КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 24-апрели ПЖ № 84
У.А.Араев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Араев Улан Абдыжапарович 2013-жылдын 22-апрелинен баштап өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |