ЖарлыкКүчүн жоготту

КР 2011-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 25 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы «Курманжан Датка» орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2016-жылдын 5-августундагы ПЖ № 180 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2011-жылдын 14-декабры ПЖ № 25

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы № 301 "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич комиссиянын төрагасы болуп киргизилсин;

- комиссиянын курамынан Э.Б.Мамкулов чыгарылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев