Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 153 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы
жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө
ЖОБО
III бөлүк. Ички иштер органдарынын жетектөөчү курамына атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
IV бөлүк. Кызмат өтөөнүн шарттары
V бөлүк. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушу
I бөлүк
Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшүнүн укуктук негизин аныктап, анын тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
1-глава
Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарынын кызматкерлери
2. Ички иштер органдарынын катардагы жапа жетектөөчү курамынын штаттык кызматын ээлеген же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) кадрларынын карамагында турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул Жободо белгиленген тартипте ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын атайын наамдары ыйгарылган ИИМдин окуу жайларынын курсанттары, угуучулары, адъюнктары жана докторанттары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналышат.
3. Кызматкерлерге формалык кийим, кызматтык күбөлүк жана жеке номерлеринин жетондору берилет. Кызматтык күбөлүктүн жана жеке номерлеринин жетондорунун үлгүлөрү, ошондой эле аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ички иштер министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилет.
Кызматкерлер формалык кийиминин, кызматтык күбөлүгүнүн жана жеке номерлеринин жетондорунун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызмат тартибин одоно бузуу болуп саналат жана күнөөлүүлөр тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
4. Кызматкерлер тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин табелдик ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды министр белгилеген тартипте дайыма алып жүрүүгө, сактоого укуктуу.
2-глава
Ички иштер органдарында кызмат өтөө принциптери
5. Ички иштер органдарында кызмат мыйзамдуулуктун, инсанды урматтоонун жана алардын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун, гуманизмдин, маалымдуулуктун, ички иштер органдарынын тиешелүү мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын контролдугунун жана аларга отчеттуулуктун, кызмат тартибин сактоонун, кызматы үчүн акыйкат сыйга ээ болуунун, жөндөмдүүлүгүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык иш-аракетинин натыйжасында кызматынан илгерилөөнүн принциптеринде түзүлөт.
Ички иштер органдарындагы кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
Кызматкерлердин ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгили алардын жалпы эмгек стажына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адистиги боюнча эмгек стажына эсептелет.
3-глава
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери
6. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка укуктук актылары, ИИМдин ченемдик актылары, ушул Жобо жана ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө эмгек келишими (контракт) түзөт.
7. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын антын алышат.
8. Кызматкерлерге тиешелүү окуу жайлардын окуучулары, угуучулары жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерди берүү менен жалпы билим берүүчү жана башка окуу жайларда, ал эми эл аралык укуктук актыларга ылайык - чет мамлекеттердин окуу жайларында окуу үчүн окуу өргүүсү берилиши мүмкүн. Кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын министр аныктаган тартипте жогорулатышат.
9. Кызматкерлердин арасындагы кош бойлуу жана балалуу аялдар эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кош бойлуу жана балалуу аялдар үчүн белгиленген бардык кепилдиктерден жана жеңилдиктерден пайдаланышат. Энеси жок балдарды тарбиялаган (апасы өлгөн, ата-энелик укуктан ажыраган, дарылоо мекемесинде узакка болгон жана энелик камкордук болбогон башка учурларда) эркек-кызматкерлер энесиз балдарды тарбиялоочу адамдардын эмгеги жөнүндө мыйзамдарда белгиленген бардык кепилдиктерден жана жеңилдиктерден пайдаланышат.
10. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматта жетишкен жогорку натыйжалары үчүн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Дисциплинардык уставында (мындан ары - Дисциплинардык устав) ага берилген укуктардын чегинде зардал (командир) тарабынан сыйланышы мүмкүн.
11. Зардалдар өзүнө баш ийгендерге кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, аларга кызматтык өсүшү жана маданияттуу эс алышы үчүн реалдуу социалдык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө милдеттүү. Ички иштер органдарынын зардалдары жана башка кызмат адамдары кызмат өтөө жана кадр иштеринин маселелери боюнча ушул Жобонун жана башка ченемдик актылардын талаптарын так сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Ички иштер органдарынын кызматкеринин бузулган укугу дароо калыбына келтирилүүгө тийиш, мындай бузууларга жол берген кызмат адамы мыйзамдарда белгиленген учурларда келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү менен жоопкерчиликке тартылат.
4-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин
кызматтык милдеттери жана укуктары
12. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын антына, ушул Жобого ылайык ээлеген кызматы боюнча өз компетенциясынын чектеринде милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
13. Кызматтык милдетин аткаруу учурунда кызматкер мамлекеттин коргоосунда болот. Мыйзамда ыйгарым түздөн-түз укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан бөлөк эч ким алардын ишине кийлигишүүгө укугу жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алса, кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кызматтык милдеттерин аткаруудагы укукка жат иштери же аракетсиздиги, кызматтык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жоопкерчилик тартат.
14. Ээлеген кызматы боюнча кызматкердин милдеттери анын функциялык милдеттери менен аныкталат. Функциялык милдеттерди иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби министр тарабынан белгиленет.
15. Согуш убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде кызматкердин кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
5-глава
Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
16. Катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдын тиешелүү кызматтарына атайын наамдарды ыйгаруунун тартибин министр бекитет.
Жогорку жетектөөчү курамдын тиешелүү кызматтарына атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
6-глава
Атайын наамдар
17. Ички иштер органдарындагы катардагы жана жетектөөчү курамдын кызматына дайындалган Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле ИИМдин окуу жайларынын курсанттарына төмөнкүдөй атайын наамдар белгиленген жана ыйгарылат:
а) катардагы курам:
милициянын катардагысы; ички кызматтын катардагысы;
б) кенже жетектөөчү курам:
милициянын кенже сержанты; ички кызматтын кенже сержанты;
милициянын сержанты; ички кызматтын сержанты;
милициянын улук сержанты; ички кызматтын улук сержанты;
милициянын старшинасы; ички кызматтын старшинасы;
милициянын прапорщиги; ички кызматтын прапорщиги;
милициянын улук прапорщиги; ички кызматтын улук прапорщиги;
в) орто жетектөөчү курам:
милициянын кенже лейтенанты; ички кызматтын кенже лейтенанты;
милициянын лентенанты; ички кызматтын лейтенанты;
милициянын улук лейтенанты; ички кызматтын улук лейтенанты;
милициянын капитаны; ички кызматтын капитаны;
г) улук жетектөөчү курам:
милициянын майору; ички кызматтын майору;
милициянын подполковниги; ички кызматтын подполковниги;
милициянын полковниги; ички кызматтын полковниги;
д) жогорку жетектөөчү курам:
милициянын генерал-майору; ички кызматтын генерал-майору;
милициянын генерал-лейтенанты; ички кызматтын генерал-лейтенанты;
милициянын генерал-полковниги; ички кызматтын генерал-полковниги.
Кызматын токтоткон учурда алардын атайын наамдарына "запастагы" же "отставкадагы" деген сөздөр кошумчаланат.
7-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин кесиптик даярдыгы
18. Ички иштер органдарын жогорку квалификациялуу адистер менен толуктоо максатында кызматкерлерди кесиптик даярдоо ишке ашырылат, ал атайын баштапкы окутууну, кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонууга байланыштуу шарттардагы иштерге жарактуулугун мезгил-мезгили менен текшерүүнү, адистерди окуу жайларда даярдоону, квалификациясын жогорулатууну, стажировкадан өтүүнү жана кайра даярдоону камтыйт.
Кесиптик даярдыкты уюштурууну жана анын мазмунун министр аныктайт.
II бөлүк
Ички иштер органдарынын кызматкерин кызматка кабыл алуу
жана аны кызматы боюнча илгерилетүү
8-глава
Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуунун шарттары
19. Ички иштер органдарына кызматка улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына карабастан өзүнүн жеке, ишкер жана моралдык сапаттары боюнча жөндөмдүү, кесиптик билими бар жана ден-соолугу ички иштер органдарына жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кыла ала тургандай, анык аскердик кызматты, аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөгөн же запастагы офицер наамы бар (анык аскердик кызматты, аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөө жана запастагы офицер наамынын болушу аялдарга карата колдонулбайт) Кыргыз Республикасынын жараны ыктыярдуу түрдө кабыл алынат:
- катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматына - 19дан жаш эмес жана 30 жаштан ашпаган;
- орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдын кызматына - 19дан жаш эмес жана 35 жаштан ашпаган;
- профессордук-окутуучулук курамдын кызматына - илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент деген окумуштуулук наамы барлар - 45 жашка чейин, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор деген окумуштуулук наамы барлар - 50 жашка чейин.
Кенже жетектөөчү курамдын кызматын ээлеген жана жогорку билими бар кызматкерлер 35 жаштан ашкан куракта офицердик кызматка дайындалышы мүмкүн.
Талапкердин ден-соолук абалы жана башка дене жагынан талаптарга карата кызмат өтөөгө жарактуулук ИИМдин буйругуна ылайык аскердик-врачтык комиссия тарабынан аныкталат.
20. Окутуунун күндүзгү формасында ИИМдин жогорку окуу жайларында окууга орто же атайын орто билими бар, 16дан жаш эмес жана 25тен ашпаган, сыртган окуу формасына кызматынан ажыратылбастан 40ка чейинки курактагы, жалпы орто (толук), орто же жогорку кесиптик билими жана ички иштер органдарында кеминде бир жылдык иш стажысы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери кабыл алынат.
ИИМдин атайын орто кесиптик окуу жайларына анык аскердик кызмат өтөгөн, 25 жаштан ашпаган курактагы адамдар кабыл алынат.
21. Аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөгөн адамдар ИИМдин окуу жайларында милдеттүү баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин ички иштер органдарына кызматка алынат.
22. ИИМдин жогорку кесиптик окуу жайында жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларында окуу мезгили алгачкы атайын офицердик наамды ыйгаргандан кийин мөөнөттүү аскердик кызмат катары эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандарын ИИМдин профили боюнча башка мамлекеттердин окуу жайларына окууга тапшырганда жана аны улантканда алардын саны менен тизмелик курамы ички иштер органдарында кызматка ылайык келишин аныктоо үчүн ИИМ менен макулдашылат.
23. Ички иштер органдарындагы кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары аскерге чакырылуучулар алынбайт.
ИИМдин окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын, адъюнкттарын, докторанттарын кошо алганда ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматына дайындалган Кыргыз Республикасынын жарандары аскердик кызматка чакырылбайт, белгиленген тартипте аскердик эсепке алуудан чыгарылат жана тиешелүү ички иштер органынын атайын эсебине каттоого турат.
24. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматына ортодон төмөн болбогон билими бар, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун жеке жана ишкер сапаттары боюнча жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны ИИМдин окуу жайларында баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин кабыл алынат. Баштапкы даярдыктан жогорку билими бар жана ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөндө, ошондой эле ички иштер органдарындагы кызматка калыбына келтирилгендер өтүшпөйт.
25. Ички иштер органдарынын орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамынын кызматына жогорку билими бар, ал эми оперативдүү-кызматтык милдеттерди аткарууну караган кызматтарга - жогорку юридикалык билими бар Кыргыз Республикасынын жараны гана дайындалат. Жогорку юридикалык билими бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындала турган кызматтардын тизмесин министр аныктайт.
26. Министр аныктай турган зарыл шарттарда орто жана улук жетекчи курамдын кызматтарын контракттык (келишимдик) негизде ээлөөгө анын ичинде мурда ички иштер органдарында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле ИИМдин линиясы боюнча пенсия же болбосо аскердик пенсия төлөнгөндөрдү кошо алганда запастагы офицерлерге жол берилет, алар кийин ИИМдин кадрларына эсепке алынат.
27. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарындагы кызматка конкурстук негизде кабыл алынышы мүмкүн. Кызматкерлердин бош кызматтарды ээлөөгө конкурс мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Конкурстук негизде ички иштер органдарындагы кызматка алынуучу Кыргыз Республикасынын жараны ээлей турган кызматтардын тизмесин министр бекитет.
Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
28. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарына кызматка киргенде алар берген маалыматтар жана документтер министр бекиткен тартипте текшерилүүгө тийиш.
Ички иштер органдарына кызматка алуу буйрук менен таризделет.
9-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин Антынын тексти
29. Кызматкер төмөнкүдөй Ант берет:
"Мен, Кыргыз Республикасынын жараны (аты-жөнү) _______________ ички иштер органдарына мамлекеттик кызматка киришип жатып элиме берилгендигиме ишендирүү менен салтанаттуу ант берем:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын талаптарын кынтыксыз аткарамын;
жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябастан коргоймун;
мыйзамды сактаймын, ак ниет, кыраакы кызматкер болуп, адамды сыйлаймын, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактаймын;
кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниет аткарамын;
иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөймүн.
Антымды бузсам мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катаал жаза колдонулсун.".
Ант берүүчү Анттын текстине кол коет жана ант берген датасын көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.
Ант берүүнүн тартибин министр аныктайт.
10-глава
Ички иштер органдарына кызматка кабыл алууну
жана өтөөнү чектөө
30. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарына кызматка төмөнкүдөй учурларда алынбашы мүмкүн, эгерде ал:
а) соттун чечими менен ишке жараксыз деп табылса же болбосо соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматчы катары иштөөгө же кандайдыр бир мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынса;
б) соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынбаса же жоюлбаса;
в) компетенттүү органдар тарабынан мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга жол берилбесе;
г) ушул Жобонун 94-пунктунун к), л), м), т) жана ф) пунктчаларында каралган терс себептер боюнча ички иштер органдарынан, ошондой башка министрликтер менен ведомстволордон иштен кетирилсе;
д) ушул Жобонун 8-главасында айтылган кызматка кабыл алуу шарттарына жооп бербесе.
31. Жакын тууган болгон кызматкерлерге (ата-энелер, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, уулдар, кыздар, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) эгерде алардын кызматы бири-бирине түздөн-түз баш ийүүдө жана контролдугунда болсо бир эле ички иштер органында кызмат өтөөгө уруксат берилбейт. Бул жобо ата-энелери алардын түздөн-түз жетекчилери (начальниги) болуп саналышы мүмкүн болгон ИИМдин окуу жайларынын курсанттарына жана угуучуларына карата колдонулбайт.
32. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат: жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, мамлекеттик мүлктү, финансы каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга, өзүнүн кызмат абалын жеке же туугандарынын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн колдонууга, ошондой эле чыгармачылык, илимий жана агартуучулук иштерди кошпогондо ИИМдин системасына кирбеген, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштырып иштөөгө, саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга жана тыюу салынган диний уюмдарга катышууга же иштерин колдоп чыгууга.
11-глава
Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө
эмгек келишимин түзүү тартиби
33. Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө эмгек келишими ушул Жобонун 26-пунктунда аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын анрым категориялары менен түзүлөт.
Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө эмгек келишими боюнча жаран ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, Антты, ички тартипти жана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми ИИМ ага үлүштөрдүн бардык түрлөрүн, укуктарды жана жеңилдиктерди берүүнү камсыздоого, ички иштер органдарында кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана эмгек келишиминде каралган шарттарды түзүүгө милдеттенет.
Эмгек келишиминде юридикалык жагдайлар каралат, алар тараптар өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу келип чыгат.
Эмгек келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, анын шарттары кызматкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык жана социалдык абалын начарлатпайт.
Ички иштер органдарынын катардагы, жетектөөчү жана жалданма курамынын кызматына дайындалган жарандар менен кызмат жөнүндө эмгектик келишим кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Эмгек келишими анда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде эки ай мурда тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда кызматкер ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызмат маянасы төлөнүү менен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө эмгек келишиминде каралбаган милдеттерди аткарууга тартылышы мүмкүн.
Эмгек келишиминин формасы жана шарттары ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана министр бекитет.
34. ИИМдин жолдомосу жана ал тарабынан окууга төлөнүү менен окуу жайына тапшырган адамдар үчүн келишимде окуу жайын аяктагандан кийин кеминде беш жыл мөөнөткө кызмат өтөө каралууга тийиш, же алар окутуу боюнча бардык чыгымдарды кайра төлөшөт.
12-глава
Ички иштер органдарында кызматка дайындоо
35. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат орундарынын сапаттуу комплекттелишин камсыздоо бардык деңгээлдеги жетекчилердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
Кызматкерлерди штаттык кызмат орундары боюнча дайындоо жана которуу министр тарабынан аныкталган кызмат орундарынын (номенклатура) тизмесине ылайык ИИМдин жетекчилери ишке ашырат.
36. Кызматкерлердин бала багуу боюнча өргүү мезгилинде аларды башка кызматкерлер же жарандык калк арасындагы адамдар менен атайын наамдарды ыйгарбастан, оперативдик-кызмат иш-аракети менен байланышпаган жана жашыруун иш кагаздар менен иштөөнү талап кылбаган кызматтарга алмаштырууга уруксат берилет.
13-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызмат боюнча
которуу, бошотуу жана ээлеген кызматынан четтетүү
37. Кызматкер кызматы боюнча төмөнкүлөргө которулат:
а) жогору турган кызмат орундарына:
- кызмат боюнча өсүү тартибинде (түздөн-түз же жогору турган начальнигинин сунушунун негизинде);
- сунуштоо үчүн кадрлар резервинде турган кызматкерлердин ичинен.
Сунуштоо үчүн кадрлар резервин тандоо, түзүү жана бекитүү министр тарабынан аныкталат.
Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамынан кыйла жогорку атайын наам каралган болсо ал жогорку болуп саналат, ал эми кызмат боюнча каралган атайын наамдарынын тең болгон учурунда - ээлеген кызмат орду боюнча кыйла жогорку кызматтык маяна;
б) тең кызмат орундар боюнча:
- уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу (макулдашуу барагынын же түздөн-түз начальнигинин сунушунун негизинде);
- иш тажрыйбасын эске алуу менен адиси боюнча кыйла максатка ылайык пайдалануу үчүн (түздөн-түз начальнигинин сунушунун, макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде);
- кызматтын кызыкчылыктарында кызматкердин башка жерге которулууга - ротацияга байланыштуу (түздөн-түз начальнигинин же кадр аппаратынын начальнигинин сунушунун негизинде). Ротацияга эреже катары ээлеген кызмат орунунда 4 же андан ашык жыл иштеген кызматкер дуушар болот;
- кызматкерден көз карандысыз себептер боюнча, анын макулдугу менен өзүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда.
Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамына тең атайын наам каралган болсо, ал тең болуп саналат жана ээлеген кызмат орду боюнча тең кызматтык маяна;
в) төмөн турган кызмат орундарына:
- өзгөртүп кайра түзүү жана штаттык санды кыскартууда - кызматкерге билдирүү менен тең кызмат ордуна которулууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда (рапорттун, сунуштун же макулдашуу барагынын негизинде);
- аскердик-дарылоо комиссиясынын токтомуна ылайык ден соолугуна жараша;
- жеке сураныч боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде);
- аттестациялык тартипте кызматтык келишпестик боюнча (аттестациялык комиссиясынын чечиминин негизинде);
- Тартиптик уставга ылайык тартиптик айыптоо тартибинде (кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде).
Кызмат орду эгер ал үчүн штатта мурдагы кызмат орду боюнча атайын наамынан кыйла төмөн атайын наам каралса төмөнкү болуп саналат, ал эми штатта каралган атайын наамдарынын тең болгон учурунда - ээлеген кызмат орду боюнча кыйла төмөн кызматтык маяна;
г) ИИМдин окуу жайларына окууга же ээлеген кызмат ордунан бошотулуу менен башка мамлекеттердин бирдей деңгээлдеги окуу жайларына тапшырууга байланыштуу, ошондой эле окууну аяктагандан кийин кызматка дайындоодо (түздөн-түз начальнигинин сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде).
38. Аскер түзүлүштөрүнөн жапа укук коргоо органдарынан кызматкердин өзүнүн макулдугу менен анын кийинки кызмат өтөөсү үчүн багыттоо жөнүндө суроо-талап келип түшкөн учурда министр тарабынан которуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
39. Башка жерге кийинки кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлер кызмат өтөөнүн жаңы жерине иштерди тапшыргандан кийин, бирок бул адам кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгон учурлардан тышкары, буйрук же кызмат боюнча которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү чыккан күнүнөн тартып бир айдан кечиктирбестен келүүгө тийиш.
40. Өзгөртүп кайра түзүү (кошуу, биригүү, ажыратуу, бөлүнүү), ички иштер органдарынын баш ийүүсүн же аталышын өзгөртүү кызматкерлерди ички иштер органдарынын карамагына каттоо үчүн негиз болуп саналбайт. Кызматкерлерди ички иштер органдарынын карамагына каттоо мурда бул кызмат ордун ээлеген кызматкерди ошол кызматында кайра калыбына келтирүүгө, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, Тартиптик уставга ылайык кызматтан бошотуу менен, ошондой эле башка аскердик түзүлүштөрүнөн, укук коргоо органдарынан жана ИИМдин бөлүмдөрүнөн которулууга байланыштуу штаттык санды кыскартууда гана катталат. Ээлеген кызматынан бошотулуу ички иштер органдарында кызмат өтөөнү токтотуу болуп саналбайт.
41. Кадрлардын карамагындагы кызматкер ар бир жумушчу күнү кадрлар кызматына келүүгө тийиш жана кызматта коомдук тартипти коргоо боюнча пайдаланылат.
Кызматкердин кадрдын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жараксыз, кезектеги жана башка өргүүлөрдө болгон мезгилдери, ошондой эле офицердик курамдын бош орундары боюнча милдеттерди аткарган убактылары кирбейт.
Кызматкерди, кадрлар кызматы тарабынан сунушталган кадрлар карамагындагы кызматкер штаттык кызмат орундарына дайындоодон жазуу жүзүндө баш тартууда кадрлар карамагына каттоо жөнүндө буйрук менен жазуу жүзүндө милдеттүү таанышуу бир эле учурда ички иштер органдарынан 4 айлык мөөнөт өткөндөн кийин бошотулуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү болуп саналат.
42. Ички иштер органдарынын кызматкерин кызмат боюнча которууда ага негизги же жакын адиси боюнча же тажрыйбасына ылайык иш менен камсыздалат. Ички иштер органдарынын кызматкерин ал үчүн жаңы адис боюнча пайдалануунун зарылдыгы келип чыккан учурда которулуудан мурда тиешелүү курстардан (жыйындардан) кайра даярдоодон өтүүгө тийиш. Кызмат боюнча кызматкерди которуу бардык учурларда ички иштер органдарынын тиешелүү начальнигинин буйрук менен которуунун негиздемесин көрсөтүү менен таризделет. Буйрук кызматкерге кол коюу менен тааныштырылат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставында белгиленген тартипте төмөнкү кызмат ордуна которулган кызматкер бир жыл өткөндөн кийин кызмат боюнча анын кызматтык квалификациясын, тажрыйбасын, ишкерлик жана жеке сапаттарын, ден соолугунун абалын эске алуу менен кызмат боюнча жыла алат.
43. Кызматкерге бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу жүктөлүшү мүмкүн, бирок 3 айдан ашык эмес. Кызматкерге бош орун боюнча милдетти аткарууга жол берилбейт.
Бош эмес кызмат ордуна милдеттерди убактылуу аткарууга катардагы жана жетектөөчү курамдагы адамдарга жол берүү аталган кызматкер кызмат өтөп жаткан ички иштер органынын начальнигинин буйругу менен таризделет, бирок бул кызмат орду номенклатурасына кирген ички иштер органынын жетекчисине милдеттүү жүргүзүлгөн дайындоо жөнүндө билдирилет.
44. Бош эмес кызмат орундар боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу ал кызматты ээлеп турган кызматкер, ошондой эле анын штаттык орун басарлары алардын кызматтык милдеттерине карабастан ички иштер органдарынан дарыланууга, өргүүгө, кызматтык иш сапарга же окууга кеткен учурда гана ишке ашырылат.
45. Кызматкер төмөнкүдөй учурларда кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилет:
а) тергөө органдары ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө мыйзамга ылайык токтом чыгарса - иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин;
б) иште алкоголдук, наркотиктик же токсикалык мас абалда болсо;
в) кылмыш жасаганы үчүн кармалса жана камалса, соттун өкүмү же администрациялык жаза колдонуу компетенциясына кирген органдын токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
г) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн мезгилде.
Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, иштен четтетилген убакта эмгек акы эсептелбейт.
14-глава
Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөгү сыноо мөөнөтү
46. Жаштардын ичинен же иш стажысы жок адамдардан Кыргыз Республикасынын жаранын ички иштер органдарына кызматка жаңы алууда, ошондой эле катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерди офицердик кызмат орунга алууда тийиштүү ички иштер органынын начальниги кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөө менен кызматкерди 3 ай мөөнөткө чейинки сыноо менен кызмат орунга дайындай алат. Убактылуу эмгекке жарамсыз мезгил жана адам жүйөлүү себеп боюнча иште болбогон башка учурлар баштапкы сыноо мөөнөтүнө киргизилбейт.
Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин сыноонун натыйжасы канааттандырарлык эмес деп табылса, кызматкер төмөн турган башка кызмат орунга дайындалышы же ички иштер органдарынан бошотулушу мүмкүн.
Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин ички иштер органынын начальниги бошотуу жөнүндө чечим чыгарбаса, кызматкер сыноодон өттү жана туруктуу дайындалды деп эсептелет.
Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун күчү жайылтылат.
15-глава
Ички иштер органынын кызматкерин мамлекеттик бийлик
органдарына, мамлекеттик башкаруу органдарына жана
эл аралык уюмдарга кызмат өтөөгө жиберүү
47. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган кызматкер конституциялык ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтүндө ички иштер органдарынын кадрында калтырылат.
Кызматкер ички иштер органдарынын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн.
48. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган же кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ички иштер органдарынын кадрында калтыруу менен жиберилген кызматкер акчалай каржылоо (эмгек акы) менен кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленчү эрежелер жана ченемдер боюнча камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган же кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кызматкердин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү (азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын өлчөмүнүн 50 проценти өлчөмдөгү кошумча, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык кызматтар жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация) сакталат. Аталган төлөмдөр кызматкерди жиберген ички иштер органы тарабынан төлөнөт.
ИИМдин кадрында калтырылган кызматкердин кызмат өтөөсүнө контроль тийиштүү уюмдардын жетекчилери жана ИИМдин жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат.
Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкер ИИМдин карамагына келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланганга же Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш.
49. ИИМге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында кызматкер өзүнүн макулдугу боюнча министр тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдарга андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн. Эл аралык уюмга жиберилген кызматкер кызматты ушул Жободо белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөйт.
50. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган же ИИМдин кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кызматкерге кезектеги атайын наамдар "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.
ИИМдин кадрында калтырылган кызматкердин жана анын үй-бүлөсүнүн ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктери сакталат.
ИИМдин кадрында калтырылган кызматкерди кызматтан бошотуу тийиштүү органдардын жетекчилеринин сунуштары боюнча жана ушул Жободо каралган негиздер боюнча ишке ашырылат.
16-глава
Аттестациялоо
51. Ички иштер органдарынын ишмердигин өркүндөтүү, алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коюлган талаптарга кызматтык шайкештикти аныктоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында кызматтык аттестациялоо жүргүзүлөт.
Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишмердик, адистик, моралдык жана адамдык сапаттары, эрудициясы жана маданий деңгээли ар тараптуу бааланат. Кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна шайкештиги, жогору кызмат орундарга жылдыруу жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат.
Кызматкерлерди аттестациялоо үч жылда бир жолудан ашык эмес өткөрүлөт.
52. Эгер өзү каалабаса төмөнкүдөй кызматкерлер кезектеги аттестациялоого киргизилбейт:
а) тийиштүү кызмат орунду ээлеп турганына бир жыл толо электер;
б) кош бойлуу аялдар;
в) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр.
Бул аталган кызматкерлерди кезектеги аттестациялоо алар ушул өргүүдөн чыккандан бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
Өргүүдө, ишсапарда жана дарыланууда жүргөн кызматкерлер аттестациялоодон ишке чыккандан бир айдан кийин өтүүгө тийиш.
Кезексиз аттестациялоо жүргүзүүгө жол берилбейт.
53. ИИМдин же башка мамлекеттердин окуу жайларынын курсанттары, угуучулары, адъюнктары жана докторанттары окуу жайларды (адъюнктураны) бүтүргөндөн кийин аттестацияланышат.
Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө эмгектик келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын жараны аныкталган тартипте аттестациялоодон өткөрүлөт.
54. Кызматкерлерди аттестациялоого даярдануунун жана өткөрүүнүн, аттестациянын жыйынтыктарын жана сунуштарын ишке ашыруунун, ошондой эле аттестациялоону өткөргөн адамдар тарабынан аттестациялоонун тартиби бузулганы жана калыс эместиктер жөнүндө даттанууларды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
17-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин өздүк иши
55. Өздүк иштер ички иштер органдарынын кадр бөлүмдөрүндө ички иштер органдарында кызматта турган бардык кызматкерлерге, ИИМдин окуу жайларында жана башка мамлекеттердин ошого барабар окуу жайларында окууга талапкерлерге, ички иштер органдарынын штаттык кызмат орундарында иштеген жумушчуларга жана кызматчыларга, ошондой эле аныкталган форма боюнча келишим менен кабыл алынгандарга таризделет жана жүргүзүлөт.
Өздүк иш негизги документ болот, анда кызматкерлердин кызматтык, эмгектик жана коомдук ишмердиктерин мүнөздөөчү материалдар, ошондой эле кызматкердин биографиялык маалыматтары жана ал жөнүндө башка маалыматтар сакталат.
Өздүк иштин материалдары кызматкерди кызматта пайдалануу, атайын наамдарды ыйгарууга, сыйлоого көрсөтүү, ошондой эле иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчаны төлөө жана ички иштер органдарынан бошотууда пенсия чектөө үчүн кызмат өтөө стажысын эсептөө маселесин чечүүгө арналат.
Бир кызматкерге бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт. Өздүк иштердин формасы жана жүргүзүүнүн тартиби, өздүк иштерге киргизилчү маалыматтардын жана документтердин тизмеси, ошондой эле аларды алуунун тартиби жана кызмат өтөөдө өздүк иште чагылдырыла турган эске алуучу башка маселелер министр тарабынан аныкталат.
56. Кыргыз Республикасынын жаранын ички иштер органдарына кызматка алууда атайын текшерүү жүргүзүлөт. Атайын текшерүүнүн материалдары өздүк иште сакталат. Жарандарды ички иштер органдарына тандоонун тартиби, ошондой эле аларга карата атайын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби министр тарабынан аныкталат.
Өздүк иш "жашыруун" грифтүү документтердин категориясына кирет.
III бөлүк
Ички иштер органдарынын жетектөөчү курамына
атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
18-глава
Атайын наамдарды ыйгаруунун шарттары
57. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат орунун, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен персоналдык түрдө ыйгарылат.
Атайын наамдар ыйгаруунун ыраатына жараша алгачкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
58. Ортоңку жана улук жетектөөчү курамдын алгачкы наамдары министр аныктачу тартипте берилет. "Милициянын кенже лейтенанты", "ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган, запас боюнча "кенже лейтенант" наамы бар же жогорку окуу жайларды бүтүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин, ал эми ИИМдин атайын орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө - окууну аяктагандан кийин ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясынын жана башка мамлекеттердин ага барабар окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" деген алгачкы атайын наам берилет. ИИМдин жогорку окуу жайларында окуу учурунда мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган же окууну аяктагандан кийин "артыкчылык" диплом алган, ИИМдин жогорку окуу жайларынын ардак тактасына чыгарылган курсанттарга алгачкы офицердик наам аныкталгандан бир даражага жогору берилет. ИИМдин жогорку окуу жайларында окуу учурунда тартипти одоно бузган, бирок ички иштер органдарында калтырылган курсанттарга окууну аяктагандан кийин аныкталгандан бир даражага төмөн алгачкы офицердик наам берилиши мүмкүн.
ИИМдин окуу жайларынын ички иштер органдарына кызматка алынган жана окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамындагы адамдарга министрдин чечими менен алгачкы атайын наам: илимдин кандидаттарына, доценттерге - "милициянын капитанынан", "ички кызматтын капитанынан", илимдин докторлоруна, профессорлорго "милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" төмөн эмес ыйгарылат.
"Милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейинки наамдар министр аныктоочу тартипте ыйгарылат. Кызматкерлерге эң жогорку жетектөөчү курамдын наамдарын Кыргыз Республикасынын Президенти берет.
59. Жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги наамдар аттестациялоодон жакшы өткөндө, кезектеги наам ээлеп турган кызмат орун боюнча каралган наамга ылайык келсе жана мурдагы атайын наамда кызмат өтөөгө белгиленген мөөнөт өткөндө ырааттуу тартипте берилет.
Орто жана улук жетектөөчү курамдын кезектеги наамдары төмөнкүдөй ыйгарылат:
- "милициянын капитаны", "ички кызматтын капитаны" наамына чейин ички иштер органдарынын башкы башкармалыктарынын, облустардын жана шаарлардын ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин жогорку окуу жайларынын жана Мамлекеттик адистештирилген кызмат департаментинин зардалы тарабынан;
- "милициянын майору", "ички кызматтын майору", "милициянын подполковниги, "ички кызматтын подполковниги", "милициянын полковниги", "ички кызматтын полковниги" наамдары - министр тарабынан.
Ортоңку жана улук жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамдары, ошондой эле улук жетектөөчү курамдын "милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" баштап андан жогорку кезектеги наамдары жогорку билими бар болсо гана берилет.
60. Угуучу-кызматкерлерге, окуу жайлардын курсанттарына, адъюнктарга жана докторанттарга кезектеги наамдар окуу мезгилинде - алар окууга өткөнгө чейин ээлеп турган штаттык кызмат орундарына жараша берилет. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин атайын наам ошол кызматкер дайындалган кызмат орунга жараша берилет.
61. Ээлеген кызматка ылайык кезектеги атайын наам кызматкерге эгер техникалык себептерге (кызмат адамдарынын дем алыш күндө жок болушу, кадр кызматына сунуш берилбей калуу же сунуштун кеч берилиши ж.б.) байланыштуу кечигүү болбосо, анын мурдагы наамда кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн күнү тике зардалынын сунушунун негизинде ыйгарылат.
ИИМдин подразделениесинин, ички иштер башкармалыгынын, шаардык жана райондук ички иштер органдарынын кызматкерге кезектеги жана баштапкы атайын наам берүү жөнүндө сунушту негизсиз кечиктирген зардал тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
62. Ээлеп турган кызмат орду боюнча белгиленген чектик наамга ылайык келген атайын наамы бар жетектөөчү курамдагы кызматкерлер андан жогорураак наам белгиленген кызмат орунга которулганда кезектеги наамды ыйгарууга ал жаңы кызмат орун боюнча аткаруучу милдеттерин ийгиликтүү өздөштүргөн шартта, бирок ал кызмат орунга дайындалгандан 6 айдан эрте эмес көрсөтүлүшөт.
19-глава
Жетектөөчү курамдын атайын наамдарда
кызмат өтөө мөөнөттөрү
63. Кызматкерлерге жетектөөчү курамдын атайын наамдарда кызмат өтөөсүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
милициянын кенже сержантынын, ички кызматтын кенже сержантынын наамында - 1 жыл;
милициянын сержантынын, ички кызматтын сержантынын наамында - 1 жыл;
милициянын улук сержантынын, ички кызматтын улук сержантынын наамында - 2 жыл;
милициянын старшинасынын, ички кызматтын старшинасынын наамында 3 жыл;
милициянын прапорщигинин, ички кызматтын прапорщигинин наамында 4 жыл;
милициянын улук прапорщигинин, ички кызматтын улук прапорщигинин наамында - мөөнөт белгиленбейт;
милициянын кенже лейтенантынын, ички кызматтын кенже лейтенантынын наамында - 1 жыл;
милициянын лейтенантынын, ички кызматтын лейтенантынын наамында 2 жыл;
милициянын улук лейтенантынын, ички кызматтын улук лейтенантынын наамында - 3 жыл;
милициянын капитанынын, ички кызматтын капитанынын наамында - 3 жыл;
милициянын майорунун, ички кызматтын майорунун наамында - 3 жыл;
милициянын подполковнигинин, ички кызматтын подполковнигинин наамында - 4 жыл;
милициянын полковнигинин, ички кызматтын полковнигинин наамында мөөнөт белгиленбейт.
64. ИИМдин жогорку окуу жайларын жана башка мамлекеттердин ага барабар, окутуунун ченемдик мөөнөтү 5 жыл жана андан ашык окуу жайларын контракттык формада бүтүргөн башка кызматкерлер үчүн "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" атайын наамындагы кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылга белгиленет.
20-глава
Кызматка алынаарда же башка аскердик кошуундардан
же укук коргоо органдарынан кызматка которулганда
запаста турган Кыргыз Республикасынын жарандарына
атайын наамдын ыйгарылышы
65. Офицердик курамдагы запастагылар алар орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарга дайындалгандан кийин аларда болгон аскердик наамга ылайыктуу наамды ыйгаруу менен ИИМдин кадрына алынышат.
Эгер кадрга алынган күнгө карата кызмат өтөө мезгилин өтөп бүтсө, же ага берилген аскердик же атайын наамдын белгиленген мөөнөтүн запаста жүрүп өтөп бүткөн болсо, алгачкы наам ага мурда бар аскердик наамынан бир даражага жогору берилиши мүмкүн.
Ички иштер органына алынып жаткан, аскердик же атайын наамы жок Кыргыз Республикасынын жаранына кенже жетектөөчү курамга дайындоодо "милициянын кенже сержанты", "ички кызматтын кенже сержанты" деген, ал эми офицердик кызматка дайындалганда - "милициянын кенже лейтенанты", "ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам берилет.
Мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн орто жана улук жетектөөчү курамдагы Кыргыз Республикасынын жаранына ИИМдин кадрына кайра алууда эгер ал мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилинде ыйгарылган наамы менен белгиленген мөөнөттү өтөсө мурдатан бар атайын наамынан бир даража жогору атайын наам берилиши мүмкүн, ал эми жаңы наам ээлеген кызмат орду боюнча чектик наамдан жогору болбойт. Эгер мурдагы кызматкердин атайын наам ыйгаруу мөөнөтү аны ИИМдин кадрына алгандан кийин бүтсө, кезектеги атайын наамды ыйгаруу кызмат өтөгөн жылдарынын суммасы боюнча ишке ашырылат.
66. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамындагы пенсионерлерге, ички иштер органдарына кызматка жаңы алынган аскер кызматчыларына пенсия төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
67. Ички иштер органдарына жаңы алынып жаткан, жогорку билимдүү же запастагы офицердин наамы бар Кыргыз Республикасынын жараны өз макулдугу менен кенже жетектөөчү курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Мында ага мурдатан бар аскердик наамына карабастан "милициянын старшинасынан", "ички кызматтын старшинасынан" төмөн эмес алгачкы атайын наам берилиши мүмкүн.
68. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана башка аскердик кошуундардын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка которулган кызматкерлери орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарына дайындалгандан кийин ИИМдин кадрына алынат жана аларга аскердик же атайын наамдарына жараша атайын наамдар аталган аскердик кошуундарда же укук коргоо органдарында иштеген жылдарын эске алуу менен ыйгарылат.
21-глава
Атайын наамдарды мөөнөтүнөн мурда
же бир даражага жогору ыйгаруу
69. Жетектөөчү курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы наамында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин, же мөөнөтүнөн мурда ИИМдин коллегиясынын же оперативдүү кеңешмесинин чечими боюнча, же мурдагы наамында эки мөөнөт өткөндөн кийин ээлеген кызматы боюнча каралган атайын наамынан бир даражага жогору, кызматтагы жогорку натыйжаларга жетишкени жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
Наамдарды мөөнөтүнөн мурда же ээлеп турган штаттык кызмат орду боюнча каралгандан бир даражага жогору ыйгаруу кызмат өтөгөн бүткүл мезгилдин ичинде бир жолу ишке ашырылат. Наам ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен болгондон башка учурларда наамдарды ушул негиздер боюнча бир учурда ыйгарууга жол берилбейт.
Офицердик курамга мөөнөтүнөн мурда атайын наам же ээлеп турган кызмат ордуна тиешелүү атайын наамдан бир даражага жогору "милициянын подполковниги", "ички кызматтын подполковниги" деген атайын наамды аныкталган тартипте министр берет, кенже жетектөөчү курамга - бул атайын наамдарды ыйгарууга укук берилген начальниктер ыйгарышат.
Календардык эсептөөдө 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн офицердик курамга мурдагы наамында кызмат өтөгөндөн бир жарым мөөнөт бүткөндөн жана аттестациялоодон жакшы өткөндөн кийин "милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейинки атайын наамды министр аларды кызматтан жаш курагына же оорусуна байланыштуу бошотуу менен эле бир учурда, штаттык кызмат орду боюнча каралган наамына карабастан ыйгара алат.
22-глава
Атайын наамда кызмат өтөгөн жылдардын эсептелиши
70. Атайын наамда кызмат өтөгөн мөөнөт ал наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет. Кызматкердин төмөндөтүлгөн атайын наамда кызмат өтөгөн убактысы кайра калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө киргизилбейт.
Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы атайын наамы бар, орто жетектөөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган кызматчылар офицердик кызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин мурдатан бар атайын наамында кызмат өтөгөн мөөнөтүнө карабастан жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлүшөт.
23-глава
Кезектеги атайын наамдарды ыйгаруунун кечиктирилиши
71. Тийиштүү ички иштер органынын карамагында турган, тартиптик жазасы бар (оозеки жарыялангандан башка), ошондой эле кылмыштык иш козголгон же кызматтык тартипти бузгандык фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткан кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар алар кызмат орунга дайындалганга, тартиптик жазасы жоюлганга, кылмыш иш реабилитациялоочу негиздер боюнча токтогулганга (кылмыш жасалбагандыгы, кылган ишинде кылмыштын жоктугу) же кызматтык текшерүү аяктаганга чейин ыйгарылбайт.
Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызматкерлерге атайын наамдар алар кызмат орду боюнча милдеттерин өздөштүрүшкөн шартта, бирок бала багуу боюнча өргүүдөн чыккандан кийин 3 айдан эрте эмес ыйгарылат.
24-глава
Атанын наамды төмөндөтүү жана атайын наамдан ажыратуу
72. Кенже жетектөөчү курамдагы наамы бар кызматкерлердин наамын төмөндөтүү тартиптик жаза чарасы катары Тартиптик устав менен ушундай укук берилген тике начальниктердин чечими менен, ал эми офицердик курамдыкын төмөндөтүү - министрдин чечими менен ишке ашырылат.
Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкерлердин мурдагы наамы наамды төмөндөтүү жөнүндө чечим чыгарган начальниктердин буйругу менен, бирок наам төмөндөтүлгөндөн бир жылдан эрте эмес жана аттестациялоодон жакшы өтсө, ээлеп турган штаттык кызмат ордуна карабастан кайра калыбына келтирилет.
Кызматкердин мурдагы атайын наамы калыбына келтирилгенге жана ага кезектеги атайын наам берилгенге чейин атайын наамды кайрадан төмөндөтүүгө болбойт.
73. Кызматкерлер атайын наамынан соттун чечими менен ажыратылышы мүмкүн.
Атайын наамынан ажыратылган кызматкерлер ички иштер органдарынан катардагы милиционерлер, ички кызматтын катардагылары катары бошотулушат. Кызмат өтөгөн жылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга пенсиялары ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген шарттар жана ченемдер боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна милициянын катардагысынын, ички кызматтын катардагысынын атайын наамына жараша эсепке алынат.
Жогорку жетектөөчү курамдагы адамдын наамы төмөндөтүлүп, анан кайра Кыргыз Республикасынын ылайык наамы калыбына келтирилиши мүмкүн.
IV бөлүк
Кызмат өтөөнүн шарттары
25-глава
Ички тартип
74. Ички иштер органдарындагы жана ИИМдин окуу жайларындагы ички тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал органдардын иштеринин өзгөчөлүктөрүнө жараша, министр аныктоочу тартипте белгиленет.
Ички иштер органдарынын ички тартибинин типтүү эрежелери, иш убакыттын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иш графиги министр тарабынан бекитилет.
Аймактык ички иштер органынын ички тартибинин эрежесин анын начальниги ошол органдын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бекитет.
26-глава
Иш убакыттын узактыгы
75. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттын узактыгы колдонулат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери зарыл учурда белгиленген убактан тышкары, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрү кызматтык милдетин аткарууга чакырылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир айдын ичинде кошумча дем алыш күн же компенсация берилет.
Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөрдүн бирдей узактыгы белгиленет.
Кызматкерлердин шарты зыяндуу участоктордо иштөөсүнүн, ошондой эле мөөнөтүнөн тышкары жана түн ичинде иштөөсүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
27-глава
Өргүү
1-§. Кезектеги өргүү
76. Өргүүлөрдүн узактыгы календарлык күн менен эсептелет.
Өргүү учуруна туш келген иш эмес майрам күндөр өргүүнүн календарлык күндөрүнүн эсебине киргизилбейт жана акы төлөнбөйт.
Өргүүнүн 14 календарлык күндөн ашкан бөлүгүн кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырса болот.
Оор жумуштарда жана эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда иштеген кызматкерлердин жыл сайынкы негизги акы төлөнүүчү өргүүсүн акчалай компенсацияга алмаштырууга болбойт.
77. Кызматкерге кезектеги өргүү ИИМ тармагында пенсияны эсептөөдө эске алынуучу иштеген жылдарына жараша (календарлык эсептөө менен) берилет:
а) 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын 30 сутка;
б) 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын 35 сутка;
в) 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эле илимдин кандидаты деген окумуштуулук даражасы, доценттин окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмеринин ардактуу наамы барларга иштеген жылдарынын санына карабастан - жыл сайын 40 сутка;
г) 20 жана андан ашык жыл иштегендерге, ошондой эле илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессордун окумуштуулук наамы барларга иштеген жылдарынын санына карабастан - жыл сайын 45 сутка.
78. Кызматкердин каалоосу боюнча эмгектик өргүү эки бөлүккө бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 суткадан кем эмес болууга тийиш.
79. Климаттык шарты жагымсыз, андай жерлерде иштегени кызматкерлерге жеңилдиктүү шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарынын эсебине кошулуучу жана 45 сутка мөөнөткө кезектеги өргүү алууга укук берүүчү жерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
45 суткага созулган кезектеги өргүү ошондой эле бийик тоолуу (1500 метр жана андан ашык бийикте) жана ага теңештирилген жерлерде иштеген кызматкерге, иштеген жылдарынын санына карабастан берилет.
80. Министрдин чечими менен, ал эми аймактык ички иштер органдарында - аларга барабар жана жогору ички иштер башкармаларынын зардалдарынын чечими менен кызматтын өзгөчө татаал шарттарына же өзгөчө кырдаалдагы кызматка байланыштуу узартылган өргүүгө муктаж кызматкерге кезектеги өргүүлөр 45 сутка мөөнөткө берилиши мүмкүн.
Интернационалист жоокер болгон кызматкерлерге 14 календарлык күн кошумча өргүү берилет.
81. Эреже катары, кызматкерди кезектеги өргүүдөн чакырып алууга болбойт. Өтө зарыл болгон учурда кызматкерди кезектеги өргүүсүнөн өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен чакырып алууга болот. Кызматкерди кезектеги өргүүдөн чакырып алуу эмгектик өргүү берүүгө укуктуу начальниктин же жогору турган начальниктердин буйругу менен таризделет.
82. Ички иштер органдарынан жаш курагына, оорусуна, ден соолугунун абалы чектелүүлүгүнө же штат кыскарганына байланыштуу бошонуп жаткан кызматкерге бошонуп жаткан жылы калоосу боюнча кезектеги өргүү берилет.
Ички иштер органдарынан бошонгон кызматкерге (ушул пункттун биринчи абзацында айтылгандан башка учурларда) бошонгон жылы пайдаланылбаган эмгектик өргүүсүнүн ордуна ошол жылда иштеген убактысына пропорциялуу акчалай компенсация берилет.
83. Эмгектик өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кадр кызматы бекитилген формадагы күбөлүк берет. Өргүү жана өргүүнүн күбөлүгүн берүүгө кызматкердин рапорту жана ага укугу бар тийиштүү жетекчинин уруксаты негиз болот.
84. Эмгектик өргүү берүү жөнүндө буйруктар чыгарылбайт, өргүүлөрдүн эсеби акчалык аттестаттарда жана өргүү күбөлүктөрдүн дүмүрчөктөрү боюнча эсептелип, анда өргүү берилгени же кызматкер жаңы иш орунга кеткени же ички иштер органдарынан бошонгону жөнүндө белги коюлат.
Андай орун которууга чейин кезектеги өргүүнү пайдаланбаган кызматкердин орун которуштурганда өргүү ошол которулган жылы жаңы иш ордунан берилет.
85. Эмгектик өргүүнү кызматтагы зарылдыкка байланыштуу өтүп жаткан жылы пайдаланбаганда өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында милдеттүү түрдө берилет.
86. Кызматкерге эмгектик өргүү кызмат өтөгөн биринчи календарлык жылда берилгенде наам ыйгарылган же ички иштер органдарынын кадрына кабыл алынган датасына карабастан, анын кызмат орунга дайындалган күнүнөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы эмгектик өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Эмгектик өргүү өз ара макулдашуу боюнча 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. Иштегенден 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында жана дароо андан кийин, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда берилиши мүмкүн.
87. Кызматкерге өргүү учурунда ооруп калганына байланыштуу эмгектик өргүүнү узартуу кызматкер ишке чыккандан жана дарылоочу мекеменин убактылуу эмгекке жараксыздыкты ырастоочу документтерин тапшыргандан кийин өргүүнү берген начальник тарабынан ишке ашырылат. Мында ал адамдардын эмгектик өргүүдө болуу убактысы үзгүлтүк болбоого тийиш.
Кызматкер эмгектик өргүү учурунда ооруп калганы жөнүндө өргүү бүткөнгө чейин тийиштүү начальникке билдирүүгө милдеттүү (телеграф, телефон ж.б. аркылуу).
88. Ээлеп турган кызматынан бошотулган жана кадрдын резервине киргизилген жана өтүп жаткан жылдагы эмгектик өргүүнү пайдаланбаган кызматкерге өргүү эреже катары аны кадрдын карамагына алгандан кийин дароо берилүүгө тийиш. Кийин ага өргүү берилбейт.
Мында кадрдын карамагында болуу узактыгынын чеги өргүүнүн узактыгына узартылат.
2-§. Кыска мөөнөттүү өргүү
89. Үй-бүлөлүк шартка жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу 5 календарлык күнгө чейинки, эмгек акысы сакталбачу кыска мөөнөттүү өргүү кызматкерге төмөнкүдөй учурларда берилет:
а) никеге турганда;
б) кызматкердин жакын тууганынын (жубайы, атасы, энеси, баласы, кызы, бир тууганы, бир тууган эже-карындашы, жубайынын атасы жана энеси же кызматкер тарбиясында болгон адам) ден соолугунун абалы оор же каза (курман) болгон учурда;
в) кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары өрткө, башка табигый кырсыкка дуушарланганда;
г) кызматкер үй-бүлөсүндө болушу зарыл болгон башка өзгөчө учурларда.
Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги жыл сайынкы өргүүнүн эсебине киргизилбейт.
3-§. Оорусу боюнча өргүү
90. Оорусу боюнча өргүү аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.
Оорусу боюнча өргүүнүн мөөнөтү оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча өргүүдө үзгүлтүксүз болгон убакыт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дарылануунун узагыраак мөөнөттөрү каралгандан башка учурларда төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анын кызматка андан аркы жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссияда текшерилүүгө тийиш.
Кызматкердин кызматтык милдетти аткарууга байланыштуу алган контузияга, жаракатка же мертинүүгө байланыштуу дарыланууда болуу убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык текшерүүгө дарыланып бүткөндөн же оорунун натыйжасы аныкталгандан кийин жиберилет.
Оорусу боюнча өргүү кезектеги жыл сайынкы өргүү эсебине киргизилбейт.
Кызматкер кызматтан бошогондо оорусу боюнча өргүү берилбейт.
4-§. Каникулдук өргүү
91. ИИМдин окуу жайларында күндүзгү окутуу формасында окуган кызматкерге төмөнкүдөй өргүү берилет:
а) кышкы каникулдук өргүү - окуу планына ылайык, бирок 7 суткадан кем эмес;
б) жайкы каникулдук өргүү - 30 сутка мөөнөткө;
в) ИИМдин окуу жайын бүтүргөндөн кийин - 30 календарлык күн мөөнөткө, бул өтүп жаткан жылдагы кезектеги эмгектик өргүүнүн эсебине чегерилет. Бул өргүү ага кызмат өтөөчү ордуна жиберилгенге чейин берилүүгө тийиш.
Окуудан карызы бар курсанттарга жана угуучуларга каникулдук өргүү карызды жойгондон кийин, окуу программаларында белгиленген өргүү өргүү мөөнөттөрүнүн чегинде берилет. Мында каникулдук өргүү 15 суткадан кем эмес мөөнөткө берилүүгө тийиш.
28-глава
Жеңилдиктер, гарантиялар жана компенсациялар
92. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу жана иштөөсүн улантып жаткан кызматкерге негизги акчалай маяна төлөнүп жаткан учурда берилүүгө тийиштүү болгон пенсиянын 50 пайызы өлчөмдө кошумча төлөнөт.
Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн госпиталдык дарыланууну улантуу үчүн санаторийге жибергенде аларга: кызматкерлерге - наркынын 50 пайызы өлчөмдө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 пайыз өлчөмдө жеңилдиктүү санаторийлик-курорттук жолдомолор жыл сайын каралчу каражаттардын чегинде берилет.
Ички иштер органдарынан ушул Жобонун 94-пунктунун а), б), в), е), ж) жана з) пунктчаларында каралган негиздер боюнча пенсияга чыгуу укугу менен бошотулган жана календарлык эсептөөдө 20 жана андан ашык жыл иштеген, ИИМдин медициналык мекемесинин корутундусу боюнча санаторийлик-курорттук жана ден соолукту оңдоочу мекемелерге дарыланууга жиберилген жарандарга ИИМдин жыл сайын каралчу каражаттарынын чегинде наркынын 50 пайызы өлчөмдө жеңилдиктүү жолдомолор берилет.
V бөлүк
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушу
29-глава
Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер
93. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушуна негиздер төмөнкүдөй:
а) ички иштер органдарынан бошонуу;
б) кызматкерди аныкталган тартипте дайынсыз жоголду деп эсептөө;
в) кызматкердин каза (курман) болушу;
г) кызматты андан ары улантуу үчүн аскердик кошуундарга, башка аскерлештирилген уюмдарга иштөөгө жиберүү;
д) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо.
30-глава
Ички иштер органдарынан бошотуу үчүн негиздер
94. Кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 98, 99-пункттарында жана 101-пункттарында белгиленген чектелген жаш куракка жеткенде;
в) кызмат өтөөнүн пенсияга укук берүүчү белгиленген мөөнөтүн өтөгөндө;
г) эмгектик келишимде каралган кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндө;
д) эмгектик келишимдин шарттары бузулганга байланыштуу;
е) штаттар кыскарганда - ички иштер органы жоюлганда, саны же штат кыскартылып кызматкерди кызматка пайдалануу мүмкүн болбогондо;
ж) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жараксыздык жөнүндө корутундусунун негизинде;
з) ден соолугунун чектелүү абалы боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги, ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуу аткаруу мүмкүн эместиги жөнүндө токтомунун негизинде жана кызматтык милдеттерин ден соолугунун абалына жараша аткара алуучу кызмат орунга которууга мүмкүндүк жок болгондо;
и) аттестациялык тартипте кызматка жараксыз деп табылганда, ошондой эле сынак мөөнөттөн өтпөгөндө;
к) тартипти одоно же такай бузганы үчүн;
л) кызматкердин адамдык, адеп-ахлактык сапаттарына карата талаптарга туура келбеген иштерди жасаганы үчүн;
м) жасаган кылмышы үчүн соттолгондо, айыптаган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин;
н) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматына, мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат орунга дайындалгандан башка кызматкерлер башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга аныкталган тартипте которулганда;
о) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганга байланыштуу;
п) башка мамлекеттин жарандыгы бар болгонуна байланыштуу;
р) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жол берүү токтотулганга байланыштуу;
с) карамакта болуу мөөнөтү аяктаганга байланыштуу;
т) ички иштер органына кызматка өтүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендик үчүн;
у) ротация иретинде которуудан жүйөлүү себепсиз баш тартканда;
ф) кылмыштык жоопкерчиликке тартылып, бирок кийин кылмыш иш тергөө органдары же сот тарабынан реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулганда;
х) кызматкердин жакын туугандары атайылап жасаган оор кылмышы үчүн соттолгондо;
ц) мурда ошол кызматты ээлеп турган кызматкер кызмат ордуна кайрадан орноштурулганда (башка кызмат орунга которуудан баш тарткан же андай которуштурууга мүмкүндүк жок болгондо).
95. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
а) кызматкердин ушул Жобонун 4-главасында аныкталган милдеттерди аткарбоосу;
б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон башка учурларда);
в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык иште жок болушу;
г) кызматкердин ишке алкоголдук, наркотиктик же токсикалык мас абалда болушу;
д) кызматкерлер үчүн ушул Жобо менен белгиленген чектөөлөрдү сактабагандык;
е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаргандык;
ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо;
з) кызматты өз эркинче таштап коюу;
и) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иштерине катышуу.
96. Кызматкер отставкага (аскердик эсептен чыгаруу менен) төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) жаш курагы боюнча, жогорку жашка жеткенде, ушул Жобонун 98, 99 жана 100-пункттарына ылайык;
б) оорусуна байланыштуу - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздык жөнүндө токтомунун негизинде, аскердик эсептен чыгаруу менен.
97. Милициянын офицердик курамындагыдан башка орто жана улук жетектөөчү курамдагы, ички иштер органдарында жана ички кызматта кынтыксыз кызмат өтөгөн кызматкерлерге жаш курагы боюнча бошонууда бошотуучу начальниктердин буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийүүгө укук берилиши мүмкүн. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон же ички иштер органдарынын баркына доо келтирген иштерди жасаган адамдар ошол эле начальниктердин буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
Милициянын офицердик курамындагы, ички иштер органдарынан ушул Жобонун 94-пунктунун б) жана в) пунктчаларында, 96-пунктунун а) пунктчасында каралган негиздер боюнча бошотулган адамдарга белгиленген формадагы кийимди Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде аныкталган майрам күндөрдө жана ички иштер органдарынын кесиптик майрамдарында гана кийүүгө укук берилет.
31-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн
белгиленген курактык чектөөлөр
98. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын наамдары бар кызматкерлер жаш курагы жеткенге чейин ички иштер органдарында кызматта боло алышат жана отставкага төмөнкүдөй чыгарылышат:
- эркектер - 50 жашта;
- аялдар - 45 жашта.
Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын наамдары бар кызматкерлер запаска өз каалоосу боюнча төмөнкүдөй куракта бошоно алышат:
- эркектер - 45 жашка чыкканда;
- аялдар - 40 жашка чыкканда.
99. Орто, улук жана эң жогорку жетектөөчү курамдын атайын наамы бар кызматкерлер аларга ыйгарылган атайын наамдарга жараша ички иштер органдарында төмөнкүдөй куракка жеткенге чейин кызматта боло алышат:
а) милициянын кенже лейтенантынан, ички кызматтын кенже лейтенантынан милициянын капитанына, ички кызматтын капитанына чейин, ошондой эле орто, улук жетектөөчү курамдын наамдары бар аялдар - 50 жаштан;
б) милициянын майорунан, ички кызматтын майорунан милициянын полковнигине, ички кызматтын полковнигине чейин, ошондой эле ИИМдин окуу жайларынын окутуучулары - 50 жаштан;
в) милициянын генерал-майорлору, ички кызматтын генерал-майорлору, милициянын генерал-лейтенанттары, ички кызматтын генерал-лейтенанттары, ошондой эле илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасы, доценттин окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмеринин ардактуу наамы бар, профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарда турушкан кызматкерлер - 55 жаштан;
г) милициянын генерал-полковниктери, ички кызматтын генерал-полковниктери, ошондой эле илимдин докторунун окумуштуулук даражасы, профессордун окумуштуулук наамы бар, профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарда турушкан кызматкерлер - 60 жаштан.
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн белгиленген эң жогорку курактык чегине жеткен кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралгандан башка учурларда:
- а) пунктчада көрсөтүлгөндөр - отставкага;
- б), в) жана г) пунктчада көрсөтүлгөндөр - запаска бошотулууга тийиш.
100. Орто жана эң жогорку жетектөөчү курамдагы атайын наамы бар кызматкерлер аттестациялоодон жакшы өткөн жана медициналык көрсөткүчтөрү жок болгон учурда министр иштин кызыкчылыгы үчүн аларды өз макулдуктары менен персоналдык тартипте, белгиленген эң жогорку курактык чегинен бир жылга ашык кызматта калтыра жана кийин беш жылдан ашык эмес узарта алат.
"Милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" тартып "милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейин атайын наамы бар жана 55 жашка жеткен, "милициянын генерал-майору", "ички кызматтын генерал-майору, "милициянын генерал-лейтенанты", "ички кызматтын генерал-лейтенанты" наамы бар жана 60 жашка жеткен, "милициянын генерал-полковниги", "ички кызматтын генерал-полковниги" атайын наамы бар жана 65 жаш куракка жеткен кызматкерлер жана ушул Жобонун 99-пункту менен аларга теңештирилгендер отставкага бошотулушат.
101. Орто жетектөөчү курамдын атайын наамы бар кызматкерлер жана офицердик курамдын атайын наамы бар аялдар 45 жашка жеткенде жаш курагы боюнча өз каалоосу менен запаска бошоно алышат.
102. Кызматкердин кызмат өтөөнү белгиленген эң жогорку жаш куракка чейин улантуу жөнүндө чечими аны ушул Жободо каралган негиздер боюнча бошотуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
32-глава
Ички иштер органдарынан бошотуунун тартиби
103. Катардагы жана жетектөөчү курамды кызматтан ИИМдин кызматка дайындоого укук берилген жетекчилери бошотушат.
Эмгектик келишимдин шарттарын бузгандык үчүн, ошондой эле ушул Жобонун 94-пунктунун к), л), м), о), п), р), с), т), у) жана ф) пунктчаларына ылайык бошотулуучудан башка кызматкерлер алдыда турган бошотуу жөнүндө тике начальниктери тарабынан бошотоордон эки айдан кем эмес мурдатан кабарланышат.
104. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкер мындай чечими жөнүндө ички иштер органынын тике начальнигине бошонууну пландаштырган күндөн 14 күндөн кем эмес мурдатан эскертип, ал жөнүндө рапорт берет. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкер эскертүүдө белгиленген мөөнөттөн мурда да бошотулушу мүмкүн.
105. Өлгөн, курман болгон, дайынсыз жоголгон кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аттестацияланган курамынын тизмелеринен чыгарылат: өлгөндөр - өлгөндөн кийинки күндөн баштап, дайынсыз жок болгондор - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап чыгарылышат.
Кызматкерлерди ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн бошотуу жөнүндө буйруктар кызматкерлер аларды алуу үчүн кадр кызматына келүүдөн баш тарткандан башка учурларда аларга ал буйруктардын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен кол койдуруп жарыяланат.
Кызматкер өргүүдө жүргөн кезде же убактылуу эмгекке жараксыздык учурунда кызматкерди ички иштер органдарынын начальнигинин демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт (ички иштер органын өзгөртүп уюштургандан, жоюлгандан же кызматкерлердин саны же штат кыскартылгандан башка учурларда).
106. Ички иштер органындагы кызматтан бошотулган кызматкерлерге эмгек китепчелери кызматкерлер аларды алуу үчүн кадр кызматына келүүдөн баш тарткандан башка учурларда бошотулган күнү берилет, ал эми алар иштеген жери боюнча шаардын, райондун чегинен тышкары жүргөн учурда эмгек китепче почта аркылуу кызматкерди жазуу жүзүндө билдирүү менен жиберилет.
Кызматкер ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскер комиссариаттарына аскердик эсепке алуу маселесин чечүү үчүн жиберилет.
VI бөлүк
Ички иштер органдарында кызмат ордуна кайра орноштуруу,
кызматка кайра алуу жана атайын наамын калыбына келтирүү
33-глава
Ички иштер органдарында кызмат ордуна кайра
орноштуруу, кызматка кайра алуу жана атайын наамын
калыбына келтирүү үчүн негиздер
107. Кызмат ордунан мыйзамсыз же негизсиз которулду, ээлеп турган кызмат ордунан четтетилди же төмөндөтүлдү, атайын наамынан ажыратылды же атайын наамы төмөндөтүлдү, ошондой эле ички иштер органдарынан мыйзамсыз бошотулду деп аныкталган тартипте эсептелген кызматкерлердин ички иштер органдарындагы кызмат орду, атайын наамы калыбына келтирилүүгө тийиш.
Ички иштер органдарындагы кызмат ордун, атайын наамын калыбына келтирүү үчүн кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду же соттун күчүнө кирген чечими негиз болот.
34-глава
Кызмат ордун, атайын наамын жана ички иштер органдарында
кызмат өтөөсүн калыбына келтирүү маселеси боюнча талаштарды
чечүү үчүн кайрылуунун мөөнөттөрү менен тартиби жана
калыбына келтирүү жөнүндө чечимдердин аткарылышы
108. Кызматкер кызмат боюнча которуштуруу, кызмат ордунан кызматтык тартипте четтетүү, кызмат ордун төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, ички иштер органдарынан бошотуу жөнүндө чечимге макул эмес учурда ал чечимдин үстүнөн ички иштер органынын жогору турган начальнигине же сотко кызмат ордун төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, ички иштер органдарынан бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү өзүнө тапшырылган, же министрдин кызмат ордун, атайын наамын же ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде даттанууга укуктуу.
Бул көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда мөөнөттү министр же сот узарта алат.
Ички иштер органдарынын компетенттүү кызмат адамы же сот кызмат орунду, атайын наамды же ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүү жөнүндө чыгарган чечим мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылууга тийиш.
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүү бошотулган кызматкерди мурда ээлеп турган кызмат ордуна, же анын макулдугу боюнча мурдагысына барабар кызмат орунга дайындоо жолу менен ишке ашырылат.
35-глава
Кызматы кайра калыбына келтирилгенден кийин кызмат
өтөгөн мөөнөтүн эсептөө жана атайын наам ыйгаруу
109. Ички иштер органдарында кызмат өтөөсү калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наам ыйгаруу, проценттик кошумчаны төлөө жана пенсия чектөө үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөдө эске алынуучу үзгүлтүксүз иш стажысына аларды бошоткон учурдан тартып кызмат өтөөсү калыбына келтирилгени жөнүндө буйрукка кол коюлган датага чейинки убакыт киргизилет.
36-глава
Келтирилген зыяндын ордун толтуруу
110. Кылмышы үчүн соттолгонуна байланыштуу кызматтан бошотулган, кийин аныкталган тартипте реабилитацияланган, ошондой эле кызмат боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, кызмат орду же атайын наамы төмөндөтүлгөн, ички иштер органдарынан бошотулган кызматкерлерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.
VII бөлүк
Корутунду жоболор
37-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерлердин сөөгүн коюу
111. Мыйзамдуу кызматтык ишин аткарууга байланыштуу каза тапкан (курман болгон) же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, контузиянын, оорунун кесепетинен каза тапкан кызматкерлердин, ошондой эле ички иштер органдарында 20 жылдан ашык (календарлык эсепте) кызмат өтөгөн кызматкерлердин сөөгүн коюу ички иштер органдарын каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт жана сөөк коюу тийиштүү ички иштер органдарынын начальниктери тарабынан уюштурулат.
Кызматкерлердин сөөгүн коюуда зыйнатын жасоо тартиби министр тарабынан аныкталат.
38-глава
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө
жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
112. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарды бузган, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоонун гарантияларын сактабаган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.