Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2006-жылдын 20-марты ПЖ № 132

Жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Жогорку окуу жайларынын эмгек акы шарттары Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, эмгек акысын жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү 2006-жылдын 1-апрелинен баштап 50 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев