Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 5-ноябры ПЖ № 201
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгынын 4 жана 5-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине озгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү женүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 4 жана 5-пункттары;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 217 Жарлыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-октябрындагы № 206 "З.М. Апышев жөнүндө" жана 2013-жылдын 12-октябрындагы № 207 "К.Т. Зулушев жана М.А. Сатыев жөнүндө" жарлыктарынын преамбуласындагы "17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 -пунктуна," деген сездөр алып салынсын.
3. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган кундөн баштап күчүне кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |