Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 25-февралы ПЖ № 86
Кыргыз Республикасынын региондорун
социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү
камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын финансылык абалын чыңдоо, региондордун экономикалык абалынын реалдуу көрсөткүчтөрүн аныктоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине, "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-статьясына ылайык токтом кылам:
1. "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн жергиликтүү ресурстарды иштетүү жана казып алуу жерлери боюнча салыктарды жана жыйымдарды төлөшү Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу чаралардын бири деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 3 айлык мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келин чыккан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, мында төмөнкүлөр каралсын:
облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте региондордун жергиликтүү ресурстарын иштеткен жана казып алган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн тизмесин иштеп чыгуу;
аткаруу бийлик органдары тарабынан жогоруда келтирилген тизмеге ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн кайра каттоо;
- жогоруда аталган ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кабыл алышы менен аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |