Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 18 январы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишин андан ары өркүндөтүү, кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт менен камсыз кылуу боюнча чечимдерди оперативдүү кабыл алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
-10 пункт төмөнкү мазмундагы 101- пунктча менен толукталсын:
«101 ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген автотранспорттук каражаттардын лимитинин чегинде мамлекеттик органдардын, мекемелердин жанан ишканалардын оперативдүү башкаруусуна жанан чарбалык карамагына, ошондой эле ыкчам пайдалануусуна кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын борбордоштурулган камсыз кылууну, бөлүштүрүүнү жана өткөрүп берүүнү уюштурат;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |