КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-ноябры ПЖ № 497
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары
өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын оптималдаштыруу жана соттук иштерди жана материалдарды кароодо судьялардын жүгүн тең бөлүштүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүнө жана судьяларынын штаттык санына төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Райондор аралык соттор" бөлүмүндө:
"Баткен облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Баткен облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1";
"Нарын облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Нарын облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1";
"Талас облусунун райондор аралык соту" бөлүмчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Талас облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1".
2. Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш бир айлык мөөнөттө жергиликтүү соттордун судьяларынын жаңыдан киргизилген кызмат орундарына конкурстук тандап алууларды өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган соттордун штаттык санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу сот системасын кошумча финансылоо маселесин чечсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |