Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 8-сентябры ПЖ № 324
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана
башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын
белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана
альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерин
запаска бошотуу, ошондой эле 2008-жылдын
октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат
өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.
2. 2008-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек жарандар, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон улуу чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |