Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 29-майы ПЖ № 187
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы
Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгы жөнүндө
Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын укуктук мамлекеттин жана жарандык коомдун негиздерин калыптандыруудагы, адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуудагы маанилүү ролун таанып,
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга зор маани берип,
демократиялык кайра түзүүлөр жана эларалык шериктештик тарабынан жалпы таанылган стандарттар жагында Кыргызстандын жетишкендиктерин жайылтуу максатында токтом кылам:
1. 1948-жылы Бириккен Улуттар Уюму адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин (тиркелет).
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-аракеттин планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бириккен Улуттар Уюму адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү үчүн финансы каражаттарын издеп тапсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-майындагы № 187 жарлыгы менен бекитилген |
Бириккен Улуттар Уюму адам укуктарынын Жалпы Декларациясын
кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларды
даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Чудинов Игорь Витальевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы:
Сыдыкова Светлана Калдарбековна - Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), уюштуруу комитетинин төрагасы-нын орунбасары (макулдашуу боюнча);
Бекбоев Замир Исакович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-министрациясынын Жетекчисинин орунбасары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орунба-сары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Айдаралиев Искендербек Рысбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Бешимов Бактыбек Жолчубекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Болжурова Ишенгүл Садыковна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Мураталы ажы Жуманов - Кыргызстан мусулмандар муфтийинин азрети (макулдашуу боюнча);
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Жоробекова Шарипа - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Иминов Махамаджан Саитович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыз кылуу жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Карабаев Эднан Өскөнович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Калимбетова Тажикан - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Курманов Зайнидин Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Карпекович конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ошурахунова Динара Мажановна - "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Отец Владимир - Бишкек архиепископу (макулдашуу боюнча);
Рахманов Төлөгөн Рахманович - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Рыскулов Ислан Абдыбачаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Сатаров Улан Мелисович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн
башчысынын орунбасары;
Султаналиева Гүлжамал Тиленбаевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Темирбаев Курманбек Токтосунович - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Эшимканов Мелис Асаналиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу.