Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 4-февралы ПЖ № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 7-декабрындагы N ПЖ 10 (КПҮ) Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жободо:
- 5-пункттун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат; ачык-айкын иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат;";
- 11-пункт төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын соттордогу өкүлчүлүктөрү үчүн доогер жана жоопкер катары ишеним катка кол коет;";
- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:
"11-1. Президенттин Аппаратынын Жетекчиси зарыл болгон учурда коомдук башталышта (Президенттин Аппаратынын штаттык санынан тышкары) Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчилерин дайындай алат.".
- төмөнкү мазмундагы IV-1 бөлүк менен толукталсын:
"IV-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары
14-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар):
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;
- Президенттин Аппаратынын түзүмүнө кирет;
- ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары жөнүндө жобо менен белгиленген компетенцияларга, башка актылар жана мамлекет башчысынын тапшырмаларына ылайык иштейт.
14-2. Айрым маселелерди иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти коомдук башталышта (Президенттин Аппаратынын штаттык санынан тышкары) кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындай алат.
14-3. Кеңешчилердин негизги милдеттери болуп тескеген багыттар боюнча өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү иштин абалын талдоо жана ал жөнүндө мамлекет башчысына билдирүү, мамлекеттик башчысынын ишмердигинин ар кандай багыттары боюнча кеңештерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылуу саналат.
Жардамчылардын негизги милдети болуп ачык-айкын багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин күндөлүк ишин жүргүзүүгө ага жардам берүү жана көмөк көрсөтүү саналат.
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекет башчысынын алдында турган милдеттердин биринчи кезектүүлүгүнө жана маанилүүлүгүнө жараша ушул Жободо каралгандардан айырмаланган башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды кеңешчилерге жана жардамчыларга жүктөшү мүмкүн. Мамлекет башчысы кеңешчилер менен жардамчылардын ишмердигинин санын жана багыттарын аныктайт.
14-4. Кеңешчилер менен жардамчылар өз компетенцияларынын чегинде:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын катышуусу менен иш-чараларды уюштурууга катышат;
- актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын талаптагыдай аткарышына контролдук кылууга; мамлекеттик башчысы жүргүзүп жаткан ишти түшүндүрүүгө жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого катышат;
- Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун кызмат адамдары жана жетекчилери, башка органдар менен өз ара аракеттенет жана зарылчылыгына жараша белгиленген тартипте алардын кызматкерлерин кеңешчилер менен жардамчылардын карамагына берилген маселелерди чечүүгө тартат;
- мамлекет башчысын зарыл маалыматтык-талдоо жана аныктама материалдар менен камсыз кылат, өлкөнүн жана анын региондорунун өнүгүшүнүн ар кандай багыттары боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды жана рекомендацияларды киргизет.;
- алардын дарегине жөнөтүлгөн кат-кабарларды, кызматтык документтерди жана жарандардын кайрылууларын карайт, жарандарды кабыл алат.
14-5. Кеңешчилер менен жардамчылардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".
2) (КР Президентинин 2011-жылдын 7-декабрындагы N ПЖ 10 (КПҮ) Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2011-жылдын 7-декабрындагы N ПЖ 10 (КПҮ) Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| Р. Отунбаева |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2011-жылдын 7-декабрындагы N ПЖ 10 (КПҮ) Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)