Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1994-жылдын 15-апрели № 1485-XII
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык
саясаттын негиздери тууралу
(Кыргыз Республикасынын
1999-жылдын 2-июнундагы № 44
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2012-жылдын 1-июнундагы № 77
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
1994-жылдын 15-апрелиндеги N 1486-XII
токтому менен колдонууга киргизилген)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Илимий-техникалык саясатты мамлекеттик жөнгө салуу
III бөлүм. Илимдин системасы жана илимий, илимий-техникалык
мекемелер
IV бөлүм. Илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери
V бөлүм. Илим менен техниканын артыкчылык берилүүчү багыттары
VI бөлүм. Материалдык-техникалык жана маалымат менен камсыз
кылуу
VII бөлүм. Илимди финансылоо
VIII бөлүм. Эл аралык кызматташтык
Бул Мыйзам республикада илимдин жана илимий-техникалык иштин (мын-
дан ары - илимий-техникалык саясат) милдет аткарышын камсыз кылуучу не-
гизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарды жана гарантияларды
бекемдейт.
Мамлекет экономикалык өнүгүүнүн аныктоочу булагы жана улуттук ма-
даният менен билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү катарында болгон илимди
өнүктүрүүгө артыкчылык берүү менен колдоо көрсөтүп, илимий-техникалык
иш чөйрөсүндөгү граждандардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ишке
ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп, социалдык, экономикалык, ма-
даний жана башка проблемаларды чечүү үчүн ата мекендик жана дүйнөлүк
илимдин жана техниканын жетишкендиктерин пайдаланууну камсыз кылат.
Мыйзамда:
илим менен техниканы өнүктүрүүдөгү мамлекеттин ролун, коомдук
өндүрүштү кайра түзүү жана адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн
илимий-техникалык жетишкендиктерди пайдаланууну;
мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, ба-
гыттарын жана принциптерин;
илимий-техникалык чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрүн жана
ыкмаларын;
илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик органдар-
дын бийлик-укуктарын;
илимий-техникалык ишти өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук га-
рантияларын;
илимий кызматкерлердин жана илимий жаматтардын укуктук негиздерин
аныктайт.
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык
саясаттын негиздери тууралу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары
Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизде-
ри тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз
Республикасынын ага ылайык чыгарылуучу башка мыйзам актыларынан турат.
2-статья. Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык
саясаттын негиздери тууралу Мыйзамдын негизги максаттары
жана багыттары
Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизде-
ри тууралу Мыйзам:
илимдин ролун жана республиканын экономикалык, социалдык жана ма-
даний проблемаларын чечүү үчүн анын кайтарымынын натыйжалуулугун олут-
туу жогорулатууга;
илимий, илимий-техникалык жана долбоорлоо-технологиялык уюмдардын
иштешин оптималдаштыруу жана турукташтыруу, илимий жана илимий-техника-
лык мүмкүнчүлүктөрдү сактоого;
илимий мекемелердин өнүгүшү жана иш жүргүзүшү үчүн жагымдуу уюшту-
руучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүүгө;
илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин туруктуу иштеши үчүн
социалдык гарантияларды камсыз кылууга багытталган.
Мамлекет гарантиялуу көмөк көрсөтүүнүн негизинде илим менен техни-
канын коомдун турмушундагы ролун жогорулатууну, илимий чыгармачылыктын
эркин өнүгүшүн, илимий-техникалык ишти активдештирүүнү, интеллектуалдык
иштин натыйжасы болуп эсептелген интеллектуалдык менчикти коргоону кам-
сыз кылат.
3-статья. Илимий-техникалык ишти жөнгө салуунун тартиби
Ушул Мыйзамдын негизинде илимий-техникалык иш процессинде пайда
болгон мамилелер жөнгө салынат, буга изилдөөлөрдү жана иштеп чыгуулар-
ды, тажрыйба иштерин жүргүзүү, жањы техниканы жана технологияны
өздөштүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жањы илимий-техникалык продукция-
ларды пайдаланууга жана аны керектөөчүлөргө байланыштуу иштер кирет.
Илимий-техникалык иштин катышуучуларынын ортосундагы мамилелер
ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, ошондой эле
түзүлгөн келишимдер тарабынан жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын ведомстволоруна же башка мамлекеттик орган-
дарына түздөн-түз баш ийдирилген мамлекеттик илимий жана илимий-техни-
калык уюмдардын ишинин тартиби ушул Мыйзамдын негизинде Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды өз алдынча изилдөө жана или-
мий-техникалык уюмдарда (фирмаларда, ишканаларда) жүргүзүп жаткандардын
санын кошуп алганда бул иштин тартиби жана масштабдары алар тарабынан
ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун ишинин
максаттарына ылайык аныкталат. Мында коммерциялык натыйжа алуу менен
прикладдык изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү негизги иши бо-
луп эсептелген илимий-техникалык уюмдар өз ишинин тартибин жана масш-
табдарын рыноктук мамилелердин негизинде илимий-техникалык продукцияга
болгон талаптын конъюнктурасына негизденип аныкташат.
Өз алдынча илимий-техникалык уюмдардын (фирмалардын, ишканалардын)
иши аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, өкмөттүк заказдар-
ды жана контракттарды (келишимдер) берүү менен мыйзамдарда белгиленген
салыктардын, жењилдиктердин, кредиттик ставкалардын жана экономикалык
жөнгө салуунун башка ыкмаларынын жардамы менен жөнгө салынат.
II бөлүм
Илимий-техникалык саясатты мамлекеттик жөнгө салуу
4-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты аныктоо
Мамлекеттик илимий-техникалык саясат илимий-техникалык чөйрөдөгү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттин негизги максаттарын, багыттарын,
принциптерин, ишинин түрлөрүн жана ыкмаларын аныктай турган социал-
дык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү.
Мамлекет илимий-техникалык саясатты калыптандырат, мамлекеттер
аралык жана эл аралык маанидеги илимий-техникалык иштерге өзүнүн каты-
шышынын чараларын, түрлөрүн жана каражаттарын өз таламдарына жана
мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип аныктайт, илимий-техникалык чөйрөдөгү
өзүнүн укуктарын жана таламдарын сактай турган структураларды түзөт.
Мамлекет:
- илимий-техникалык иштин бардык субъектилерине мамлекеттик колдоо
көрсөтүү менен кошо алганда илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү калып-
тандыруу жана аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык,
уюштуруучулук, укуктук шарттарды;
- илимдин азыркы кездеги инфраструктурасын түзүүнү, илимий-техни-
калык кадларды даярдоону, алардын укуктук жана социалдык жактан корго-
лушун;
- илим менен өндүрүштөрдү түзүүнү интеграциялоону;
- фундаменталдуу изилдөөлөрдү, мамлекеттик илимий-техникалык прог-
раммаларды мамлекет тарабынан финансылоону жана аларды материалдык-тех-
никалык жактан артыкчылык берип камсыз кылууну, мамлекеттик бюджеттин
каражаттарынын натыйжалуу жана сарамжал пайдаланылышына контролдук
жүргүзүүнү;
- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттары-
на жана аларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоого колдоо көрсөтүүнү;
- илимий-техникалык продукциянын рыногун түзүүнү жана илим менен
техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтуу-
ну;
- илимий-техникалык чөйрөдө статистиканы уюштурууну;
- илим менен техника чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууну маалымат
менен камсыз кылууну;
- изилдөөлөрдүн, жањы технологиялар менен техникалардын или-
мий-техникалык дењгээлине баа берүүнү, маанилүү илимий-техникалык дол-
боорлорду экспертизадан өткөрүүнү;
- ата мекендик жана дүйнөлүк илим менен техниканын жетишкендикте-
рин эл чарбасында пайдалануу үчүн башка мамлекеттер менен байланыштарды
түзүүнү камсыз кылат.
5-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги
принциптери
Төмөндөгүлөр:
- илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык
жана рухий өнүгүшү менен органикалык биримдиги;
- башкарууну демократиялаштыруу (коомдук талкуунун ар кандай
түрлөрү, компетенттүү жана объективдүү экспертиза, конкурстук башталыш-
тар);
- экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу;
- илимий-техникалык артыкчылыктарды тандап алуу жана аларды ишке
ашыруу үчүн ресурстарды топтоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын
өнүгүшүнүн эњ маанилүү проблемаларын чечүүнү камсыз кылуучу
илим-изилдөө иштерине биринчи кезекте мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- илимий жана ойлоп табуу ишине, техникалык чыгармачылыкка колдоо
көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коргоо;
- илимий-техникалык чөйрөдөгү атаандаштыкка жана ээлик кылуучулук-
ка колдоо көрсөтүү;
- илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык түрлөрүнүн тењ укукту-
улугу, коллективдүү жана жеке илимий-техникалык чыгармачылыкты айкалыш-
тыруу;
- илимий, билим берүүчү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүнүн
биримдиги;
- илимий-техникалык коомчулуктун мамлекеттик илимий-техникалык са-
ясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга катышуусу;
- илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин
жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн
кењири пайдалануу;
- илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун эркин болушу жана или-
мий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоо Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын негизги принциптери болуп
эсептелет.
6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мамлекеттик
илимий-техникалык саясат жагындагы бийлик-укугу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча илимий изилдөөлөрдү бюджеттик финансылоонун
аткарылышы жөнүндө отчетту жана улуттук кирешенин жалпы көлөмүнөн илим
менен техниканы өнүктүрүүгө кетүүчү чыгашалардын кийинки мезгилге
үлүшүн бекитет.
7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик
башкаруу органдарынын мамлекеттик илимий-техникалык
саясатты башкаруу жагындагы бийлик-укугу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, ба-
гыттарын, принциптерин аныктайт;
- мамлекеттик илимий-техникалык саясатты турмушка ашырууну камсыз
кылат;
- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багытта-
рын, улуттук жана мамлекеттик илимий-техникалык программалардын тизме-
син макулдашат жана бекитет;
- мамлекеттик илим-изилдөө мекемелерин, жогорку окуу жайларын,
республикалык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди жана комплекстерди, илимий
борборлорду, эгерде алар республиканын бюджетинен финансыланса, башка
мамлекеттер жана чет өлкөлүк фирмалар менен биргелешип түзүлгөн илимий
мекемелерди түзөт жана жоет;
- илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик бюджеттен камсыздоону жүзөгө
ашырат, илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыњдоо боюн-
ча чараларды көрөт;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу чыгымдалышына,
материалдык-техникалык базанын сарамжал пайдаланылышына контролдукту
жүзөгө ашырат;
- илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу жана ага колдоо көрсөтүү
үчүн бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүүгө колдоо көрсөтөт жана ага
түрткү берет;
- республиканын мамлекеттик бюджетинен финансылануучу
илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди коор-
динациялайт;
- колдонуудагы мыйзамдардын негизинде илимий-техникалык прогрессти
тездетүү боюнча иш жүргүзгөн ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын
ишине түрткү берүүчү экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук механизм-
дерди түзөт;
- илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык
макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кыз-
матташтык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемеле-
ринин жана уюмдарынын ишин координациялайт.
Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты Өкмөт өзүнүн атайын
түзүлгөн органы (же органдары) аркылуу жүзөгө ашырат, бул орган Өкмөт
тарабынан бекитилген Жобого ылайык иш жүргүзөт.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ве-
домстволор жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун башка
борбордук органдары, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун жергиликтүү
органдары мамлекеттик илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашырууга колдо-
нуудагы мыйзамдарда каралган өз бийлик-укуктарынын чектеринде катышы-
шат.
III бөлүм
Илимдин системасы жана илимий,
илимий-техникалык мекемелер
8-статья. Илимий жана илимий-техникалык мекемелер
Улуттук илимдер академиясы жана академиялык институттар, жогорку
окуу жайларынын илимий кичи бөлүмдөрү, тармактык жана тармактар аралык
илим-изилдөө институттары илимий борборлор жана технологиялык бюролор,
инженердик борборлор, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станцияла-
ры, илимий базалар, фирмалар, илимий станциялар илимий мекемелерге та-
андык кылынат.
Илимий жана илимий-техникалык мекемелер бул - юридикалык жактар
болуп эсептелип, илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана башка или-
мий-техникалык иштерди, ошондой эле илимий ишти камсыз кылуучу көмөкчү
иштерди өткөрүү алардын милдетине кирет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жамааттык жана жеке илимий ме-
кемелер иштеши мүмкүн. Мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай түрдөгү
аралаш менчикте болгон илимий мекемелерди түзүүгө жол берилет.
9-статья. Илимий жана илимий-техникалык мекемелердин укуктук абалы
Эгерде илимий-изилдөө иши аталган мекеменин уставында каралган
максаттарга жана милдеттерге ылайык келсе жана Кыргыз Республикасынын
мыйзам актыларына карама-каршы келбесе илим-изилдөө иштерин жүзөгө ашы-
рышат.
Илимий жана илимий-техникалык мекемелер:
- илимий ишинин негизги багыттарын өз алдынча аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү финансылоо боюнча конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен тикелей байланыштар-
ды өнүктүрүүгө;
- бирикмелерге кирүүгө, белгиленген тартипте филиалдарды, ошондой
эле өндүрүштүк жана башка чарбалык ишканаларды (илимий-техникалык, тех-
нологиялык жана башка продукцияларды алуу үчүн менчигинин түрү ар кан-
дай болгон ишканаларды), эгерде бул илимий уюмдун уставында каралса,
илим-изилдөө боюнча тектеш биргелешкен кичи бөлүмдөрдү түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басмаларды бастырып
чыгарууга;
- илимий-техникалык маалыматтардын банктарын калыптандырууга, или-
мий конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспиранту-
ра жана докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наам-
дарды ыйгаруу боюнча кењештерди түзүүгө;
- мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга,
чт өлкөлүк уюмдар менен контракттар түзүүгө;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе
граждандарга жана тышкары турган уюмдарга, мекемелерге кошумча акы алып
кызмат көрсөтүүгө укуктуу.
Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө
мамлекет алардын уставында каралган иш үчүн пайдаланыла турган негизги
жана жүгүртмө фондуларды, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү акысыз
пайдаланууга берет.
Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө
илимий, сыноо полигондору үчүн жер участоктору (геоэкологиялык, физика-
лык, химиялык жана башка) акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Негизги жана жүгүртмө каражаттар, жер участоктору жана башка мам-
лекеттик мүлк алынып коюлбайт.
Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери зарыл болгон учурда бел-
гиленген тартипте тармактык жана регионалдык бөлүмдөрдү, илим-изилдөө
институттарын, илимий, окуу-илимий инженердик борборлорду, или-
мий-окуу-дарылоо комплекстерин, инновациялык борборлорду, чакан жана
биргелешкен ишканаларды түзө алышат.
10-статья. Илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү атаандашуунун жана
ээлик кылуунун эркиндиги
Мамлекет илим жана техника чөйрөсүндө рыноктук мамилелерди
өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, атаандашууну, ар кандай илимий мектептерди
түзүүнү жана өнүктүрүүнү, альтернативалуу идеяларды жана долбоорлорду
кубаттап, максатка багытталган кредиттик-финансылык, баа, салык жана
монополияга каршы саясат жана илимий-техникалык иштин ар кандай
түрлөрүн түзүү аркылуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натый-
жаларын ишке ашыруу боюнча көз карандысыз илимий-техникалык демилгени,
ээлик кылуу ишин колдойт жана аг түрткү берет.
11-статья. Илимий мекемени түзүүнүн жана каттоонун тартиби
Мамлекеттик бюджеттен финансылануучу илимий мекемелер Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
Илимий мекемелер ишканаларды же мекемелерди каттоо үчүн белгилен-
ген тартипте ылайык катталууга тийиш.
Илимий мекеме Уставы катталган учурдан тартып юридикалык жактан
укугуна ээ болот.
12-статья. Илимий мекемеге жетекчилик
Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда, тиешелүү багыттагы жана квалификациядагы илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармактагы жетекчилик тажрыйбасы бар илимдин доктору даражасына ээ адистердин ичинен альтернативалык негизде жашыруун добуш менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлануусу мүмкүн эмес.
Илимий мекемелердин жетекчилерин кызмат орундарынан бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
(КР 2012-жылдын 1-июнундагы №77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө катышуучу уюмдар,
мекемелер жана ишканалар
Иши илимий-техникалык чөйрөнү колдоого жана өнүктүрүүгө багыттал-
ган илимий-техникалык экспертиза, маалымат органдары, аккредиттелген
кызматтар, республикалык жана жергиликтүү фондулар да илимий-техникалык
саясатты жүргүзүүгө катышкан уюмдарга таандык кылынат. Бул кызматтар
экспертиза, лицензиялоо жана аккредиттөө жагынан көз карандысыз болуп
эсептелет.
14-статья. Коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелер
Тиешелүү тармактагы окумуштуулар менен адистерди ыктыярдуу башта-
лыштарда бириктирип турган жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий
уюмдар толук өз алдынчалыктын, өзүн-өзү финансылоонун, өзүн-өзү камсыз
кылуунун принциптеринде аракеттенишет жана Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын жана өздөрүнүн уставдарынын же жоболорунун негизинде иш
жүргүзүшөт.
Жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий уюмдардын өз фондулары
болушу мүмкүн.
Жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий уюмдар мамлекеттик ор-
гандар тарабынан катталат.
15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коомдук илимий жана
илимий-техникалык бирикмелердин илимий-техникалык
саясатты жүзөгө ашыруудагы өз ара мамилелери
Мамлекеттик органдар илимий-техникалык саясатты мамлекеттик, коом-
дук илимий жана илимий-техникалык бирикмелердин катышуусу менен жүзөгө
ашырышат.
Мамлекет коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелерди
түзүүгө тоскоолдук кылбайт жана аларды илимий-техникалык чөйрөдө даяр-
доо, негизги чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн тарта алат,
алардын мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүгө жана жүргүзүүгө
катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылат.
16-статья. Илимий-техникалык продукцияга болгон укукту мамлекет
тарабынан коргоо
Мамлекет илимий жана илимий-техникалык продукцияга болгон интел-
лектуалдык менчик укугун коргойт. Бул чөйрөдө келип чыккан мамилелер
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.
Мамлекет илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилерине или-
мий-техникалык продукцияга болгон укугун коргоонун бирдей шарттарын сот
тартибинде камсыз кылат.
IV бөлүм
Илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери
17-статья. Илимий кызматкерлер жана алардын жамааттары -
илимий-техникалык иштин негизги субъектилери
Илим изилдөө процессине, илимий жана илимий-техникалык продукция-
ларды жана технологияларды түзүүгө жана жайылтууга түздөн-түз катышкан
жеке адамдар жана юридикалык жактар илимий жана илимий-техникалык иштин
субъектилери болуп саналат.
Илимий жана илимий-техникалык кызматкер илимий жана илимий-техни-
калык иштин негизги субъектиси болуп эсептелет.
Жогорку билимдүү же жогорку билимге ылайык келген даярдыгы бар,
кесиби боюнча табигый, техникалык же коомдук илимдер, теориялык же
прикладдык изилдөөлөр жагында өз алдынча же илимий-техникалык иштин
колдонулуп жаткан уюштуруу түрлөрүндө (илим-изилдөө, иликтөө же башка
илимий иш) иштеп жаткан адам илимий жана илимий-техникалык кызматкер
болуп эсептелет.
Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди бириктирип турган
илимий-техникалык жамаат илимий жана илимий-техникалык чөйрөдөгү негиз-
ги уюштуруучу звено болуп саналат. Илимий-техникалык жамааттардын ту-
руктуу бирикмелери илимий уюмдарды түзүшөт.
Инновациялык ишканалар жана уюмдар илимий-техникалык иштеп чыгуу-
ларды өндүрүшкө жайылтуу боюнча уюштуруу структурасы болуп саналат.
18-статья. Илимий кызматкерлердин укуктук абалы
Илимий кызматкер:
- өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө өзүнүн чыгармачы-
лыгынын эркиндигине кол салгандардан аны коргоого, интеллектуалдык мен-
чигин коргоого, илимий-изилдөөлөрүнүн натыйжаларын көз карандысыз экс-
пертизадан өткөрүүгө, мыйзамга карама-каршы келбеген түрдө ар кандай
илим-изилдөө ишинин натыйжаларын ишке ашырууга;
- алдыњкы илим-изилдөө мекемелеринде үйрөнүүдөн өтүү, аспирантура-
да жана докторантурада окуу, илимий конференцияларга катышуу аркылуу
илимий квалификациясын жогорулатууга;
- чет өлкөлүк кесиптештер менен илимий маалыматтарды алмашууга жа-
на биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, иштерин башка өлкөлөрдө жарыя-
лоого, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда үйрөнүүдөн өтүүгө жана иштөөгө;
- республикалык жана чет өлкөлүк илимий коомдорго кирүүгө жана
шайланууга;
- илим-изилдөө ишинин максаттарына жетишүү үчүн мыйзамдарда тыюу
салынбаган башка аракеттерди жасоого укуктуу.
Илимий уюмдардын уставдарында илимий кызматкерлер үчүн башка укук-
тар да аныкталышы мүмкүн.
Илимий кызматкерлердин милдеттери илимий уюмдун Уставы же конт-
ракттын (эмгек келишиминин) шарттары тарабынан регламенттелет.
Илимий кызматкердин укуктарын бузууга же анын мыйзамдарда же кели-
шимде каралган өз милдеттерин аткарбашына байланыштуу келип чыккан та-
лаштар сот тарабынан каралат.
19-статья. Изилдөөчүнүн көз карандысыздыгы
Изилдөөчү өзү изилдеп жаткан нерсенин багытын, темасын жана ыкма-
ларын эркин тандап алат жана өзүнүн илимий таламдарын жана илимди гу-
мандаштыруунун талаптарын жетекчиликке алат, буга анын жетишкендиктери-
нин мүнөзү жана багыты да кирет.
Изилдөөчүнү жана илимий коомчулукту илимди идеологиялаштыруудан,
илимий чөйрөгө кандай гана болбосун партиялык жана таптык таламдардын
таасиринен, бюрократтык кысым көрсөтүүдөн, изилдөө процессине иштин
көзүн билбей туруп кийлигишүүдөн коргоо гарантияланат.
Ар бир изилдөөчү өзү кызматтык мамилелерде болгон администрацияга
көз карандысыз, ага мамлекеттик, коомдук же башка фондулар тарабынан
субсидиялар (гранттар) түрүндө, конкурстук иштер же долбоорлор тарти-
бинде берилген иштерди финансылоого укуктуу.
Изилдөөчү алынган илимий жана техникалык натыйжаларга өзүнүн ав-
тордугун таанууну талап кылууга, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда
каралган учурларда аны тескөөгө укуктуу.
Мамлекет изилдөөлөрдүн натыйжаларын республикада жана чет өлкөдө
эркин жана өз убагында жарыяланышына көмөк көрсөтүп, изилдөөчүнүн эл
аралык илимий коомчулук менен ачык жана эркин байланыш түзүшүнө көмөк
көрсөтөт.
Изилдөөчү өзүнүн илимий таламдарына негизденип өзү каалаган
мөөнөткө каалаган мамлекетте өз иш ордун тандап алууга укуктуу.
Изилдөөчүлөр жамааттарга ассоциацияларга, бирликтерге жана башка
ыктыярдуу илимий бирикмелерге эркин жана өз алдынча бириге алышат, мый-
замдарда тыюу салынбаган ар кандай түрдөгү коммерциялык натыйжа алууга
багытталган көз карандысыз уюмдарды (фирмаларды, ишканаларды, акционер-
дик компанияларды, корпорацияларды) түзө алышат.
20-статья. Илимий-техникалык чөйрөдө контракттарды пайдалануу
Илимий кызматкерлер өз кызматтарын конкурстук же контракттык тар-
типте ээлешет.
Мамлекет контрактты (келишимди) илимий-техникалык чөйрөдөгү коом-
дук мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу каражат катары
тааныйт.
Изилдөө жамааты же айрым изилдөөчү тарабынан айкын проблеманы бел-
гилүү мөөнөттүн ичинде чечүүдө тиешелүү натыйжа алууну караган илим жа-
на техника чөйрөсүндөгү изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар басымдуу түрдө
контракттар боюнча уюштурулат.
Мамлекеттин муктаждыктары үчүн илимий жетишкендиктер жана иштеп
чыгуулар да контракттык негизде аткарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макул-
дашууларга жана келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка
мамлекеттердин юридикалык жактары жана жеке адамдары контракттардын
субъектилери болушу мүмкүн.
Илимий-техникалык уюмдар чет өлкөлүк адистер менен кошо алганда
кызматкерлерди жумушка контракт боюнча чакыра алышат жана эмгегин уюш-
туруунун жана акы төлөөнүн шарттарын өз алдынча аныктай алышат.
21-статья. Илимий кызматкерлерге акы төлөө
Илимий уюмдарда илимий кызматкерлерге акы төлөө Кыргыз Республика-
сынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана анын эњ жо-
горку өлчөмү чектелбейт.
Убактылуу изилдөө топторунун мүчөлөрүнө акы төлөө келишимдик не-
гизде жүзөгө ашырылат.
Илимий кызматкердин кошумча акы алуу менен убактылуу чыгармачыл
жамааттарга катышуусу, ошондой эле башка бир ишти аткарышы негизги иш-
теген жери боюнча өз милдеттерин аткаруу учурунда кошумча шарттар менен
чектелбейт.
22-статья. Жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлердин
жетишкендиктерине мамлекеттик түрткү берүү
Мамлекеттик илимий уюмдарда иштеген жогорку квалификациялуу илимий
кызматкерлердин жетишкендиктерине түрткү берүү моралдык түрткү
берүүлөрдү колдонуу, акы төлөө системасы жана социалдык, турмуш-тиричи-
лик чөйрөсүндөгү жењилдиктер системасы аркылуу камсыз кылынат.
23-статья. Илимий кызматкерлерди социалдык жактан коргоо
Мамлекет илимий кызматкерлерге шарт түзөт жана анын татыктуу ста-
тусун гарантиялайт жана аны:
илимдин докторлорун (профессорлорун) жана кандидаттарын мамлекет-
тик кызматкерлердин жогорку кызматтык категорияларына тењештирүү;
мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан илимдин докторлорунун (про-
фессорлорунун) жана кандидаттарынын жењилдиктерин колдонуудагы мыйзам-
дарга ылайык сактоо;
мамлекеттик мекемелерге иштеп жактан илимдин докторлоруна (профес-
сорлоруна) жана кандидаттарына эмгек отпускасын тиешелүү түрдө: 48 жана
36 жумуш күнү өлчөмүндө берүү;
эгерде илимий кызматкер илимий мекемелерде кеминде 10 жыл иштесе,
ага мамлекеттик квартираны акысыз приватташтыруу укугу менен берүү;
илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына кварти-
ра алган учурда болгон турак жай аянтынын нормасынан ашык тиешелүү
түрдө кеминде 20 чарчы метр жана 15 чарчы метр өлчөмүндө кошумча турак
жай аянтын бөлүп берүү;
илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына өзүмдүк
үй куруу, квартираны сатып алуу, багбанчылык-дача участокторун
өздөштүрүүгө жана башка социалдык, турмуш-тиричилик муктаждыктарына
жењилдик берүүчү кредиттерди берүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында регламенттештириле турган
башка шарттарды түзүү аркылуу коргойт.
24-статья. Илимий кызматкердин жоопкерчилиги
Илимий кызматкер жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн багыттуулугу, ык-
малары жана аныктыгы, алардын натыйжалары жана бул натыйжаларды или-
мий-техникалык прогрессти өнүктүрүүнүн, гумандуулукту, акыйкаттуулукту,
экологиялык коопсуздукту, турмушту сактоонун таламдарында пайдалануу
үчүн башка илимий кызматкерлердин, коомдун, мамлекеттин, адамзаттын ал-
дында жоопкерчиликте болот.
Өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткар-
баган илимий кызматкер мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Илимий кызматкер ошондой эле:
кесиптик этиканын нормаларын жана адеп-ахлактын эрежелерин бузган-
дыгы үчүн;
ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жооп
берет.
Эгерде илимий жамааттын түзүүчү документтеринде башкача аныкталба-
са, илимий жамаатка колдонуучу жоопкерчилик чарасы бир эле мезгилде
анын мүчөсүнө колдонулуучу жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет.
25-статья. Илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу жана аны
кубаттоо боюнча мамлекеттик саясат
Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүчү илимий-техникалык
кадрларды калыптандыруудагы мамлекеттик саясат коомдун интеллектуалдык
мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө, илимий жана техникалык маданиятты өнүктүрүүгө
жана жайылтууга, илимий-техникалык кызматкерлерди жањычылдыкка жана чы-
гармачылык жөндөмдүүлүктөргө тарбиялоого багытталган.
Мамлекет илимий эмгектин артыкчылыгын жогорулатууну, илимий-техни-
калык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык,
экономикалык жана адеп-ахлак жагынан корголушун камсыз кылат.
Мамлекет илимий-техникалык кадрларды мамлекеттик илимий мекемелер-
де жана окуу жайларында даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылып,
бул үчүн зарыл болгон каражаттарды жана материалдык ресурстарды бөлүп
берет, мыйзамга ылайык тиешелүү жењилдиктерди берет. Мамлекет кадрларды
окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырып жаткан мен-
чиктин ар кандай түрүндө болгон уюштуруу структураларынын иш жүргүзүшү
үчүн бирдей укуктук шарттарды түзөт.
Мамлекет таланттуу жаштарды издеп табуунун жана тандап алуунун,
жогорку окуу жайларынын, илимий уюмдар менен ишканалардын базасында
адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк мекемелерди калып-
тандыруу системасын түзүүнү камсыз кылат, жаштарды үйрөтүүгө, илимий
кызматкерлердин окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана
илим-изилдөө иштеринде, илим менен билим берүүнү интеграциялоонун башка
түрлөрүндө да иштешине көмөк көрсөтөт.
Мамлекет Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде или-
мий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана кайра
даярдоого көмөк көрсөтөт.
Мамлекет кадрларды аттестациялоонун системасын жайылтат жана ага
колдоо көрсөтөт, жогорку билим жөнүндө дипломдордун жана илимий даража-
лардын эл аралык дењгээлде эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына көмөктөшөт.
Мамлекет билим берүүнүн ар бир дењгээли үчүн билим берүү програм-
малары аркылуу ишке ашырылуучу илимий-техникалык илимдердин милдеттүү
минимумун белгилейт.
Мамлекет илим жана техника жагындагы эњ жогорку жетишкендиктер
үчүн мамлекеттик сыйлыктарды, өтө көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын
атындагы сыйлыктарды, илимди, технологияны өнүктүрүүгө, аларды
өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий-техникалык кадларды
даярдоодо артыкчылык көрсөткөн адамдар үчүн ардак наамдарды белгилейт.
Мамлекеттик эмес жана коомдук илимий-техникалык бирикмелер
өздөрүнүн уставдарына ылайык бул үчүн бюджеттик каражаттарды пайдалан-
бастан атайын сыйлыктарды жана наамдарды белгилеши мүмкүн.
26-статья. Илимий квалификациясын жогорулатуунун түрлөрү
Квалификациялуу илимий кадрлары жана материалдык базасы бар Кыргыз
Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана жогорку окуу жайлары
жана башка илимий мекемелери белгиленген тартипте кандидаттык жана док-
торлук диссертацияларды жактоо боюнча аспирантураларды, докторантура-
ларды, адистештирилген кењештерди түзүүгө, илимий кызматкерлерди
үйрөтүүдөн өткөрүүнү уюштурууга жана квалификациясын жогорулатуунун
башка түрлөрүн пайдаланууга укуктуу.
27-статья. Улуттук аттестациялоо комиссиясы
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы илимий жа-
на жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо
жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана илимий даражаларды
берүүнү, илимий наамдарды ыйгарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик борбор-
дук илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы өз ишин
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Улуттук аттес-
тациялоо комиссиясы жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык жүзөгө ашырат.
(КР 1999-жылдын 2-июнундагы N 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V бөлүм
Илим менен техниканын артыкчылык
берилүүчү багыттары
28-статья. Илим менен техниканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик
артыкчылыктарын аныктоо
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техника-
лык жактан өнүгүшүнүн анын ар кандай варианттарына милдеттүү түрдө тал-
доо берилген мамлекеттик экспертизанын, көз карандысыз эксперттердин
жана коомдук талкуунун корутундулары пайдаланылган комплекстүү божомол
илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилүүчү багыттарын анык-
тоо үчүн негиз болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү илим менен техниканы өнүктүрүүнүн ар
бир артыкчылык берилген багыты боюнча максаты, күтүлгөн экономикалык
жана социалдык натыйжалары, аны ишке ашыруунун натыйжасында өндүрүштө
келип чыгуучу структуралык өзгөрүүлөрү буга кетүүчү чыгашалар үчүн не-
гиздүү маалыматтары аныкталган илим менен техниканы өнүктүрүүнү тие-
шелүү багытынын концепциясынын иштеп чыгуучу мамлекеттик органдары жана
илимий мекемелерди аныктайт. Концепция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан каралат жана ал тарабынан жактырылгандан кийин или-
мий-изилдөөлөрдү өткөрүү, техника менен технологиянын жањы түрлөрүн
түзүү жана өздөштүрүү боюнча мамлекеттик илимий-техникалык программа-
ларды калыптандыруу үчүн негиз болуп эсептелет.
29-статья. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык
илимий-техникалык программалар
Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын
өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү таламдарына негизденип калыптандырылат жана
эњ маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталган.
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, коомдук илимий-техникалык прог-
раммалар илим менен техниканы өнүктүрүүнүн улуттук программаларын жана
артыкчылык берилген багыттарын ишке ашыруунун негизги каражаты болуп
эсептелет.
Мамлекеттик илимий-техникалык программалар конкурстук негизде тан-
далып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде
калыптандырылат жана ишке ашырылат.
Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү программаны өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн
жооптуу болгон башкаруу органын аныктап, программанын жетекчилерин да-
йындап, аларга зарыл болгон бийлик-укуктарын, анын ичинде ресурстарды
тескөө боюнча укуктарды берет.
Илимий-техникалык программаны башкаруу органынын укуктары жана
милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасы көп тараптуу же кош тараптуу келишимдердин не-
гизинде бул максаттар үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүнү эске
алуу менен мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп
чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
30-статья. Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ
Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ илимий-техникалык
иштин субъектилеринин фундаменталдуу изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, эреже
катары, мамлекеттик органдардын конкурстук долбоорлору боюнча мамлекет-
тик илимий-техникалык программаларга, ошондой эле илимий-техникалык иш-
ке колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттик фондуларга ылайык принцибинде
жањы технологияларды, илимий-техникалык продукцияларды иштеп чыгышы жа-
на өнүктүрүшү үчүн экономикалык жактан пайдалуу шарттарды камсыз кылат.
Мамлекет мамлекеттик заказды алууга болгон конкурстарды өткөрүүдө маа-
лымдуулукту камсыз кылат.
Мамлекеттик заказ финансылоо менен камсыз кылынат жана материал-
дык-техникалык ресурстар менен колдоо көрсөтүлөт жана аларды аткаруучу-
ларга конкурстук негизде берилет.
31-статья. Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза
Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза илимий-техникалык иш-
тин ажырагыс элементи болуп саналат жана илим менен техниканы
өнүктүрүү, тиешелүү илимий-техникалык программалар менен долбоорлордун
жана артыкчылык берилген багыттарынын структурасынын жана мазмунунун
илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий-техникалык ишти жүзөгө
ашыруунун социалдык-экономикалык жана экологиялык натыйжаларын аныктоо,
илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун натыйжалуулугуна тал-
доо жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын дењгээлин анык-
тоо максатында жүргүзүлөт.
Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коом-
дук уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле
айрым адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен
киргизилет.
Илимий кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий уюмдар менен
мекемелерди экспертиза өткөрүүгө тартуу контракттын (келишимдин) неги-
зинде жүзөгө ашырылып, анда экспертиза өткөрүүгө байланыштуу аракеттер
шартталат.
Экспертиза өткөрүүгө кетүүчү каражаттар илимий-техникалык ишти фи-
нансылоого кетүүчү жалпы чыгашалардын көлөмүндө каралат.
Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза органдарын уюштуруунун
жана анын ишинин тартиби жана алардын структурасы Кыргыз Республикасы-
нын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
VI бөлүм
Материалдык-техникалык жана маалымат
менен камсыз кылуу
32-статья. Илимий изилдөөлөрдү материалдык-техникалык жактан
камсыз кылуунун тартиби
Илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик бюджеттен финансылоо маселесин
чечүү учурунда, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана
өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүү жөнүндө маселе бир эле мезгилде каралат.
Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу илимий мекемелер тара-
бынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
33-статья. Илимий-техникалык маалымат системасы
Мамлекет илимий-техникалык маалымат системасын түзүү максатында
илимий-техникалык маалыматтардын бардык түрлөрүн алгачкы жыйноонун жана
иштеп чыгуунун борбордук жана аймактык тармактарын өнүктүрүүнү камсыз
кылып, информациялык продукцияны жайылтуу жана анын сапаттык дењгээлин
жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
Мамлекет маалыматтын, адабияттардын, мезгилдүү басма сөздүн мамле-
кеттик маалымат борборлоруна, илимий китепканаларга келип түшүшүнө за-
рыл болгон финансылык, анын ичинде валюталык колдоо көрсөтүүнү камсыз
кылып, алардын тармагын түзөт.
Мамлекет илимий-техникалык маалыматтын ачык болушуна, жалпы пайда-
ланылышына жана сакталышына көмөк көрсөтөт. Мамлекеттик, кызматтык же
коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматты жайылтууга жана аны алууга
чек коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
Маалымат системасынын иш жүргүзүшү Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дары тарабынан жөнгө салынат.
34-статья. Патенттик-лицензиялык иш
Өндүрүштүк менчикти жана ойлоп табууларды түзүүгө, коргоого жана
пайдаланууга байланыштуу укуктук жана экономикалык мамилелердин бүткүл
комплексин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдары жана
Кыргыз Республикасынын катышкан мамлекеттер аралык көп тараптуу же кош
тараптуу келишимдер жана макулдашуулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
35-статья. Илимий-техникалык чөйрөдөгү продукциянын метрологиясы,
стандартталышы жана сертификацияланышы
Илимий-техникалык чөйрөдөгү продукцияны стандартташтыруу, метроло-
гиялык жактан камсыз кылуу жана сертификациялоо Кыргыз Республикасынын
колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер
аралык көп тараптуу же кош тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга
ылайык жүзөгө ашырылат.
VII бөлүм
Илимди финансылоо
36-статья. Илимий-техникалык ишти финансылоо
Төмөндөгүлөр:
республикалык бюджет;
бюджеттен тышкаркы фондулар;
ишканалардын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана фондулардын,
чет мамлекеттердин жана граждандардын, жеке адамдардын каражаттары;
мамлекеттик жана коммерциялык банктардын кредиттери;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган илим-изилдөө,
басма, консультативдик жана башка иштен алынган өз каражаттары;
чет өлкөлүк инвестициялар илимий-техникалык ишти финансылоо булак-
тары болушу мүмкүн.
Мамлекет жалпы мамлекеттик маанидеги илимий-техникалык ишти бюд-
жеттин жана бул үчүн түзүлгөн мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фондулар-
дын эсебинен финансылайт, ошондой эле илимий-техникалык чөйрөнүн бардык
субъектилеринин инновациялык иши үчүн өз каражаттарынын жана тартылган
каражаттардын пайдаланылышына түрткү берет.
Илимий-техникалык иштин финансылык жактан камсыз кылуу башка бу-
лактардан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү сактоо, аны андан ары өнүктүрүүгө
көмөк көрсөтүү, илимдин, техниканын жана жањы технологиялардын өнүгүшүн
камсыз кылуу максатында мамлекет рыноктук конъюнктуранын термелүүлөрүн,
илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоонун туруктуу өсүп жаткан
көлөмдөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин че-
чими боюнча ар бир мезгилге (1 жыл) улуттук кирешенин көлөмүнө карата 3
процентке чейин төмөнкү дењгээл белгиленет.
Мамлекет илимий-техникалык иштин кайрымдуулук же келишимдик башта-
лыштарда жеке адамдардын же юридикалык жактардын каражаттарынын эсеби-
нен финансыланышынын жењилдик берүүчү шарттарын түзөт.
Мамлекет илимий инновациялык иште камсыз кылуу үчүн кредиттик ре-
сурстардын көлөмүн жана кредиттер боюнча жењилдик берүүнүн тартибин
жалпы же жењилдик берүүчү шарттарда аныктайт.
37-статья. Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоо
Төмөндөгүлөр:
фундаменталдуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар;
илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттарынын
чектеринде аткарылган иштер;
натыйжалары жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон прикладдык или-
мий-техникалык иштеп чыгуулар;
мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизиндеги илимий-техникалык
кызматташтыкка байланыштуу иштеп басымдуу түрдө бюджеттик каражаттардын
эсебинен финансыланат.
Илимий-техникалык иштерди бюджеттик финансылоо:
илимий мекемелерде жана жогорку окуу жайларында өткөрүлүүчү фунда-
менталдык изилдөөлөргө колдоо көрсөтүүчү каражат катарындагы базалык
финансылоо;
артыкчылык берилген багыттар, илимий-техникалык программалар боюн-
ча илим изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды максаттуу финансылоо;
гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды
контракттык финансылоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоонун базалык, максаттуу
жана контракттык жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, же болбо-
со Өкмөт тарабынан бийлик-укугу берилген мамлекеттик орган тарабынан
көз карандысыз эксперттик кењештердин корутундуларынын негизинде анык-
талат.
Гранттар боюнча алынган илим-изилдөө иштерине кетүүчү финансы ка-
ражаттарын тескөө теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси
тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макул-
дашуулардын негизинде калыптандырылган жана ишке ашырылып жаткан или-
мий-изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды финансылоо
үлүштүк катышуу тартибинде ишке тиешеси бар тараптардын ортосунда кели-
шимдик негизде жүзөгө ашырылат.
38-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу
Илим менен техниканын артыкчылык берилген жана жањы багыттарын
өнүктүрүүнү камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө жайыл-
туу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында, же Өкмөт тарабынан
бийлик укугу берилген органдын алдында Улуттук илимдер фондусу түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттары:
фундаменталдуу, иликтенүүчү (кооптуу) прикладдык илимий
изилдөөлөрдү жана республикалык максаттуу илимий-техникалык программа-
ларды финансылоого;
республиканын регионалдык илимий борборлоруна илимий-техникалык
мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айрым окумуштууларга жардам көрсөтүүгө;
илим менен техниканын келечектүү жана жањы багыттары боюнча илимий
кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга багытталат, буга кадр-
ларды чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо кирет.
Улуттук илимдер фондусунан каражаттарды алууда фундаменталдуу или-
мий изилдөөлөргө артыкчылык берилип, аларды финансылоого Фондунун кара-
жаттарынын басымдуу көпчүлүгү жумшалат.
Менчигинин түрүнө карабастан илим-изилдөө мекемелерине, жогорку
окуу жайларына жана башка уюмдарга, ошондой эле айрым изилдөөлөргө кон-
курс тартибинде, көз карандысыз экспертизанын негизинде Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттарын алууга бирдей жол бе-
рилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу жөнүндө Жобо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
39-статья. Илим менен техниканын борбордоштурулган бюджеттен
тышкаркы фондусу
Тармактар аралык илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди
өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Өкмөт тарабынан бийлик укугу берилген
орган Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча борбордоштурулган
бюджеттен тышкаркы фондусун түзөт.
Тиешелүү тармактык министрликтердин, жана административдик ведомс-
тволордун ишканалары менен уюмдарынын чегерүүлөрү, маалыматтык кызмат
көрсөтүүлөрдүн, маалымат берүү бастырып чыгаруу ишинин эсебинен алынган
каражаттар, акчалай каражаттардын башка булактары илим менен техниканын
борбордоштурулган бюджеттен тышкаркы фондусун түзүүнүн булагы болуп
эсептелет.
Фонду жогорку технологияларды, тажрыйбалык өндүрүштөрдү түзүүгө
байланыштуу иштерди финансылайт.
40-статья. Илимий изилдөөлөрдүн регионалдык жана тармактык
фондулары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар зарыл болгон учурда или-
мий изилдөөлөрдүн регионалдык фондуларын түзүшөт.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ве-
домстволор зарыл болгон учурда илимий изилдөөлөрдүн тармактык фондула-
рын түзүшөт.
41-статья. Жамааттык жана кайрымдуулук фондулары
Мамлекеттик органдар, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, бирик-
мелер, уюмдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жеке адамдар
ыктыярдуу негизде илимди өнүктүрүү жана илимий кызматкерлерге колдоо
көрсөтүү үчүн жамааттык же кайрымдуулук фондуларын түзө алышат.
42-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруунун
финансы-кредиттик таянычтары
(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мамлекет илимий-техникалык ишти натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн эко-
номикалык ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында финансы-кредиттик таяныч-
тарды:
инновациялык фондуларды түзүү, менчиктин ар кандай түрүнө негиз-
делген коммерциялык инновациялык банктарды, илимий-техникалык ишти кам-
сыздандыруу системасын уюштурууга жана алардын ишине көмөк көрсөтүү;
жењилдик берүүчү кредит берүүнү, илимий-техникалык прогресстин ар-
тыкчылык берилген багыттары боюнча иш жүргүзүп жаткан, ошондой эле ка-
ражаттарын инновациялык фондуларга жөнөтүп жаткан ишканалардын, бирик-
мелердин жана уюмдардын негизги фондуларынын тездик менен амортизация-
ланышын жүзөгө ашыруу;
окуу жайларын илимий-техникалык уюмдарды жана мекемелерди
өздөрүнүн илимий-техникалык ишинен түшкөн валюталык каражаттарды Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик валюталык фондусуна жана жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялардын валюталык фондуларына чегерүүдөн бошотуу ар-
кылуу колдонот.
Илимий-техникалык иштин субъектилери үчүн салыктык жењилдиктер
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленет.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)
43-статья. Прикладдык илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө,
долбоорлоо-конструкторлук жана технологиялык иштерге
жана алардын натыйжаларын өндүрүштө өздөштүрүүгө
мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Өндүрүштө реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу
үчүн жањы техниканы жана технологияларды түзүүгө, өздөштүрүүгө жана
кењири жайылтууга багытталган прикладдык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар
рыноктук механизмдерди жана мамлекеттик түрткү берүүчү таасирин пайда-
лануу аркылуу айкын заказчы менен басымдуу түрдө келишимдик негизде
жүргүзүлөт.
Мамлекет илимий-техникалык прогресстин артыкчылык берилген багыт-
тары боюнча жүргүзүлүп жаткан прикладдык изилдөөлөргө жана иштеп чыгуу-
ларга финансылык колдоо көрсөтүп, ишке тиешеси бар ишканалар жана уюм-
дар менен пайлык негизде бюджеттик каражаттардын эсебинен экологиялык
коопсуздуктун маселелерин чечет.
Ишканалар, бирикмелер жана уюмдар толук чарбалык эсепте болгон
учурда мамлекет алардын өз пайдасын илимий-техникалык иштерди финансы-
лоого пайдаланышына, алардын ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрүнө
ылайык өндүрүштүн техникалык дењгээлин жана продукциянын сапатын жого-
рулатуу боюнча активдүү иштешине, техниканын принцибинде жањы түрлөрүн
жана ресурстарды сактоочу экологиялык жактан коопсуз технологияларды
түзүшүнө жана өздөштүрүшүнө, ойлоп табууларды пайдаланышына көмөк
көрсөтөт. Бул ишке түрткү берүү максатында менчигинин түрүнө карабастан
ишканаларга, бирикмелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте жењилдик-
тер берилет.
Илимий-техникалык мүмкүнчүлүгү өнүккөн жана өндүрүштүн маданияты
жогору болгон ишканалар, бирикмелер жана уюмдар илимий-техникалык прог-
ресстин артыкчылык берилген багыттарын ишке ашырууга байланыштуу мамле-
кеттик заказды алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат. Бул контракт-
тарды (келишимдерди) аткаруу үчүн чакан инновациялык уюмдар жана ишка-
налар тартылат.
Мамлекет өндүрүштүн техникалык дењгээлин жогорулатуудагы жана тех-
ника менен технологиялардын жањы муундарын түзүүдөгү инженерлердин,
технологдордун, жогорку квалификациялуу жумушчулардын өзгөчө ролун эске
алып, бул кесиптердин артыкчылыгынын коом тарабынан таанылышына, эмгек-
тин сапатына жана квалификациясына ылайык моралдык жана материалдык
түрткү берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
44-статья. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо
Кыргыз Республикасы илим жана техника чөйрөсүндө өзүнүн ишин
жүзөгө ашырып жаткан менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканаларга
жана уюмдарга бирдей шарттарды камсыз кылуу аркылуу инновациялык ишти
мамлекеттик коргоону; ишканалар тарабынан алынуучу мамлекеттик заказ-
дардын бир бөлүгүн чакан инновациялык ишканалардын ортосунда
бөлүштүрүүнү; инновациялык ишти республикалык, регионалдык жана башка
инновациялык фондулар аркылуу финансылоону гарантиялайт.
45-статья. Мамлекеттик инновациялык фонду
Кыргыз Республикасында илим менен техниканы өнүктүрүүнү жана анын
жетишкендиктерин пайдалануу камсыз кылуу боюнча иш-чараларды финансылоо
жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик ин-
новациялык фонду түзүлөт.
Мамлекеттик инновациялык фонд мамлекет тарабынан илимий-техникалык
ишке колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын, юридикалык
жактардын жана жеке адамдарынын төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт.
Мамлекеттик инновациялык фондуга ишканалар менен уюмдардын төлөм-
дөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү
ушул фонду жөнүндөгү Жобого ылайык өлчөмдөрдө эсептелип чыгарылат жана
продукциялардын өздүк наркына таандык кылынат.
Илим менен техниканы өнүктүрүүнү материалдык жактан камсыз кылуу
жана анын жетишкендиктерин пайдалануу маселелерин оперативдүү чечүү
үчүн Кыргыз Республикасында Материалдык-техникалык жана сырьелук ре-
сурстардын мамлекеттик резерви түзүлүп, ал Мамлекеттик инновациялык
фондунун ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Аталган резервдин
ресурстарынын көлөмү мамлекет тарабынан илимди жана техниканы өнүктүрүү
муктаждыктарына бөлүнүүчү материалдык-техникалык жана сырьелук ресурс-
тардын 10 процентинен кем болбоого тийиш.
Бул фонду жөнүндө Жобого ылайык илимий-техникалык чөйрөдөгү мамле-
кеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдары мамлекеттик ин-
новациялык фондунун каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстар-
ды бөлүштүрүүчүлөр болуп эсептелет.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)
46-статья. Инновациялык банктар
Инновациялык ишти финансылык жактан камсыз кылуу үчүн мамлекеттик
органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, уюмдар жана граж-
дандар инновациялык банктарды түзө алышат.
VIII бөлүм
Эл аралык кызматташтык
47-статья. Мамлекет жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтык
Мамлекет эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкка колдоо
көрсөтүп, зарыл болгон укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана
эгерде бул мамилелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына
карама-каршы келбесе, илимий-техникалык иштин субъектилери тарабынан эл
аралык илимий коомчулуктар менен эркин жана тењ укуктуу мамилелерди
жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтөт.
Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык:
биргелешкен илимий изилдөө иштерин, кооперациянын негизинде техни-
калык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техника-
лык программаларды жүргүзүү;
жалпы координациялоочу макулдашуулар боюнча изилдөөлөрдү жана иш-
теп чыгууларды жүргүзүү;
тараптардын бири чет мамлекеттин уюму же эл аралык уюм болуп эсеп-
телген макулдашууда каралган иштерди аткаруу;
эл аралык илимий уюмдарды, борборлорду, убактылуу жамааттарды тү-
зүү, илимий уюмдардын ишине тартылган чет өлкөлүк инвестициялар бажы
жыйымдарынан бошотулат;
адистердин эл аралык жамааттарында, эл аралык институттарда жана
эл аралык жана биргелешкен ишканалар менен уюмдарда биргелешкен
изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, илимий-техникалык иштин
субъектилеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык
продукцияга болгон менчикти пайдалануу;
илимий-техникалык маалыматтарды өз ара макулдашууну жүзөгө ашыруу,
биргелешкен мамлекеттер аралык маалымат фондуларын, маалыматтардын
банктарын пайдалануу;
эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;
илимий-техникалык жана окутуучу кадрларды, студенттерди жана аспи-
ранттарды бири-бирине жиберүү, ошондой эле адистерди биргелешип даярдоо
аркылуу жүзөгө ашырылат.
Илимий-техникалык иштин субъектилери колдонуудагы мыйзамдарга ыла-
йык эл аралык программаларды аткарууга катыша алышат жана чет өлкөлүк
уюмдар жана фирмалар менен макулдашууларды түзө алышат, чет өлкөлүк жа-
на эл аралык илимий коомчулуктарга, ассоциацияларга жана бирликтерге
алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша алышат, чет өлкөлүк уюмдар жана
фирмалар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана
башка иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөгө бара алышат.
Кыргыз Республикасынын аймагында алынган эл аралык илимий иштин
натыйжаларын республика акысыз пайдаланууга укуктуу.
Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)
48-статья. Тышкы экономикалык иш
Илимий уюмдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тышкы экономикалык
ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Түшкөн валюталык каражаттар бюджетке алы-
нып коюлбайт жана илимдин системасын өнүктүрүүгө жана анын материал-
дык-техникалык базасын чыњдоого жумшалат.
49-статья. Чет өлкөлүк илимий уюмдардын Кыргыз Республикасынын
аймагында иш жүргүзүшү
Чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын Кыргыз Республи-
касынын аймагында иш жүргүзүүсү мамлекеттер аралык келишимдер, өкмөттөр
аралык макулдашуулар, Улуттук илимдер академиясынын жана илимди жана
илимий-техникалык ишти мамлекеттик башкаруу органдарынын эл аралык ке-
лишимдери тарабынан жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев