УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 30 марты № 134/ХIХ – 25
Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Респуликасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитуу жөнүндөгү 12- беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн 1 адамга ( жеке ишкер үчүн) – 60 (алтымыш) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак үчүн) – 100 (жуз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын 1 апрелине чейин төлөө мөнөөтү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы –К.Макашовага жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төраганын орун басары |
К.Бегалиев
|