Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 29-марты № 18/III-26
2013- жылга Узун-Кыр айылдык округунун калкка көрсөткөн тейлөө кызматына коюлган баанын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамынын 47- беренесине ылайык, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү болушун камсыз кылуу үчүн, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн туруктуулугун жана аткаруу бийлигинин органдарынын аракетин күчөтүү максатында,Узун- Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун Кыр айылдык округунун калкка көрсөткөн тейлөө кызматына коюлган баанын тизмеги бекитилсин. ( № 1 тиркеме)
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун Кыр айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Абиров
|
| Узун-Кыр айылдык округунун кенешинин 2013 жылдын 29 мартындагы № 18 чи токтому менен бекитилсин |
Узун-Кыр айылдык округунун калкка көрсөткөн тейлөө кызматына коюлган баанын тизмеги
№ | Тейлөө кызматы | ченем бирдиги | баасы | |
| 1. Ар түрдүү аныктамалар |
|
| |
1 | Жашагандыгы тууралуу аныктама | 1 даана | 10 сом | |
2 | Үй- бүлөсү тууралуу аныктама | 1 даана | 10 сом | |
3 | Ф-3 чү аныктама (паспортун жоготкондо, айыл чарба азык түлүгүн өткөрүүдө) | 1 даана | 10 сом | |
4 | Ф-51чи аныктама (нотариалдык мекемеге мураска алуу тууралуу, кредит алуу үчүн) | 1 даана | 10 сом | |
5 | Жер салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча карызы жок тууралуу аныктама | 1 даана | 10 сом | |
6 | Жердин иш кагаздарын алуу үчүн аныктама | 1 даана | 20 сом | |
| 2. Мал тууралуу аныктамалар |
|
| |
1 | Жылкы, ири мүйүздүү малы бар экени тууралуу аныктама | 1 баш | 10 сом | |
2 | Кой, эчкиси (чочко) бар экени тууралуу аныктама | 1 баш | 10 сом | |
3 | Канаттуу жандыгы бар тууралуу (үндүк, тоок, каз, өрдөк, ж. б) аныктама | 1баш | 5сом | |
| 3.Жер тилкеси бар же жок экендиги тууралуу жана паспорттук бөлүмдүн кызматын бириктирүү менен берилген аныктама |
|
| |
1 | Архитектура | 1 даана | 10 сом | |
2 | Мамлекеттик каттоо мекемеси | 1 даана | 10 сом | |
| Калкты каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу | 1 даана | 20 сом | |
| Чечимдер, актылар жана уруксат берүү иш кагаздары |
|
| |
1 | Үй куруу үчүн берилген жер тилкесин бөлүп берүү | 1 даана | 100 сом | |
| Юридикалык жакка жер тилкесин жеке менчикке бекитип берүүгө уруксат берүү | 1 даана | 100 сом | |
| Үйүнүн жанындагы жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө (курулушуна жараша) | 1 даана | 100 сом | |
| Павильон, дүкөн жана турмуш-тиричилик түйүндөрүн коюу үчүн жер тилкесин бөлүүгө уруксат берүү | 1 даана | 100 сом | |
| Дыйкан чарба түзүү үчүн чечим | 1 даана | 100 сом | |
| Жер тилкесин жеке менчикке бекитүүгө уруксат берүү жана ТЭК ти бекитүү | 1 даана | 100 сом | |
| Жарнамалык тактайларды орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүүгө уруксат берүү | 1 даана | 100 сом | |
| Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабына соода түйүндөрүнүн жооп бере тургандыгын аныктоо комиссиясынын протоколу же бүтүмү | 1даана | 100 сом | |
| Жер тилкесин ченөө жана бөлүп берүү үчүн талаага чыгуу: 1. Короо жай тилкеси 2. Жер үлүшү |
1 сот. 1 га |
50 сом 50 сом | |
| Муниципалдык менчиктеги имараттардын ичин ижарага берүү | 1кв. м | 50 сом | |
| 5.Айылдык округдун көрсөткөн тейлөө кызматынын тарифине кошумча |
|
| |
| Токтомдун, чечимдин, буйруктун көчүрмөлөрү | 1 даана | 50 сом | |
| Келишим түзүү | 1 даана | 50 сом | |
3. | Протоколдун көчүрмөсү | 1 даана | 20 сом |
4. | Үй китепчесинен көчүрмө | 1 даана | 5 сом |
5. | Каттоо китепчесинен көчүрмө | 1 даана | 5 сом |
6. | Коюлган колун тастыктоо | 1 даана | 50 сом |
7. | Иш- кагаздарынын көчүрмөсүн тастыктоо | 1 даана | ом |
| Узун-Кыр айылдык округунун коомдук маалымат берүү борборунун тейлөө кызматынын баасы |
|
|
1. | Иш -кагаздарын чыгаруу | 1 даана | 3 сом |
2. | Көчүрмөсүн чыгаруу | 1 даана | 3 сом |
3. | Интернет | 1 саат | 35 сом |
4. | Иш -кагаздарынын текстин терүү | 1 барак | 30 сом |
5. | Компьютерде иштөө | 1 саат | 30 сом |
6. | Сканерлөө | 1 барак | 15 сом |
7. | ИКТ боюнча окутуу | 1адам/саат | 50 сом |