КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 24-апрели ПЖ № 85
С.Камбаралиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясы С.Камбаралиевге карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип чарасын колдонгондугуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Камбаралиев Сатарали Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |