Загрузка документа…
КР Президентинин
2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ N 121 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-июну ПЖ № 128
Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер келечекте мамлекеттик структуралар менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн таасирдүү модели болуп калууга тийиш.
Кыргызстан үчүн бул принципиалдуу жаңы институттун торолушунун уюштуруучулук этабы аяктады, коомдук байкоочу кеңештердин ишинин алгачкы дурус натыйжалары алынды. Кыргызстандыктар өздөрүнүн жигердүү жарандык позициясы жана кесиптик тажрыйбалары менен мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде ачыктык жана маалымдуулук принциптеринин сакталышына салым кошо турган аянтча түзүлдү.
Коомдук байкоочу кеңештердин торолушунун жаңы этабында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана түздөн-түз мамлекеттик aткapуу бийлик органдары менен кыйла тыгыз жана макулдашылган иш талап кылынат.
Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын, ошондой эле ушуга байланыштуу алдыда боло турган мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерин калыптандыруунун жана ишинин тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралышын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктары 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы, 1-пункттагы, 8-пункттун алтынчы абзацындагы ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын", "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу", "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |