII. Финансылык чалгындоонун кызматкерлери жана алардын жоопкерчилиги
19. Финансылык чалгындоонун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчылары болуп саналышат.
20. Финансылык чалгындоонун кызматкерлери Финансылык чалгындоонун төрагасы тарабынан бекитилүүчү өздөрүнүн функциялык милдеттерине ылайык иш алып барышат. Финансылык чалгындоонун кызматкерлерине функциялык милдеттеринде каралбаган функцияларды жүктөөгө жол берилбейт.
21. Финансылык чалгындоонун кызматкери кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик коргоосунда турат.