Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 16-январы ПЖ № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы ПЖ № 63, 2020-жылдын 13-январындагы ПЖ № 3 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүүгө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгынын 2, 4-6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 4-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
4. Бул Жарлык 2018-жылдын 9-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы ПЖ № 3 Жарлыгынын редакциясына ылайык)