Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 7-июну ПЖ № 138
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы
"Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Баатыр эне" орденинин Сүрөттөлүшүндө:
- биринчи абзацта "күмүштөн" деген сөз "күмүштөн жана мельхиордон" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Указ менен бекитилген "Эне даңкы" медалынын Сүрөттөлүшүндө:
- биринчи абзацта "күмүш калыптан" деген сөздөр "мельхиор калыптан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 11-июнунда № 49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |