КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 30-апрели ПЖ №97
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Баткен облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 30-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Баткен облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Аданбаев Зарипбек Максутович;
- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;
- Алибаев Бактыяр Маликович;
- Жороев Султангазы Золотунович;
- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;
- Нарынбаев Таштанбек Пахирович;
- Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич;
- Толубаева Уулча Мейманалиевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |