ТоктомКүчүндө

Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 134/ХIХ – 25 «Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция30.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012 жылдын 30 марты № 134/ХIХ – 25

Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Респуликасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитуу жөнүндөгү 12- беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн 1 адамга ( жеке ишкер үчүн) – 60  (алтымыш) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак үчүн) – 100 (жуз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын 1 апрелине чейин төлөө  мөнөөтү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы –К.Макашовага жүктөлсүн.

 

Узун-Кыр айылдык округунун

кеңешинин төраганын орун басары

 

К.Бегалиев