Редакцияот 24.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 24-апрели ПЖ № 86

М.А.Абдыкалыков жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын судьясы М.А.Абдыкалыковду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Абдыкалыков Мамасадык Абдыкалыкович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев