Загрузка документа…
| № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-декабрында № 535 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбиясы жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин
2009-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 264 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбиясы жана спорт боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык орган болуп саналат, ал дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө мамлекет башчысына маалымдоо, анын дене тарбия-спорт бирикмелери, дене тарбия, спорттук уюмдар жана дене тарбиянын жана спорттун ишмерлери менен өзара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.
2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш жөнүндө Жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды жана аны турмушка ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча дене тарбиянын жана спорттун маселелери боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана тиешелүү сунуштарды даярдоо;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлорун карап чыгуу;
- дене тарбия жана спорт жагынан коомдук маанилүү долбоорлорду карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына ар жылдагы кайрылууларына, башка программалык документтерге жана Кыргыз Республикасынын Президентинин сүйлөгөн сөздөрүнө дене тарбия жана спорт маселелерин козгогон материалдарды даярдоо, ошондой эле тиешелүү чечимдердин турмушка ашырылышынын жүрүшүн талдоо;
- республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине дайыма маалымдап туруу;
- дене тарбия-спорт бирикмелеринин, дене тарбия жана спорт уюмдарынын, коммерциялык эмес фонддордун жана башка уюмдардын Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын атына келип түшкөн кайрылууларын белгилеген тартипте карап чыгуу;
- дене тарбия-спорт бирикмелеринин аракеттерин координациялоо максатында алар менен өзара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча дене тарбия жана спорт чөйрөсүнө тиешелүү болгон жана маанилүү мамлекеттик мааниси бар башка маселелерди талкуулоо.
5. Координациялык кеңеш өзүнүн негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле дене тарбия-спорт бирикмелеринен, дене тарбия жана спорт уюмдарынан жана кызмат адамдарынан зарыл материалдарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана аткаруу бийлик органдарынын маалымат банктарын пайдаланууга;
- өз жыйналыштарына аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарын, дене тарбия-спорт бирикмелеринин жана дене тарбия жана спорт уюмдарынын өкүлдөрүн чакырууга;
- өзүнүн өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары, коомдук бирикмелер дене тарбия жана спорт уюмдары өткөргөн кеңешмелерге, конференцияларга жана семинарларга катышуу үчүн жөнөтүүгө;
- мамлекеттик, анын ичинде өкмөттүк байланыш жана коммуникация системаларын пайдаланууга;
- айрым иштерди жүзөгө ашыруу үчүн белгиленген тартипте уюмдарды, ошондой эле илимпоздорду жана адистерди тартууга, анын ичинде келишимдик негизде тартууга.
6. Координациялык кеңеш Координациялык кеңештин төрагасынын, анын орунбасарынын, Координациялык кеңештин катчысынын жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти Координациялык кеңештин төрагасы болуп саналат.
Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары жана Координациялык кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталыштарда катышат.
7. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз мүчөлөрүнүн ичинен, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин, дене тарбия жана спорт ишмерлеринин, Координациялык кеңештин курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен өзүнүн ишинин багыты боюнча комиссияларды жана жумушчу топторду түзө алат. Мындай комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине жетекчиликти Координациялык кеңештин мүчөлөрү жүзөгө ашырат.
8. Координациялык кеңештин төрагасы, анын орунбасары, Координациялык кеңештин катчысы, ошондой эле комиссиялардын жана жумушчу топтордун жетекчилери Координациялык кеңештин президиумун түзөт.
Координациялык кеңештин президиуму комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин координациялоону жүзөгө ашырат, ошондой эле Координациялык кеңештин ишинин учурдагы маселелерин чечет.
Координациялык кеңештин президиумунун чечимдери протокол менен толтурулат, ага Координациялык кеңештин президиумун анын жыйналышында төрагалык кылган мүчөсү кол коет.
9. Координациялык кеңештин жыйналыштары алты айда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Зарылчылык болгон учурда Координациялык кеңештин кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.
Координациялык кеңештин жыйналыштарын Координациялык кеңештин тең төрагасы же анын орунбасары алып барат.
10. Эгерде Координациялык кеңештин жыйналышына Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышып олтурса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет. Координациялык кеңештин чечимдери Координациялык кеңештин жыйналышка катышып олтурган мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен толтурулат, ага Координациялык кеңештин тең төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам кол коет. Координациялык кеңештин ишинин уюштуруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу учурунда пикир сурап билүү барактарын пайдалануу менен Координациялык кеңештин мүчөлөрү добуш бериши мүмкүн.
11. Координациялык кеңештин өз бланкы болот. Координациялык кеңештин иши менен байланышкан кат алышуу учурунда каттарга Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары же Координациялык кеңештин катчысы кол коет.
12. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу-усулдук жана башкача камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2009-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 264 Жарлыгынын редакциясына ылайык)