Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 22 январы ПЖ № 14
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы
« Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин
жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө »
Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө » Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген 1-главасын « Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты » деген графадагы III тобу төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү ».
2. Бул Жарлык расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |