Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 5-августу ПЖ № 180
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы № 301 "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 13-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун төртүнчү абзацы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |
Тиркеме
"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы; |
Акаев Жанарбек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Омурбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сманбаева Жылдыз Аскарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти; |
Жанболотов Улан Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси; |
Усубалиев Таалайбек Сыдыманович | - | "Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдраимов Алымбек Мекенович | - | "Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Копотев Вячеслав Викторович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
Шафир Александр Львович | - | геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
Макашов Султан Макашович | - | "Кыргыз Республикасынын эл чеберлеринин союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |