Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 20 августу ПЖ № 285
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кылмыштын экономикалык түрлөрүнүн бетин ачуу жана тергөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын түзүмүн жана ишин өркүндөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомтсволорунун жана Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги» деген № 1 тиркеменин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка башкаруу бийлик органдары» деген бөлүмдүн 1-пунктундагы:
«320» деген сан «569» деген сан менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)» деген № 6 тиркеменин 1-пункту «Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына кнотролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер боюнча бөлүмүө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |