Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2008-жылдын 2-сентябры ПЖ № 314
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар
боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын курамы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын курамы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча орун басары, Комиссиянын катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун директору;
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин экономикалык теория кафедрасынын башчысы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Ош шаарынын мэри;
- Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |