Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 31-январы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген 1-главада:
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар» деген графада:
III топтун биринчи абзацындагы «директору» деген сөз «төрагасы» деген сөзгө алмаштырылсын;
IV топтун биринчи абзацындагы «директорунун» деген сөз «төрагасынын» деген сөзгө алмаштырылсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы» деген графада:
II топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы»;
III топтун төртүнчү абзацындагы «төрагасы» деген сөз «төрагасынын орун басары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
IV топтун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- «Атайын мамлекеттик кызмат орундары» деген 2-главнын «Кыргыз Республикасынын сот бийлиги» деген графасында:
I топтун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
II топтун үчүнчү абзацындагы «төрагасынын орун басары» деген сөздөр «төрагасы» деген сөзгө алмаштырылсын;
III топ төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
«Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагаснын орун басары»;
- «Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары» деген 3-главанын 3.11-пунктунда «Улук кызмат орду» деген топтун «С-Б» категориясынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун жардамчысы».
2.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |