Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 9
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2019-жылдын 27-ноябры ПЖ № 164
"Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353, 2024-жылдын 28-майындагы № ПЖ № 127 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 26-ноябрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 18-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын "Даңк" жана "Достук" ордендеринин үлгүлөрүн жана сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
"Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрү
(КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 353, 2024-жылдын 28-майындагы № ПЖ № 127 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси
"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон айлананы түзгөн жогорку деңгээлде сегиз нурлуу жана диаметри 30 миллиметр болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлде он алты нурлуу симметриялык жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.
Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр веногу менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборунда алтын жалатылган фондо ыйык "Ак Шумкардын" рельефтик сүрөтү жайгашкан.
Белгинин калыбы (кыргыздардын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмаль тилкеде түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган.
Калып жана жылдыз өз ара чынжырлар системасы менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.
2. I, II, III даражадагы "Манас" ордени
I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн - диаметри 60 миллиметр болгон сегиз шоолалуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, алтын каптама жашоонун символу болгон булутсуз асманды жана сууну чагылдырган чырмалышкан кочкул көк түстөгү эки квадраттан жана күндүн символу болгон борбордогу кызыл айланадан турат. Айлананын ортосунда - туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын рельефтүү алтын сүрөтү түшүрүлгөн.
II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы орден менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама борборго, Манастын сүрөтүнө жана жылдыздын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбыракка алтын жалатылган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.
III даражадагы "Манас" ордени айрым элементтерине алтын жалатылбастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.
Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.
3. "Курманжан Датка" ордени
"Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз.
Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.
Ордендин ортосунда улуттук оюму бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда "Элечек" кыргыз улуттук баш кийими менен Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар". Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюм жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.
Улуттук оюм жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат.
Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм.
"Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.
4. "Данакер" ордени
"Данакер" ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.
Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.
Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик "Данакер" деген жазуу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.
Ордендин арткы бетине алтын жалатылат, төмөн жагына ордендин номери чегилет.
"Данакер" ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл калыпка бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм х 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.
Калыптын арткы бетинде орденди кийимге тагуу үчүн төөнөгүч бар.
5. "Даңк" ордени
"Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.
Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда "Даңк" деген жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан.
Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.
6. "Достук" ордени
"Достук" ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.
Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" деген жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.
Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.
Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.
7. "Баатыр эне" ордени
Орден алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалат жана диаметри 40 мм жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын борборунда булутсуз көк асманды символдоштурган көгүш эмаль фонунда үйдүн очогунун символу болгон - түндүктүн стилдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн үстүндө - "Алтын казык" жылдызынын сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн айланасында ак эмаль шакек алкагында алтын жалатылган "Баатыр Эне" деген жазуу жайгаштырылган.
"Баатыр Эне" ордени байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө аткарылган, 32 мм х 25 мм х 25 мм өлчөмүндөгү тең капталдуу үч бурчтук формасындагы алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалган калып менен көзөнөктүн жардамы аркылуу бириктирилет. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.
Калыптын арткы бетинде - визир тибиндеги таккыч, ал эми ордендин арткы бетинде номери чегип жазылган.
8. "Эрдик" медалы
Медаль эки бөлүктөн - тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон фигураланып кесилген күмүш айланадан турат, алар өз ара звенолор системасы менен бириккен.
Айлананын ортосунда каармандыктын, чыдамкайлыктын жана кеменгерликтин символу катары ак илбирстин сүрөтү жайгаштырылган.
Айлананын жээгинде Мамлекеттик туунун элементтери (күн нурлары) жайгаштырылган жана "Эрдик" деген сөз жазылган.
Калыптын алдыңкы тарабында ысык эмаль ыкмасы менен иштелген үч тик тилке жайгашкан, алар ак мөңгүлүү Ала-Тоонун чокуларын, жашоонун символу катары сууну жана тынчтыктын символу катары көгүлтүр асманды чагылдырган ак жана көк түстөрдө жасалган.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.
9. "Даңк" медалы
Медаль эки бөлүктөн - күмүш калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон айланадан турат: алар бири-бири менен айланага терең отургузулган өзгөчө байламта системасы менен бириккен.
Калыпта даңктын символу болгон кайчылаштырылган эки лавр бутагы, анын үстүндө ысык ыкма менен жабылган кызыл эмалдуу эки тик бурчтук тартылган.
Айлана адаттан тышкаркы ыкма менен жасалган: анын чок ортосунда жана жээктеринде көзөнөктөр бар, алар аны жеңил сыяктуу көрсөтүп турат. Айлананын ортосунан төмөн жакта "Даңк" деген жазуу бар, борбордон эки жакты карай кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтери жайгаштырылган.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндө илгич, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.
10. "Эне даңкы" медалы
Медаль эки бөлүктөн турат - тең капталдуу үч бурчтук формасындагы калыптан жана диаметри 32 мм, бири-бирине көзөнөктүн жардамы менен бириктирилген күмүштөн жасалган өтмө дисктен.
Дисктин тышкы шакекчесинде - "Кыргыз Республикасы" деген тегерете рельефтүү жазуу түшүрүлөт.
Өтмө диск алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыз жана кыюуланган шакекче менен биригет, анын борборунда "Эне даңкы" деген рельефтүү жазуу түшүрүлөт. Жылдыздын борборунда булутсуз асманды символдоштурган көгүш эмаль айлана түшүрүлгөн. Өтмө мейкиндик бирдей чоңдуктун сегменттерин түзөт.
Калып байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө, 26 мм х 18 мм х 18 мм өлчөмүндөгү тең капталдуу үч бурчтук формасында аткарылган. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.
Калыптын арткы бетинде - визир тибиндеги таккыч, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.
11. Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына төш белгиси
Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириккен беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.
Алтын жалатылган колодон жасалган түз формалуу калып штамповка ыкмасы менен жасалган, 26 мм х 17 мм өлчөмдөгү калыптын алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен жабылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.
Асма алтын жалатылган күмүштөн жасалган, асманын өйдөңкү бөлүгүндө рельефтүү Мамлекеттик туунун (күндүн нурунун кыйылуусундагы түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) элементи жайгашкан. Ортоңку бөлүгүндө рельефтүү "Кыргыз Республикасы" деген жазуу турат. Асманын чет жактарында ардактын жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Асманын арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.
Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.
12. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын "Ардак белги" төш белгиси
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын төш белгиси тик бурчтук формасында, алтын түстүү, чет жактарында кыргыз улуттук оюму чегерилген, 20 мм х 28 мм өлчөмүндө, алтын жалатылган күмүштөн жасалат.
Үстүнкү бөлүгүндө кызыл түстөгү эмаль менен капталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун символу болгон тик бурчтуктун фонунун оң тарабында "Ардак белги" жазуусу жайгашкан. Төмөнкү жагында ардактын жана даңктын символу болгон рельефтүү лавр бутагы жайгаштырылган.
Төш белгинин арткы бетинде номери чегип жазылган, бекитмеси - цанга кыпчыткычы болот.