Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 11-декабры ПЖ № 224
Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-1-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө Жобо ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 224 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык судьяларына (мындан ары - судьялар) колдонулат жана судьянын отставкага чыгуусунун, отставкада болуусунун жана судьянын отставкада болушун токтотуунун тартибин аныктайт.
3. Судьянын отставкага чыгуусунун жана судьянын отставкада болушун токтотуунун маселелери Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) тарабынан ушул Жободо жана Судьялар кеңешинин Регламентинде каралган тартипте каралат.
2. Судьянын отставкага чыгуусунун тартиби
4. Судьянын отставкасы деп судьянын кызмат ордунан кетиши же анын бошонушу таанылат.
5. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүш-турушу кынтыксыз болуп саналса жана ал төмөнкү негиздер боюнча жана төмөнкүдөй учурларда бошотулса, судья отставкага кеткен же бошонгон деп эсептелет:
1) кызмат ордунан өзүнүн каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондо;
3) сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган башка ишке өткөндө;
4) сот кайра уюшулган, анын түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда жергиликтүү соттун судьясы башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;
5) судья Кыргыз Республикасынын Президенттигине (мындан ары - Президент) же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;
6) судья Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышуучу саясий партиянын катталган тизмесине киргизилгенде;
7) курагынын чегине жеткендигине же ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу.
6. Судья ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулган учурда бошотулган судья отставкадагы судьянын наамын сактап калуу жөнүндө арыз менен Судьялар кеңешине кайрылууга укуктуу.
Арызга: паспортунун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө, судьялык коомдоштуктун өкүлдөрүнөн кеминде үч пикир жана судьянын кызмат ордунда кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө күбөлөндүрүүчү башка документтер тиркелиши керек.
7. Арыз Судьялар кеңешинин комиссиясы (мындан ары - комиссия) тарабынан ал түшкөн учурдан тартып он төрт күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш.
8. Комиссиянын чечими Судьялар кеңешине даттанылышы мүмкүн.
Арызды кароо жана комиссиянын чечимине даттануу тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
3. Судьянын отставкада болуусунун шарттары
9. Отставкадагы судьяда отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал тарабынан айтылган пикир үчүн жана эгерде билип туруп соттук адилетсиз актыны чыгарууда судьянын күнөөлүү экени соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана белгиленбесе, сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.
10. Отставкадагы судьяга комиссиянын чечиминин негизинде Судьялар кеңешинин төрагасы кол койгон күбөлүк берилет, анын үлгүсү Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
4. Судьянын отставкада болушун токтотуунун тартиби жана шарттары
11. Отставкадагы судья төмөнкүдөй учурларда аталган наамдан ажыратылышы мүмкүн:
1) жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Судьясынын абийир кодексинде каралган тартипте, өзүн жаманатты кылуучу жоруктарга жана ошону менен сот бийлигинин беделин кетирүүгө жол бергенде.
12. Отставкадагы судья жеке жана юридикалык жактардын даттануулары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын тиешелүү сотторунун судьяларынын чогулушунун сунуштары боюнча, ушул Жобонун 11-пунктунун 3-пунктчасында каралган негиздер боюнча же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде комиссиянын чечими боюнча отставкадагы судьянын наамынан ажыратылышы мүмкүн.
Комиссиянын чечими Судьялар кеңешине даттанылышы мүмкүн.
13. Отставкадагы судьяны отставкадагы судьянын наамынан ажыратуу жөнүндө маселени жана комиссиянын чечимине даттанууну кароо Судьялар кеңешинин Регламентине жана Судьялар кеңешинин комиссиясы жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
14. Отставкадагы судьяга карага соттун айыптоочу өкүмү, ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин андан ары кароо үчүн аны чыгарган сот тарабынан Судьялар кеңешине жиберилүүгө тийиш.
15. Отставкадагы судьяны отставкадагы судьянын наамынан ажыратуу жөнүндө маалымат Судьялар кеңеши тарабынан "Эркин-Тоо" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыяланууга тийиш.
16. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде отставкадагы судьянын наамынан ажыратылган адам күбөлүгүн көрсөткөн учурда анын күбөлүгү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан алынып, Судьялар кеңешине жөнөтүлүүгө тийиш.