Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 9-июну ПЖ № 264
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңештин курамы жөнүндө
2006-2010-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүү концепциясын натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-декабрындагы № 535 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө Жобонун 12-пунктунда "Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмү" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңештин курамы күчүн жоготту деп табылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-декабрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-майындагы № 166 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 9-июнундагы № 254 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Бакиев Курманбек Салиевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, кеңештин төрагасы;
Воинов Александр Хусаинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, кеңештин төрагасынын орун басары;
Бардинова Нуржан Арзыкуловна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жака спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы, кеңештин катчысы;
Орозбаева Лада Жантаевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Назаров Орзубек Пулетович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин төрагасы;
Салымбеков Аскар Мааткабылович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы, "Көк бөрү" Федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү;
Сакебаев Советбек Абдышевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Абдыш ата" футбол клубунун президенти;
Мусаев Абдулда Инаятович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жан илим министри;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Султанов Марат Абдыразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Мамбетов Марат Авалович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Эшимканов Мелис Асаналиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору;
Саралинов Мурат Назарбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти;
Ким Валерий Леонидович - Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, профессор;
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич - Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин республикалык балдар спорт мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү;
Тюлеев Нариман Ташболотович - Бишкек шаарынын мэри;
Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич - Ош шаарынын мэри;
Жумабеков Маратбек - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Масиров Кошбай - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Исаев Кыдыкбек Шайдинович - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Суваналиев Өмүрбек Исакович - Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Карашев Аалы Азимович - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Болотбеков Бейшенбек - Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Кумаров Болоткан Советбекович - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору.