Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 227 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 48, 2018-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим Берүү фонду (мындан ары - Фонд) өлкөнүн гуманитардык, илимий жана кадрдык потенциалын, балдардын жана жаштардын инсандык сапаттарын өнүктүрүү, интеллектуалдык жана кесипкөй башкаруучу элитаны калыптандыруу максатында түзүлөт.
2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) таланттуу жана зээндүү балдарды жана жаштарды окутууда, анын ичинде чет өлкөдө окутууда финансылык, консультациялык жана юридикалык колдоо көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасы үчүн кадрларды, анын ичинде чет өлкөдө даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтүү;
3) зээндүү балдар менен жаштарга, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдүн топторун алардын чыгармачылык эмгектерин жана демилгелерин алга илгерилетүүдө, анын ичинде эл аралык олимпиадаларга, конкурстарга жана мелдештерге катышууда колдоо көрсөтүү;
4) турмуштук татаал жагдайга туш болгон балдарга Фонддун максаттарын жүзөгө ашыруунун алкагында даректүү колдоо көрсөтүү;
5) таланттуу жаштарды табууга, алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү менен жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү улуттук жана эл аралык илимий конференцияларды, конкурстарды, семинарларды, олимпиадаларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
6) жаштардын инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык жана кесипкөй башкаруучу элитаны калыптандырууга багытталган башка долбоорлорду колдоо.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынан;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан.
4. Фонддун пайдасына келип түшкөн каражаттарды жана андан чыгымдоолорду эсепке алууну Кыргыз Республикасынын президентинин жана Өкмөттүн Иш башкармасы жүргүзөт.
5. Фонддун каражаттарынан финансылоо жөнүндө чечим Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
6. Фонддун ишмердигин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү жүргүзөт.
(КР Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 48, 2018-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Билим берүү маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунун негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жана Фонддун милдеттери жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
8. Комиссия өз максаттарына жетүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун ишмердигинин багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүүгө;
2) анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды мамлекеттик органдардан, жарандык коомдун уюмдарынан белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
3) билим берүү, илим жана маданият жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү жана сунуштамаларды, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
4) адистерди даярдоо жана билим берүүнү, илимди жана маданиятты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо максатында кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
5) зарыл болгон учурда биргелешкен иш үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, илимпоздорду, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн, ошондой эле өз ара макулдашуу боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк фонддорду тартууга;
6) стипендиялар менен гранттарды изденип алууга талапкерлерди тандоо жүргүзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө.
9. Комиссия анын төрагасынын, Комиссиянын төрагасынын оруп басарынын, Комиссиянын жооптуу катчысынын жана өз иштерин коомдук башталышта жүргүзгөн мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
10. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, ыйгарым укуктуу болот. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү жактап добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
11. Комиссиянын жыйналышынын натыйжалары протокол менен таризделет жана Фонддун иш-чараларын жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга, жарандык коомдун уюмдарына маалымат үчүн жеткирилет.