Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2013-жылдын 1-июлу ПЖ № 155
Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 219 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы мамлекеттин ишинин маанилүү артыкчылыктарынын бири катары натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү милдетин алдыга коет.
Коомдун азыркы абалы жана Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо максаттары жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен, мамлекеттик тил этностук таандыктыгына карабастан бардык кыргызстандыктар үчүн бириктирүүчү тил болушуна жетишүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктары мамлекеттик кыргыз, расмий орус, ошондой эле дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын муунун тарбиялоо зарылдыгын пайда кылат.
Бирок бүгүнкү күнү тил саясатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси өтө курч турат. Эгемендик жылдары Кыргыз Республикасында аны колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлгөн, бирок дурус жылыштар менен катар мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде мамлекеттик башкарууда кеңейтүү темпинде артта калуу байкалат. Өлкөнүн дээрлик бардык билим берүү мекемелеринде окутулуп жаткандыгына карабастан кыргыз тилин ал эне тили болуп саналбаган адамдардын ондон бир бөлүгү гана билет. Бул мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө коомдо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда.
Түзүлгөн кырдаалдын себептеринин катарында финансылоонун жетишсиздигин, ошондой эле азыркы учурдагы тил саясатынын натыйжасынын төмөндүгүн белгилөөгө болот. Билим берүүнүн мамлекеттик системасына гана басым жасоо талаптагыдай натыйжа бербей жаткандыгы айкын болууда. Ошондуктан рынок механизмдерине жана жарандык секторго таянган бейформал тилдик билим берүү системасын түзүүгө дем берүү керек. Мамлекеттик тилди үйрөнүү жана пайдаланууну кеңейтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башка тилдер менен катар мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө дурус роль ойноого тийиш. Бейформал жолдорду колдонуунун эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу Кыргызстанда чет тилдерди, өзгөчө англис тилин үйрөнүү тажрыйбасы менен ырасталууда, мында англис тил чөйрөсү жок болсо да адамдар ал тилди жеке курстарда тездетилген режимде жана жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү өздөштүрүп жатышат.
Кыргыз тилин үйрөнүүгө түрткү берүү жана өбөлгөлөрдү түзүү, инновациялык технологияларды, окутуунун заманбап усулдарын колдонуу менен окутуу системасын жакшыртуу маселелери да чечүүнү талап кылат. Окутуучу кадрлардын потенциалын да жогорулатуу керек. Кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктоо технологиясын киргизүү зарылчылыгы бышып жетилди.
Кыргызстандыктардын, өзгөчө балдар жана жаштар үчүн ата-мекендик жана чет өлкөлүк адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу системасын түзүү, китеп басып чыгаруунун жана китептерди таркатуунун, көркөм котормонун, анын ичинде аудио- жана видео алып жүрүүчүлөрдү колдонуу менен заманбап талаптарга жооп берген системасын өнүктүрүү зарыл.
Ошону менен бирге алыскы райондордун жана шаарлардын тургундары мамлекеттин алдына орус тилин окутуунун сапатынын төмөндөп бара жаткандыгынын маселесин коюп жатат. Көп тилдүү билим берүүнү алга илгерилетүү боюнча демилгелер системалуу эмес.
Тил саясатынын маселесинин, биринчи кезекте мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө чечилбегендиги жалпы жарандык аң-сезимди калыптандыруунун, Кыргызстандын калкынын биримдигин чыңдоонун жолунда олуттуу кыйынчылыктарды түзүп жатат.
Негизги багыттары 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында белгиленген мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана натыйжалуу мамлекеттик тил саясатын жүргүзүү маселелерин чечүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын тил саясатын өркүндөтүү боюнча тиркелген тиркемеге ылайык курамда жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) түзүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Жумушчу топ 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоору боюнча системалаштырылган сунушту иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна берсин.
3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган биринчи кезектеги жана кечиктирилгис чаралар катары:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:
- 2014-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө жумушчу топтун сунушун эске алуу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын ишмердүүлүгүн финансылоонун көлөмүн жок дегенде эки эсе көбөйтүүнү приоритеттүү тартипте кароо;
- 2014-жылдын бюджетинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 5-11-класстары үчүн тил сабактары боюнча окутуунун заманбап функциялык-коммуникациялык усулдарын пайдаланууга негизделген окуу-усулдук комплекстерди (окуу китептер, жумушчу дептерлер, усулдук окуу куралдары) басып чыгарууга каражатты кароо;
- 2013-жылы "инновациялык 100 мектеп" программасын жүзөгө ашырууга, анын ичинде бул максаттарга республикалык бюджеттин орточо мөөнөттүк божомолунда каражат бөлүүнү кароо менен алардын базасында көп тилдүү билим берүү жана тил сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну пилоттоого киришүү;
мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тестирлөөнүн "Кыргызтест" системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2013-жылы 2,5 млн. сом жана 2014-жылы 4,5 млн. сом бөлүү. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын акырына чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында аны сынап көрүүнү эске алуу менен аны 2015-жылы киргизүүнү камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият» телеканалынын базасында Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын, анын ичинде тилди кеңири таанытууга, ошондой эле Кыргызстандын азыркы маданиятынын мыкты үлгүлөрүн алга илгерилетүүгө багытталган ар түрдүү пландагы телевизиондук берүүлөрдү көрсөтүү үчүн иштеп жаткан "Маданият-Тарых-Тил" (МТТ) телевизиондук каналын түзүүнү камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенип мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасында мамлекеттик тилди билүү сапатын кызматтык милдеттерди талаптагыдай натыйжалуу аткаргыдай деңгээлге чейин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү карасын;
4) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия менен өз ара аракеттенип:
- 2013-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек, Ош шаарларынын жогорку окуу жайларынын жана зарылчылыгына жараша өлкөнүн башка ЖОЖдорунун базасында волонтерлорду тартуу менен чоңдор үчүн мамлекеттик тилди окутуунун акысыз курстарын уюштурсун;
- 2015-жылга карата мамлекеттик, ошондой эле расмий жана англис тилдерин окутуу боюнча окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгууну аяктасын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына киргизүүнү камсыз кылсын;
- 2013-2014-жылдары мамлекеттик кыргыз, расмий орус жана англис тилдери боюнча колдо бар окуу китептерине эксперттик баа берүүнү камсыз кылсын;
- жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде билүү деңгээлдери боюнча кыргыз тилин үйрөтүүнүн мыкты ыкмаларына конкурс уюштурсун жана заманбап талаптарга жооп берген, анын ичинде кыргыз тилин тез жана терең үйрөтүү үчүн мыкты окуу куралдарын басып чыгарууну финансылоону жүзөгө ашырсын;
- инновациялык ыкмалардын негизинде кыргыз тилин окутуунун усулдарын өркүндөтүү максатында кыргыз тилин окутуучуларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук борборду уюштурсун;
- конкурстук негизде мыкты тил курстарын мамлекеттик кепилдик менен колдоону кошуп алганда мамлекеттик тилди окутуунун бейформал системасын өнүктүрүүгө дем берсин;
5) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- китеп басып чыгарууну жана таркатуу системасын өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын уюштурсун жана аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин курамында өз алдынча чарбалык эсептеги структура катары аныктасын;
- кыргыз тилин жана адабиятын кеңири таанытуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда китеп сатуучу уюмдарды, алардын тармактарын жана айрым көз карандысыз китеп таркатуучуларды тартуу менен китеп-журнал продукциясын, анын ичинде мамлекеттик тилдеги балдар китептерин сатууну уюштурсун;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду менен өз ара аракеттенип:
- дүйнөлүк, анын ичинде балдар адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилинде басып чыгаруу үчүн котормочулар арасында ар жылдык конкурс өткөрүүнү уюштурсун;
- 2015-жылдын октябрынан тартып телерадиокомпаниялар менен бирдикте көркөм жана илимий-популярдуу фильмдерди кыргыз тилиндеги титрлер менен коштоону камсыз кылсын;
- жарандык коомду, маданият ишмерлеринин, чыгармачыл интеллигенциянын, кыргыз тилин акысыз негизде окуп жаткан студенттердин ичинен волонтерлорду тартуу менен "Ынтымак тили" Улуттук долбоорун жүзөгө ашырсын;
- компьютердик окутуу, кыргыз-чет тилдик котормо программаларын түзүүнү, акысыз компьютердик тесттери менен улуттук Интернет-ресурстарды өнүктүрүүнү колдосун жана дем берсин;
7) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсү" телерадио берүү компаниясына, мамлекет катышкан башка телерадиокомпанияларына ар кандай курактагы категориялар үчүн видеокурстар, көркөм жана анимациялык фильмдер аркылуу кыргыз тилин окутуу жана кеңири таанытуу боюнча телевизиондук жана радио-долбоорлорду жүзөгө ашыруу сунушталсын;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте тилдин грамматикалык, лексикалык, синтаксистик жана башка курамына илимий изилдөө жүргүзүүнү, мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында зарыл реформаларды иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү финансылык жана башка маселелер чечилгенге чейин жогоруда аталган чараларды кечиктирбестен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча комиссияга караштуу билим берүү Фондунан:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ушул Жарлыктын 3-пунктунун 4-пунктчасынын төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн баштапкы чара катары 5000000 (беш миллион) сом бөлүнсүн;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ушул Жарлыктын 3-пунктунун 5-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн баштапкы чара катары 3000000 (үч миллион) сом бөлүнсүн;
- Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондуна ушул Жарлыктын 3-пунктунун 6-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн баштапкы чара катары долбоордук негизде 2000000 (эки миллион) сом бөлүнсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Турсунбеков Чыныбай - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Акунович депутаты, филология илимдеринин кандидаты,
жумушчу топтун жетекчиси;
Карыбаева Мира - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппа-
Аскеровна ратынын этностук, диний саясат жана жарандык
коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн
башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Акматов Казат - коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эл
жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Аманбаева Урмат - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Абдилашимовна депутаты (макулдашуу боюнча);
Биялиев Кутманбек - Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян
Абакович университетинин кыргыз тил кафедрасынын
башчысы, филология илимдеринин доктору
(макулдашуу боюнча);
Дербишева Замира - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин чет
Касымбековна тилдер жогорку мектебинин директору, филология
илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);
Досоева Сагия - филолог, кыргыз тилин окутуу боюнча усулдук
Кочкембаевна окуу куралынын автору (макулдашуу боюнча);
Дюшеева Гүлмира - Борбордук Азиядагы Америка университетинин
Самтыевна кыргыз тил программасынын улук окутуучусу
(макулдашуу боюнча);
Карагулова Лира - "Маданият аралык билим берүү" коомдук
Билимовна бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Карашев Аалы - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр
Азимович кызматынын директору;
Кожошев Арзыбек - Кыргыз Республикасынын финансы министринин
Орозбекович орун басары;
Кулматов Алмазбек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Окинович
Молдогазиева Айдай - "Universum" маданий-билим берүү борборунун
Турганбаевна аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Каныбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Оторбаев Кубат - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио
Табылдиевич берүү корпорациясынын башкы директору;
Раев Султан - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат
Акимович жана туризм министри;
Садыков Канат - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана
Жалилович илим министри;
Токтоналиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Токтогулович академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана
адабият институтунун директорунун м.а.,
филология илимдеринин доктору, профессор;
Чыманов Жеңишбек -Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин
Арыпович кыргыз тилин жана адабиятын окутуу усулу
кафедрасынын профессору, педагогикалык илимдердин
доктору, (макулдашуу боюнча);
Шаповалов Вячеслав - котормочу, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия
Иванович Славян университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Эрматов Эгемберди - Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл акыны.