Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 362, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (мындан ары - Мекеме) саламаттык сактоонун жана илимдин мамлекеттик мекемеси болуп саналат, функцияларды аткарууну финансылык камсыздоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мекеменин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
2. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак - мамлекеттик мекеме болуп саналат, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат жана жүзөгө ашыра алат, жоопкерчилик тарта алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер боло алат.
4. Мекеменин өз алдынча балансы, бюджеттин каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын валютасында киреше алып келүүчү иштен түшкөн каражаттарын эсепке алуу боюнча аймактык казыналык органдарында өздүк эсеби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылган чет өлкөлүк валютадагы эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн эмблемасы, ошондой эле мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Мекеменин фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр охраны материнства и детства" при Министерства здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ЭжБКУБ";
- расмий тилде - "НЦОМиД".
6. Мекеменин юридикалык дареги: 720038, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 190.
7. Мекеме өзүнүн курамында жобонун негизинде иштөөчү юридикалык жактын укугусуз төмөнкүдөй обочолонгон бөлүмгө (филиал) ээ:
"Перинаталдык борбор" - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун филиалы.
- кыскартылган аталышы: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "ЭжБКУБ ПБ"
- дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.
8. Мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аккредитацияланууга тийиш.
2. Ишинин предмети, максаттары жана түрү
9. Мекеменин ишинин предмети жана максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жүрөк-кан тамыр системасынын тубаса жана кийин пайда болгон ооруларын изилдөө, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын, ревматология, гематология, эндокринология, офтальмология, оториноларингология, акушердик жана гинекология, неонатология, балдар хирургиясы, педиатрия жаатында жана медицина менен чектеш тармактарда фундаменталдуу, изилдөөчү, эксперименттик жана колдонмо илимий-изилдөө иштери чөйрөсүндө илимий жана илимий-техникалык ишти өнүктүрүү;
- неврологиялык, нейрохирургиялык жардамды уюштуруунун илимий негиздерин, бала курактагы ооруларды диагностикалоодо жана дарылоодо жаңы технологияларды иштеп чыгуу;
- донордук органдарды жана ткандарды трансплантациялоону уюштуруунун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- онкологиялык ооруларды дарылоону жана кийинки медициналык реабилитациялоону уюштуруунун илимий негиздерин иштеп чыгуу;
- баштапкы медициналык-санитардык, адистештирилген жардамды, анын ичинде калкка жогорку технологиялуу медициналык жардамды өркүндөтүү.
10. Ушул Уставдын 9-пунктунда аныкталган максаттарга жетүү үчүн Мекеме төмөнкү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик тапшырманы аткаруунун алкагында илимий (илимий-изилдөө), илимий-техникалык иш жана эксперименттик иштеп чыгуулар;
- биргелешкен илимий-изилдөө программаларын жана долбоорлорун түзүү жана ишке ашыруу менен энени жана баланы коргоо жаатында илимди, билимди жана практиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү эл аралык байланыштарды түзүү;
- репродуктивдүү ден соолук, эненин, жаңы төрөлгөндөрдүн, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу жаатындагы ар кандай эл аралык илимий институттар жана эл аралык агенттиктер менен биргеликте илимий изилдөөлөргө, баалоолорго, программаларга жана долбоорлорго катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аспирантурада илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары, ординатура программалары жана кошумча кесиптик программалар боюнча билим берүү иши;
- калкка адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардамды Министрлик тарабынан белгиленүүчү көлөмдө көрсөтүү бөлүгүндөгү медициналык иш;
- Мекеменин дарылоо-диагностикалык процессин камсыз кылуунун медициналык колдонуусу үчүн дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө жүргүзүлүүчү фармацевттик иш (дары препараттарын даярдоо, дары каражаттарын сактоо, дары каражаттарын Мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнө таратуу);
- Мекеменин оперативдүү башкаруусунда болгон транспорт каражаттарын күтүү жана эксплуатациялоо менен байланышкан иш;
- пациенттерди жана донордук органдарды санитардык транспорт менен ташууга байланышкан иш;
- Мекеменин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жүргүзүлгөн объекттерде, ошондой эле оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилүүчү капиталдык курулуштун объекттеринде курулуштук контролдоону жүргүзүүгө байланышкан иш;
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана Мекеменин ишинин профили боюнча маалымат ресурстарын түзүү.
11. Ушул Уставда каралган негизги максаттарга жетүү үчүн Мекеме юридикалык жана жеке жактар менен, анын ичинде тармактык, ведомстволук программаларды ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдер, контракттар боюнча киреше алып келүүчү иштин төмөнкү түрлөрүн акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыра алат:
- мамлекеттик тапшырманы аткаруунун алкагында илимий (илимий-изилдөө), илимий-техникалык иш жана эксперименттик иштеп чыгуулар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аспирантурада илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары, ординатура программалары жана кошумча кесиптик программалар боюнча билим берүү иши;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен баштапкы медициналык-санитардык, адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү жаатындагы медициналык иш;
- Министрлик тарабынан белгиленген көлөмдүн алкагында акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүү;
- Мекеменин ишинин профилине ылайык менчиктин бардык формасындагы зарыл болгон уюштуруучулук-методикалык, илимий-консультациялык жана эксперттик жардам көрсөтүү;
- Мекеменин ишинин профилине ылайык конгресстерди, съезддерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, тренингдерди жана көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
- киреше алып келүүчү иштен алынган каражаттардын эсебинен басма продукциясын, анын ичинде маалыматтык жана илимий-методикалык материалдарды, монографияларды, Мекеменин илимий ишинин жыйынтыктарын камтыган илимий эмгектердин жыйнактарын басып чыгаруу жана жайылтуу;
- оорулуулар жана Мекеменин кызматкерлери үчүн тамактанууну уюштуруу жана киреше алып келүүчү иштен алынган каражаттардын эсебинен өндүрүлгөн жана сатып алынган тамак-аш азыктарын сатуу боюнча кызматтар;
- Мекеменин ишинин алкагында транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
- пациенттерге жана Мекеменин кызматкерлерине сервистик жана тиричилик тейлөө чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде Мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жайларга жарандарды жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
12. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген баалар боюнча иштерди аткарат жана кызматтарды көрсөтөт.
3. Мекеменин ишин уюштуруу
13. Мекеме ушул Уставдын, келишимдердин, макулдашуулардын, контракттардын негизинде мамлекеттик органдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенет.
14. Уставдык максаттарды аткаруу үчүн Мекеме белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Уставга ылайык финансылык-чарбалык жана башка ишти жүргүзүүгө;
- өз ишин пландоого жана Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча өнүктүрүү келечектерин аныктоого;
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууда катышууга;
- Мекеме үчүн каралган саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетинин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын иштеп чыгууга жана аны аткарууга;
- киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруу максатында юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- финансылык-чарбалык иштин бекитилген планына ылайык ушул Уставда уруксат берилген киреше алып келүүчү иштен киреше алууга жана аны пайдаланууга;
- илимий-практикалык конференцияларга, конгресстерге, съезддерге, симпозиумдарга, семинарларга, тренингдерге жана көргөзмөлөргө катышууга;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган тышкы экономикалык жана эл аралык ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде эл аралык кызматташуунун алкагында келишимдерди түзүүгө;
- Мекеменин оперативдүү башкаруу укугунда турган капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо, реконструкциялоо, кеңейтүү жана техникалык жактан кайра жабдуу, капиталдык оңдоо, ошондой эле Мекеменин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген жаңы объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууга;
- капиталдык оңдоону уюштурууну жүзөгө ашырууга жана Мекеменин оперативдүү башкаруусунда болгон имараттардын, курулмалардын, курулуштардын учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
- ушул Уставда каралган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон лицензияларды алууга;
- Мекеменин иш чөйрөсүнө тиешелүү иш тажрыйбаны үйрөнүү үчүн Мекеменин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынан сырткары чет өлкөлөргө жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди жумушка алууга жана жумуштан бошотууга;
- медициналык-санитардык жардам сурап кайрылган жарандардан, алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүргүзгөн башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө керектүү маалыматты, анын ичинде аны текшерүүнү же дарылоону жүргүзгөн башка адамдардан маалыматтарды жарандын макулдугу менен сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмөнү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди берүүгө;
- Мекеменин тематикасына байланыштуу айрым маселелерди чечүү же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө топторун (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо тармагындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана керектелүүчү материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
- Мекеменин багыты боюнча бейтаптарды дарылоо үчүн дары каражаттарын жана медициналык арналыштагы буюмдарды республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштуруп сатып алууга, ошондой эле грант жана гуманитардык жардам түрүндө алууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө Мекеменин ишинин багыты боюнча ассоциацияларга, бирликтерге жана башка коомдук уюмдарга белгиленген тартипте кирүүгө;
- Мекеменин ишинин багыты боюнча деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү колдоого багытталган ишти жүргүзүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешени материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого, инфратүзүмдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Мекеменин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо үчүн жумшоого;
- Мекеменин филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизүүгө;
- Мекеменин медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- кызыкдар окумуштууларды жана врачтарды, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди Мекеменин багыты боюнча ооруларды диагностикалоонун, дарылоонун жана алдын алуунун жаңы технологияларына окутууну жана маалымат берүүнү (келишимдик негизде), ошондой эле клиникалык ординатурада, аспирантурада жана докторантурада адистерди даярдоону ишке ашырууга;
- мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн тартууга;
- Мекеменин милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык иштерди жүргүзүүгө, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдарга, чет өлкөлүк уюмдарды кошуп, консультация берүүгө;
- республиканын аймагында, ошондой эле аймактан сырткары да менчик ээсинин же анын ыйгарым укуктуу органынын макулдугу менен биргелешкен ишканаларды, лабораторияларды жана фонддорду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мекеме тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продуктуларды республикада жана чет өлкөлөрдө сатууга;
- Мекеменин ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн чет өлкөлөрдөн алдыңкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга;
- студенттерди практикалык жактан окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүгө;
- тартылган каражаттардын (кредит, лизинг ж.б.) эсебинен медициналык жана лабораториялык жабдууларды сатып алуу укугун берүүгө;
- медициналык жана реабилитациялык-профилактикалык кызматтарды көрсөтүүнүн спектрин кеңейтүүгө;
- жогорку технологиялуу медициналык жардамды киргизүү, ошондой эле медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик, жеке жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
- Саламаттык сактоо министрлигинен, Электрондук саламаттыкты сактоо борборунан, башка саламаттык сактоо уюмдарынан, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн (макулдашуу боюнча) өз функцияларын ишке ашыруу үчүн жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
15. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мекеменин профили жана деңгээли боюнча керектүү көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында берилүүчү, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана коркунучтуу шарттарда иштеә) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимди сактоого;
- чектеш саламаттыкты сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
- сергек жашоо үлгүсүн жайылтууну жана калкты санитардык-гигиеналык жактан тарбиялоону жүзөгө ашырууга;
- студенттерди практикалык жактан окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүүнүн казыналык жол-жоболор регламентин сактоого;
- бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу үчүн эсептешүүлөр боюнча Бирдиктүү төлөөчүнүн банк-агентинде учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
- Мекеменин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
4. Мекеменин жоопкерчилиги
16. Мекеме Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
17. Мекеменин жоопкерчилиги калкка медициналык жана профилактикалык кызмат көрсөтүүгө байланышкан иш-чараларга багытталган акча каражаттарына жана мүлккө жайылтылбайт.
5. Мекеменин ишин башкаруу
18. Мекеме Саламаттык сактоо министрлигине ведомстволук баш иет.
19. Мекеменин медициналык ишин жөнгө салууну, координациялоону, ошондой эле контролдоону Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү ишин - Билим берүү жана илим министрлиги жүзөгө ашырат.
20. Мекемени анын жетекчиси - директор башкарат.
21. Директор Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана Мекеменин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
22. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)
23. Мекеменин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- Мекемени бир башчылык принцибинде жетектейт жана Мекеменин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу, финансылык тартипти сактоо, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана отчет берүү, мүлктүн жана Мекеменин ыкчам башкаруусунда турган башка баалуулуктардын сакталышы, Мекеменин кызматкерлеринин укуктарын сактоо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматты коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- ушул Уставда аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде Мекеменин ишинин бардык маселелери боюнча башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен болгон мамилелерде Мекеменин атынан чыгат;
- кызматкерлерди жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Мекеменин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Мекеменин финансы каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз келишимдерди жана контракттарды түзөт, алардын аткарылышын камсыздайт;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
- мыйзамда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү үчүн баалардын прейскурантын иштеп чыгат жана Уюштуруучуга бекитүүгө берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары менен жамааттык келишим түзөт;
- илимий иш жана клиникалык иштер боюнча Мекеменин директорунун (башкы дарыгердин) орун басарларынын кызматтык нускамаларын бекитет;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- ушул Уставдан келип чыккан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат.
24. Мекеменин директорунун орун басарлары Мекеменин директору тарабынан дайындалат: илимий иштер боюнча - Билим берүү жана илим министрлиги менен, клиникалык иштер боюнча - Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
6. Мекеменин окумуштуулар кеңеши
25. Мекеменин окумуштуулар кеңеши сунуштоочу коомдук-кесиптик орган болуп саналат.
26. Мекеменин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү илимий кызматкерлердин жана жогорку медициналык билими бар адистердин жалпы чогулушунда, Мекеме директорунун сунушу боюнча, ишинин багытына жараша, жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик жана башкаруучу персоналдын жалпы чогулушу, эгерде эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбүрөөгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
27. Окумуштуулар кеңешинин курамына Мекемеде иштебеген алдыңкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
28. Окумуштуулар кеңеши, эгерде жыйналышка анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
29. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп Мекеменин директору саналат.
7. Мекемени каржылоонун жана материалдык камсыздоонун булактары
30. Мекемени каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардан;
- атайын каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
31. Мекеменин илимий-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
- Мекеме жүргүзгөн фундаменталдуу изилдөөлөрдү колдоо каражаты катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттардын системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
32. Гранттар боюнча алынган илимий-изилдөө иштери боюнча финансылык каражаттарды Мекеменин директору тескейт.
33. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону кызыкдар тараптар келишимдик негизде жүзөгө ашырышы мүмкүн.
34. Мекеменин ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Эсепке алуу, отчеттук жана контролдоо
35. Мекеме бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт, алардын толуктугу жана аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
36. Мекеменин финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Түзүмү
37. Мекеменин түзүмү окумуштуулар кеңешинин чечими менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Мекеменин директору тарабынан бекитилет.
10. Мекеменин ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
38. Мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
39. Мекемени кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
40. Мекеменин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.".