Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 3-майы № 216
Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 504, 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313, 10 ноября 2009 года УП № 497, 2010-жылдын 12-февралы ПЖ № 47, 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жазык иштери боюнча процесстик аракеттерди санкциялоо боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын сотторго өткөрүп берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын оптималдаштыруу, соттук иштерди жана материалдарды кароодо судьялардын жүгүн тең бөлүштүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. .(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Чүй гарнизонунун аскердик соту жоюлуп, анын карамагындагы соттук иштер жана материалдар Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун карамагына өткөрүп берилсин.
4. .(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. .(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Райондук жана шаардык соттордун, ошондой эле Бишкек шаарынын райондук сотторунун мурда аталган соттордун төрагаларынын орунбасарлыгына дайындалган судьялары алар дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин өз кызмат орундарын сактап калаары белгиленсин.
7.(КР Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. .(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын штаттык санын жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санына теңдеш сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык жайлары үчүн илимий-негиздүү ченемдерин иштеп чыгууну, иштелип чыккан ченемдерге негизденүү менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору үчүн жаңы имараттарды курууну караган сот адилеттигин жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча сунушту киргизсин;
- жергиликтүү соттордун колдо бар имараттарынын иштелип чыккан ченемдерге ылайык келиши жагын түгөлдөөнү жүргүзсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте сот иштерин жана материалдарды кароодо судьялардын жүгүнүн илимий-негиздүү ченемдерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин судьяларынын Окуу борборунун катышуусу менен айрым процесстик аракеттерди санкциялоо боюнча прокуратура органдарынын өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү соттордун жүргүзүшү үчүн судьяларды окутуу боюнча зарыл чараларды кабыл алсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2007-жылдын 1-июлуна чейин жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу сот системасын кошумча финансылоо маселелерин чечсин;
- судьялардын алдыда боло турган көчүүлөрүнө байланышкан чыгымдарды төлөп берүүнү толук көлөмүндө финансылоону камсыз кылсын;
- 2010-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчыларынын институтун финансылоо үчүн каражат издеп тапсын;
- 2009-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы имараттарын курууну финансылоо үчүн каражат издеп тапсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 251 "Областтык жана Бишкек шаардык арбитраждык сотторун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун структурасына интеграциялоо маселелери жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-мартындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Токмок шаардык сотун түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-сентябрындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы "Областтык жана Бишкек шаардык арбитраждык сотторун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун структурасына интеграциялоо маселелери жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 26-ноябрындагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Нарын шаардык сотун түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 26-декабрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы "Областтык жана Бишкек шаардык арбитраждык сотторун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун структурасына интеграциялоо маселелери жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы "Областтык жана Бишкек шаардык арбитраждык сотторун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун структурасына интеграциялоо маселелери жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы.
13. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
14. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| № 1 тиркемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмү жана судьяларынын ШТАТТЫК САНЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 504, 10 ноября 2009 года УП № 497, 2010-жылдын 12-февралы ПЖ № 47 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарынын соттору
Бишкек шаардык соту - 28 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 24
Ленин райондук соту - 16 судья:
Төрага 1
Судьялар 15
Октябрь райондук соту - 13 судья:
Төрага 1
Судьялар 12
Биринчи май райондук соту - 14 судья:
Төрага 1
Судьялар 13
Свердлов райондук соту - 15судья:
Төрага 1
Судьялар 14
Чүй облусунун соттору
Чүй облустук соту - 17 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 13
Аламүдүн райондук соту - 9 судья:
Төрага 1
Судьялар 8
Жайыл райондук соту - 7 судья:
Төрага 1
Судьялар 6
Ысыката райондук соту - 7 судья:
Төрага 1
Судьялар 6
Кемин райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Москва райондук соту - 6 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Панфилов райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Сокулук райондук соту - 8 судья:
Төрага 1
Судьялар 7
Токмок шаардык соту – 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Чүй райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Ош облустук жана Ош шаардык соттору
Ош облустук соту - 15 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 11
Ош шаардык соту - 15 судья:
Төрага 1
Судьялар 14
Араван райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Алай райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Каракулжа райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Карасуу райондук соту - 6 судья:
Төрага 1
Судьялар 5
Ноокат райондук соту – 4 судья:
Төрага 1
Судьялар 3
Өзгөн райондук соту - 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Чоңалай райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Жалалабат облусунун соттору
Жалалабат облустук соту - 13 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 9
Аксы райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Алабука райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Базаркоргон райондук соту - 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Жалалабат шаардык соту - 6 судья:
Төрага 1
Судьялар 5
Каракөл шаардык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Майлуусуу шаардык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Ноокен райондук соту - 4 судья:
Төрага 1
Судьялар 3
Сузак райондук соту - 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Ташкөмүр шаардык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Тогузторо райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Токтогул райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судья 2
Чаткал райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Ысыккөл облусунун соттору
Ысыккөл облустук соту - 12 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 8
Аксуу райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Балыкчы шаардык соту – 3 судья:
Төрага 1
Судья 2
Жетиөгүз райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судья 2
Ысыккөл райондук соту - 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
Каракол шаардык соту - 4 судья:
Төрага 1
Судьялар 3
Түп райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судья 2
Тоң райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Нарын облусунун соттору
Нарын облустук соту - 10 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 6
Акталаа райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Атбашы райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Жумгал райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Кочкор райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Нарын шаардык соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Нарын райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Талас облусунун соттору
Талас облустук соту - 10 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 6
Бакайата райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Карабуура райондук соту - 3 судья:
Төрага 1
Судья 2
Манас райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Талас шаардык соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Талас райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Баткен облусунун соттору
Баткен облустук соту - 10 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 3
Судьялар 6
Баткен райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Кадамжай райондук соту - 4 судья:
Төрага 1
Судьялар 3
Кызылкыя шаардык соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Лейлек райондук соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Сүлүктү шаардык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Аскердик соттор
Кыргыз Республикасынын Аскердик соту - 7 судья:
Төрага 1
Төраганын орунбасарлары 2
Судьялар 4
Балыкчы гарнизонунун аскердик соту - 1 судья:
Төрага 1
Баткен гарнизонунун аскердик соту - 1 судья:
Төрага 1
Бишкек гарнизонунун аскердик соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Ош гарнизонунун аскердик соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Райондор аралык соттор
Баткен облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Бишкек шаарынын райондор аралык соту - 8 судья:
Төрага 1
Судьялар 7
Жалалабат облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Ысыккөл облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Нарын облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Ош облусунун райондор аралык соту - 3 судья:
Төрага 1
Судьялар 2
Талас облусунун райондор аралык соту - 2 судья:
Төрага 1
Судья 1
Чүй облусунун райондор аралык соту - 5 судья:
Төрага 1
Судьялар 4
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 Жарлыгынын № 2 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кошумча 43 штаттык бирдигин бөлүштүрүү
Бишкек шаары боюнча
1. Бишкек шаардык сотуна - 2 бирдик.
2. Ленин райондук сотуна - 2 бирдик.
3. Биринчи май райондук сотуна - 3 бирдик.
4. Октябрь райондук сотуна - 2 бирдик.
5. Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна - 2 бирдик.
Баткен облусу боюнча
6. Баткен райондук сотуна - 1 бирдик.
7. Сүлүктү райондук сотуна - 1 бирдик.
8. Лейлек райондук сотуна - 1 бирдик.
Жалалабат облусу боюнча
9. Базаркоргон райондук сотуна - 2 бирдик.
10. Ноокен райондук сотуна - 1 бирдик.
11. Каракөл шаардык сотуна - 1 бирдик.
12. Майлуусуу шаардык сотуна - 1 бирдик.
13. Алабука райондук сотуна - 1 бирдик.
14. Чаткал райондук сотуна - 1 бирдик.
15. Тогузторо райондук сотуна - 1 бирдик.
Ысыккөл облусу боюнча
16. Аксуу райондук сотуна - 1 бирдик.
17. Ысыккөл райондук сотуна - 1 бирдик.
Нарын облусу боюнча
18. Нарын шаардык сотуна - 1 бирдик.
19. Атбашы райондук сотуна - 1 бирдик.
20. Акталаа райондук сотуна - 1 бирдик.
21. Жумгал райондук сотуна - 1 бирдик.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча
22. Карасуу райондук сотуна - 1 бирдик.
23. Өзгөн райондук сотуна - 1 бирдик.
24. Каракулжа райондук сотуна - 1 бирдик.
25. Алай райондук сотуна - 1 бирдик.
26. Чоңалай райондук сотуна - 1 бирдик.
27. Ноокат райондук сотуна - 1 бирдик.
28. Араван райондук сотуна - 1 бирдик.
29. Ош шаардык сотуна - 1 бирдик.
Талас облусу боюнча
30. Талас шаардык сотуна - 1 бирдик.
31. Манас райондук сотуна - 1 бирдик.
Чүй облусу боюнча
32. Аламүдүн райондук сотуна - 1 бирдик.
33. Москва райондук сотуна - 1 бирдик.
34. Токмок шаардык сотуна - 1 бирдик.
35. Жайыл райондук сотуна - 1 бирдик.
36. Чүй облусунун райондор аралык сотуна - 1 бирдик.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 Жарлыгынын № 3 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин өткөрүп берүү тууралу
1. Баткен гарнизонунун аскердик сотунун судьяларынын штаттык санынан (2 судья) судьянын 1 кызмат орду Баткен облусунун Кызылкыя райондук сотунун түзүмүнө берилет.
2. Балыкчы гарнизонунун аскердик сотунун судьяларынын штаттык санынан (2 судья) судьянын 1 кызмат орду Ысыккөл облусунун Ысыккөл райондук сотунун түзүмүнө берилет.
3. Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун судьяларынын штаттык санынан (4 судья) судьянын 1 кызмат орду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун түзүмүнө берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьяларынын штаттык санынан (9 судья) судьянын 2 кызмат орду Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун түзүмүнө берилет.
5. Жоюлуп жаткан Чүй гарнизонунун аскердик сотунун судьяларынын штаттык санынан (2 судья):
- төраганын 1 кызмат орду Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун түзүмүнө берилет жана анда судьянын кызмат орду деп эсептелет;
- судьянын 1 кызмат орду Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун түзүмүнө берилет.