Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 12-октябры ПЖ № 206
З.М. Апышев жөнүндө
(КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьясы З.М. Апышевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнун 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Апышев Зарлык Мусаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |